Пример HTML-страницы

Бычак мизиндеги жашоо 9 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=44683&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бычак мизиндеги жашоо 9 бөлүм.

 

Бир топтон кийин Адыл ага:

– Самат, өзүң жалгыз кантип коркпой келдиң?- деди.

– Чынын айтайын, адегенде Карагандага абалды байкайын деген эле ойдо келгем. Анан бир топ күн резиденцияны күзөттүм. Катаал күзөтүү жок экенин билгенден кийин сизди куткарып кетүүгө көзүм жетти. Бул шансты колдон чыгаруу мүмкүн эмес болчу.

– Рахмат, иним, көйгөйлөрдү чечип алалы биринчи, анан сүйлөшөбүз калганын. Баары бир уктай албайт окшойм, уктайын десем эле өзүмдү капаста жаткандай сезип жатам. Самат, сен айдай бер. Жол узак, мен сага мындай жашоого кантип аралашып калганымды, башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берейин. Сен менин иним болуп калдың,- деп өмүр баянын айтууга киришти. Бирде кабагы түйүлүп, бирде жылмайып, бирде ой басып тагдырын баяндап баратты Адыл ага:

– Ата-энем Союз маалында Карагандада алтын комбинатта иштечү, бардар жашачубуз. Жокчулук эмне экенин билбей, эски же жыртык кийим кийбей өстүм. Мектепти бүтүп аскерге кеттим, Рязандагы десанттык бөлүктө кызмат кылгам. Аскердик милдетти өтөп бүтөрүмө 1 ай калганда Союз ыдырап кеткен. Аскерден келип атам катуу ооруп калганын билдим, мени кыжалат болбосун деп айтышпаптыр. Алтын комбинатта зыяндуу заттарды изилдөөчү лабораторияда иштегендиктен ден соолугу кетиптир. Бир жарым жыл мурун иштен чыгып, дарыланып жүргөнүн укканда катуу тийди. Дайыма зыңкыйып, сүрдүү жүргөн атамды ооруп төшөктө жатып калат деп такыр ойлогон эмесмин. Бир жылдан бери көрүнбөгөн дарыгери, каккылабаган эшиги калбаптыр. Дарыланууга көп акча керек болуп, шаардагы төрт бөлмөлүү батирди сатып, шаар четиндеги чакан жер үйдө жашап жатышкан экен. Бул арада комбинатта кыскартуулар болуп, апам да иштен бошотула турган болуп калганда атамдын ооруп жатканын айтышып, араң ишин сактап калыптыр. Баягы бардар жашоо жок, төрт бөлмөлүү чакан үй көзүмө бир башкача көрүнүп маанайым түштү.

Оору деген оору, атам арыктап жүдөп калыптыр. Аны караган апамдын көрүнүшү да аянычтуу болчу. Иштейин десем ылайыктуу иш чыкпай аргам түгөндү. Акыры апам суранып жүрүп өзү иштеген комбинаттын коопсуздук кызматына мени ишке киргизди. Бир сутка иштеп, үч сутка бошмун. Айлыгы деле жарыбаган сумма болчу, бирок ал кез айлык чана турган убак эмес эле да. Бош күндөрү ар кандай иште жалданып иштеп, кошумча акча табам. Атам комбинатта иштеп турганда кадырлуу киши болгону менен, дарылануусуна деп акчалай жардам беришпеди. Кээде мен тааныбаган кишилер келип ал-жайын сурап, мөмө-чөмө таштап кетишчү.

Иштегениме жарым жылдай болгондо комбинаттын базасында жаңы ишкана түзүлүп калды. Жетекчиси Нартай Калыкович деген киши эле. Бир күнү түнкү саат үчтөрдө ишканага капкара жол тандабас минип келип калды, күзөттө мен болчумун. Бөлмөдөн чыккыча күтпөй сигнал басып шаштыны кетирди. Тартип боюнча, эртең мененки саат жетиге чейин ишканага бир да адам кирип, бирөө да сыртка чыкпашы керек. Унаанын жанына барсам айнегин түшүрдү эле, ичтен арактын жыты “бурр” дей түштү. Тиги жетекчи учурашкан да жок, шылдыңдап буйрук бере сүйлөдү:

– Эй, кумурска, ач дарбазаны! Эмне, Кудайыңды тааныбай калдыңбы?- деп каткырып күлдү. Жанында дагы бир адам отуруптур, анысы кошо каткырып күлүп калды. Арткы орундукта жапшаш эки кыз отурат, баары кызуу экени көрүнүп турат. Алар арт жактан коштоп калышты:

– Кумурска? Ха-ха-хаа… Нартай ага, кана, күчүңүздү көрөлүчү,- деп шыңкылдап күлүштү.

Бул Нартай деген комбинатка ишке жаңы киргенде атамдын колунда бир жылдай иштеген. Мени бул жерге жумушка апам ушул адам аркылуу киргизген. Тигинтип

“кумурска” деп шылдыңдап турса, өзүмдү араң кармадым. Дарбаза ачпайм десем сөгүп, жаңжал салмак. Ачып киргизип жибердим.

Бул окуядан көп өтпөй, атамдын оорусуна керек күчтүү дары табылып калды. Бирок кымбат экен, акча издеш керек. Атамдын

“барба” дегенине болбой ушул Нартай Калыковичке бардым.

– Нартай Калыкович, билесиз, атам көптөн бери ооруп жатат. Керектүү дары табылды, бирок кымбат болууда. Акча бере турсаңыз, айлыгымдан төлөп кутулам,- дедим.

Мени бир топко тиктеп турду да, “ойлонуп көрөйүн, эртең кел” деди. Бул жооп мага

“макул, берейин” дегендей угулуп, апама сүйүнчүлөп жибердим. Эртеси жолуксам көңүл кош гана “иним, акча болбой калды, бере албайм” деп, ошол маалда кабинетине кирип келген адамдар менен учурашып, алар менен бир нерселерди сүйлөшө баштады. Ызам келип, кабинетинен атып чыктым. Кийин жанагы жер үйүбүздү күрөөгө коюп бирөөдөн акча таап, дарыны алганбыз. Атам ошону ичип жакшы болуп кетти. Жайлоого барып жайы менен саамал, кымыз ичип, күздө кадимкидей өзүнө келди. Атамдын “кайра иштейм”

дегенине апам экөөбүз болбой койдук. Нартай Калыковичтин баягы мамилесин көпкө чейин унута албай жүрдүм.

Коопсуздук кызматынын башчысы Пётр Иванович деген киши эле. Анын тилин таап, колуна акча берип жатып ишкананын башка бөлүгүнө которулуп алдым. Ал жакта иштегендер айлыгын айтышпайт эле, бирок жакшы төлөнөрүн билчүмүн. Анткени анда иштеген жигиттер тез эле үй, машина алып бутуна туруп кетишчү. Бул жай негизги пост, таза алтынды ушул бөлүктүн цехине алып келишип калыптарга куюп, номерлерди басып, андан ары банктарга алып кетишчү. Ал жерге кирип чыккандар атайын сканерден өтүшчү, адамда кымындай алтын болсо аппарат чыйылдап жиберет. Алтын уурдоо дегеле мүмкүн эместей. Жаңы бөлүктө иштегениме бир ай болоюн деп калган, бир күнү иштен чыксам артымдан Санёк деген орус бала унаасы менен жете келип, “үйүңө жеткирип коёюн” деп салып алды. Демейде минтчү эмес, бир нерсе айтарын же сурай турганын дароо сездим. Үйгө жеткиче унчуккан жок, жетип эми унаадан түшөрдө:

– Адыл, токтосоң, сенде сөз бар,- деп калды. Сөздү эмнеден баштаарын билбей ыңгайсыздана түштү эле:

– Санёк, айта бер. Мени билесиң, ачык сүйлөшкөндү жактырам. Сыр болсо экөөбүздүн ортобузда эле калат,- дедим ага ишеним бере.

– Билем, ошон үчүн сага айтайын деп жатам. Адыл, сөздүн ачыгы, сени көпкө чейин байкап жүрдүк. Ишеничтүү, сатып кетпей турган баласың. Кыскасы, комбинаттан алтын алып чыгабыз, ага сенин жардамың керек,- деди да, эмне дээр экен дегендей түр менен тиктеп калды. Күтүүсүз сунуш уккансып чочубадым, кубанып да кетпедим, жөн гана кандай жардам керектигин сурадым. Кыскасы, жигиттер алтын уурдап чыгышарын, күзөттө турган мен эмне кыларымды, текшерүү болуп калса эмне деп жооп беришим керектигинен бери айтты. Акырында “азыр уурдабасаң жашай албайсың” деп менден жооп күтүп калды. Муктаждык эмне гана кылбайт, сунуштан баш тарта алган жокмун. Анын үстүнө атамды толук дарылатууга да акча керек болчу. Жигиттер өз ишин кылып, менин үлүшүмдү берип жатышты. Бир жолку эле үлүшүм айлыгымдан эки эсе көп акча болчу. Тез эле акча топтоп, үй-жайды жаңылоого жетиштим.

Алтын уурдаган командадагы жигиттер шаарда тез-тез жолугуп турабыз. Бир күнү Артём деген шеригибиз мени үйүнө чакырып калды. Ичимдик ичтик, бактын ичинде көпкө сүйлөшүп отурдук. Жөн чакырган жок, азыр бир иштин башын чыгарат деп күтүп жаттым. Жаңылбаптырмын, бир убакта Артём оюндагы сунушун ортого салды:

– Адыл, карьерде үч-төрт куюлма алтын бар. Салмагы бир килограммга барып калат чамасы, ошону алып чыгыш керек. Жолун тапсак болобу?..

– Азыр бир нерсе айта албайм. Жообун кийинчерээк берейин,- дедим сөздү атайын башкага буруп. Унчукпай, бир топко ойлонуп калды. Артём ишеничтүү эле жигит, алдабайт. Карьер тоонун арасында эле. Аянт айлантып аябай зым менен тосулуп, ар бир элүү метр жерде бирден кароол мунара орнотулган. Тегерете камералар да орнотулуп, ар бир 50 метрде бирден күзөтчү турат. Бир караганда бул жерден жашырып бир нерсе алып чыгып кетүү мүмкүн эместей.

Карьерде куюлма алтындар үч-төрт даана деп жатса, демек, андан башка да бар. Алтын таап алгандар “бир күнү алып чыгып кетем” деп бекитет да баары бир. Алысты көз алдыңа даана көрсөткөн жаңы дүрбү сатып алып, карьердин маңдайындагы тоого чыгып алып үч күн дүрбү салып байкаштырдым. Карьердин адам барбаган жагында түлкү, жолбун ит-мышык көп жүрөт экен. Түлкүлөр адамдарга жакындабайт, ит-мышыктар күзөтчүлөрдүн жанына чейин коркпой-үркпөй келип, кайра кетишет. Күзөтчүлөр да көнүп бүткөн го, аларга көңүл бурушпайт деле. Башыма бир ой келди…

 

 

Эртеси базардан немистердин жаш, күчтүү овчаркасын сатып алдым да, апийим таап иттин тамагына аз-аздан кошуп бере баштадым. Ит тез эле көнөт экен апийимге. Кадимки тамакты бара-бара апийимсиз жебей калды. Тамакты убагынан бир аз кечиктирсең ырылдап, буулугуп, агрессивдүү болуп каларын байкадым. Иттин көзүн көндүрүү үчүн тамакты такай кызыл кийимчен алып барып жаттым.

Бир топ күндөн кийин сынап көрөйүн деп, итти ээрчитип алып тоого чыктым. Аны катуураак тартса үзүлүп кете турган жип менен бир жерге байлап, өзүм аркы беттеги адырга өтүп иттин апийим жей турган маалын күтүп турдум. Сааты келгенде кызыл курткачан ачык жерге чыксам дароо көрүп, жибин бир тартып үздү да, мени көздөй жөнөдү. Дүрбү салып карап турдум да, алтынды цехтен ушул иттин жардамы менен алып чыкса болоруна көзүм жетти. Ушинтип убакыт таап, бир нече күн сынап көрдүм. Туура жыйырма күн дегенде Артёмду чакырып жагдайды айтсам ишенбей койду. Кантип эле итке ишенүүгө болсун деп туруп алды. Акыры аны кошуп алып тоого чыгып, үйрөнүп калган иттин абалын көрсөттүм. Ошондо гана ишенип, менин тапкычтыгыма ыраазы боло каткырды.

– Билгем, сенден амал качып кутулбайт,- деп күлдү.

Дагы он күндөй итти экөөлөп машыктырдык. Бир күнү итке кийгизе турган чөнтөктүү баштык тигип, ичине таш салып чуркатып көрдүк. Баары жайында, операцияга киришсек болчудай. Бир күндү белгилеп, ошол күнү мен итти ээрчитип алып карьердин маңдайындагы тоого чыгып күтүп отурдум. Саат он экиге жакын иттин тынчы кете баштады, мени жыттагылайт, Артёмдун караанын издейт. Бир убакта Артём кызыл курткасын кийип бир көрүнүп, ит аны көздөй чуркап кеткен маалда кайра көрүнбөй калды. Мен болсо кыжалат боло дүрбүдөн көзүмдү албай карап отурдум. Эгер ит күзөтчүлөргө кармалып калса, анда жоопкерчиликти менин моюнума илип коюшу толук мүмкүн. Бат эле ит карьердин аймагына жетип барды, Артём көрүнбөйт негедир. Башкысы, ал күзөтчүлөр шекшибей турган жерде болсо болду. Баары ойдогудай эле окшойт, беш мүнөткө жетпей ит артка чуркап жөнөдү, кумары канбай калганы үчүн мага жетип келиши керек болчу. Чуркап келаткан ит бир маалда бурулуп күзөтчүнүн “вышкасын” көздөй жөнөдү эле, денем дүркүрөп кетти. Эгер азыр күзөтчү итти байкап, кармап алса иштин бүткөнү. Ордумдан ыргып туруп күрмөмдү булгалап жиберсем ит көрдү окшойт, мени көздөй бурулуп чуркады. Дароо жашынып калдым, күзөтчү турган жактан эч кимдин карааны көрүнбөдү, демек, байкашкан жок. Овчарка жетип келери менен тамагын берип, жонундагы баштыгын чечип алдым. Чоңу алмадай, калгандары жаңгактай бир нече тоголок алтын бар экен. Аларды кийимимдин ичиндеги атайын чөнтөккө салып үйгө жөнөдүм. Артём эртеси эртең менен келип алтындарды алып кетти да, кечинде үйгө келди.

– Мына, Адыл, бул сенин «доляң»,- деп толтура акча сунду. Ал күнү экөөбүз бир жерге барып тамактанып отурдук, бир топ кызып калганда Артём минтти:

– Адыл, эми мени ук. Карьерде алтын көп, экөөбүз бири-бирибизге ишенип, алдабай иштесек Нартайлардан да байып кетебиз. Алар алса болот, биз алсак болбойбу? Алар эле жашап, биз өлүп кете беришибиз керекпи? Мен сени эч качан алдап, сатып кетпейм, сен жөнүндө эч ким билбейт. Мен гана байланышам керектүү адамдар менен. Мен көптөн бери иштеп, баарынын сырын билем. А сени менден башка адам билбейт.

– Түшүндүм, Артём, бирок бүгүн болбосо эртең сенин уурулугуң билинип калышы мүмкүн да?

Артём кытмыр күлүп койду:

– Ал жагынан кабатыр болбо. Менин ишимди сенден башка бир эле адам билет. Ал адамдан жан чыкса чыгат, асти сөз чыкпайт. Сен эле ишеничтүү болсоң мен жактан «прокол» болбойт.

Ошентип башталды. Алтын көп экен чынында. Бир жыл, эки жыл мурун табылып, бекитилген алтындар бар экен. Артём бүтүрөт иштин баарын, менден эч ким шек санаган жок. Бир айда бир же эки жолу алып чыгып жаттык. Бир жылда үч ит алмаштырдык, жалаң немистердин овчаркасын алабыз. Бул породадагы иттер акылдуу болушат. Үйрөтүш да оңой. Бирок апийим жеген ит баары бир көпкө жашабайт экен. Жүндөрү түшүп, арыктап, тез эле ишке жарабай калат. Анын үстүнө аларды такай байлап жүрүү керек, болбосо көчөдөгү адамдарга кол салышы мүмкүн.

Карьер өтө чоң жерди ээлегендиктен, алып чыккан сайын ар башка жагынан алып чыгып жаттык. Күзөтчүлөр да тез-тез алмашып тургандыктан бир ит алардын көзүнө такай эле чалдыга бербейт.

Артём ким менен сүйлөшүп, ага ким көмөктөшүп жатканы мага да кызык болчу. Бирок айтчу эмес. Мен алтынды иттен алып, Артём келгиче ишенимдүү жерге ката турам да, келери менен колуна карматам. Калганы менен ишим жок, үлүшүмдү берет.

Бул иштин артынан түшкөнүбүзгө бир жылдан ашып калган, бир күнү үйгө Артём келиптир. Маанайы жок, учурашкандан кийин “жүрү, машинага барып сүйлөшөлү”

деди. Унаада бир азга ойлонуп отурду да:

– Адыл, ушуну менен токтотолу бул ишти. Ушунусу деле жетер бизге. Өзүбүзгө эле эмес, балдарыбызга, неберелерибизге жеткидей акча кылып алдык. Эмне дейсиң?

Мен деле ушундай ойдо жүргөм, эртерээк токтотпосок бир күнү кармалып калып ит болобуз деп корко баштаган элем. Алтынды сатып алгандардан деле сөз чыгышы мүмкүн. Бирок Артёмго айта албай жүргөм. Сатып алгандар деле кызыгат да биздин алтындын изине. Балким, билишет. Чынында аябай көп акча топтоп салдым, ар жерге ката берип акыркы күндөрү тынч уктай албай калгам. Бир нерсе сатып ала албайм, анткени Артём экөөбүз башында ушинтип келишкенбиз. Бирөө-жарым шек санап калбасын деген ой болчу. Артёмдун айтканын дароо макул көрүп, бул ишти экинчи уланткан жокпуз.

Артём эч кимге айтпай-дебей бир жумада үй-жайын сатып, үй-бүлөсү менен Орусияга кетип калды. Аны кийин билдим, мага кетип жатканын айткан жок. Ал эми карьерден алтын уурдалып жүргөнү билинбей калып кетти. Артём кыйын жигит экен, артынан из калтырган жок. Мен эмне кылышым керек? Акырындык менен жолун таап, компаниялардан акция сатып ала баштадым. Аны да мага Артём сунуштаган бир жолу, көрсө, анын ошол маалда эле ушундай иштерге башы жеткен экен. Эки жылда акцияларымдын баасы асман чапчып, адегенде эле шаардын ортосуна чоң ресторан курдум. Тааныштарга “банктан кредит алдым” деп койдум. Кийин дүкөн, кафелерди куруп, ошентип ишим жүрүшүп кетти.

Адыл ага ушуларды айтып бүтүп бир үшкүрүп алды. Унаанын айнегин түшүрүп жүзүн шамалга тосо бир топ жүрүп, кайра жапты.

– Азыр минтип түн катып качып жүрөм,- деп жылмайып койду. Көпкө унчукпай барды, бир маалда артты карасам уктап калыптыр.

Ичимден Адыл аганы аяп кеттим. Кантип эле эми баары мурдагыдай болсун, өзү жалгыз калса, минтип качып, бекинип жүрсө. Өзүн-өзү сооротуп жатат да. Эптеп мамлекеттен чыгып кетип, акчасы көп, чет өлкөдө жашай бербейби.

Жолдо эч ким тоскон жок, Алматыга күндүзгү саат он бирлерде жетип келдик. Адыл аганын корккон түрү жок. Үйгө кирсек Каныш апа уулун көрүп эле:

– Балам, ошол жерден жылбай тур,- деп шашып ашканага кирип кетти да, чыныга суу алып чыгып Адыл аганын башынан үч жолу айлантып төгүп, андан кийин аны кучактап калды. Акырын ашканага кирип кеттим, Асел да Адыл аганын моюнуна асылып бир нерселерди айтып берип жатканы угулуп жатты.

Өздөрүнчө аркы бөлмөдө бир топко сүйлөшүп отурушту. Муздаткычта куурулган балык туруптур, курсагым ачка эле, арыдан-бери жеп алдым. Столдо ысык чай ичип отурсам Асел кирип, муздаткычты ачып эле:

– Балык кана?- деп мени акырая карады.

Кечээги созулган Асел жок, дароо өзгөрө түшүптүр. Жаш баланы урушкансып белин таяна мени тиктеп турат. Жиним келип кетти, өзүнө жараша жооп кайтарып ордуна коюп коёюн деп жатканда Каныш апа кирип келип калды эле, унчуга албай туруп калдым. Аселдин түрүн, столдун үстүндөгү балыктын калдыктарын көрүп эле түшүндү окшойт:

– Асел, кызым, дүкөндөн балык алып келчи. Азыр дагы кууруп берем, тойгончо жейсиңер. Адыл агаң да ушул балыкты жакшы көрөт,- деп мени жактырбай тиктеп турган Аселди дүкөнгө жөнөтүп жиберип, өзү да чыгып кетти. Көп өтпөй кайра келип:

– Самат, чарчасаң сен да уктап ал. Аселдин бөлмөсүнө жай даярдап койдум,- деди.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE