Пример HTML-страницы

Болгон окуя…

https://kyrgyzcha.site/?p=48373&preview=true Кызыктуу окуялар.

Болгон окуя…

 

Кече күнү такси айдап жүрүп,бир убакта Жүзү нурлуу Молдо аке келип олтурду да,Ассоллому алейкум деп жылуу учурашты.🤝Жөн гана учурашпай абалымды сурап,ден-соолугумду сурап,суукта кыйналбай элесиңби деп жүзүмө тик карап сурады.Ушунчалык жеңилдей түштүм,башымдан баардык көйгөйдү чыгарып салгандай болду.Ооруп турган башым дагы жазыла түштү.Жылуу сөз кандай гана сонун.Ошондо оюм кетти биз дагы,баарыбыз ушул кишидей ыймандуу болуп,5-убак намаз окусак бири-бирибиз менен жылуу мамиле кылсак,канча адамга жакшы маанай тартуулайт элек деген ойго чөмүлдүм.Эч кандай акча же белеги жок эле, жылуу жакшы сөз,канчалык жан дүйнөбүзгө азык болорун түшүндүм.☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️Эми мени Жалал-Абадка алып барып,кайра алып келишиң керек,барабыз бир киши менен бир аз сүйлөшөм кайра кайтабыз деди.Макул деп жолго чыктык.Жол узак болгондуктан,баргыча Даават кылып кадимкидей жаңы эле төрөлгөн баладай болуп калдым.Арасында күлдүрүп сүйлөп да коёт.Өтө жеңил,жүрөгү тынч бактылуу адам экенин сезип турдум.Чынын айтсам суктандым.

Ошентип олтуруп айткан дарегине да жетип бардык,бир чооң үй,дарбазасы эле менин машинемден кымбат болсо керек дедим тамашалап,Молдо аке күлүп карап туруп,азыр ошол кымбат кылган адамды көрөсүң деди.Үйдүн ичине кирсең тим эле көзүңдү алат,жөнөкөй адам киргенден уяласын бир чети коркосуң.Себеби билем да өтө бай адамдар,жөнөкөй адамды кул же адам катары көрүшпөйт.Барсаң жактырбай ,аялы же баласы жаман көзү менен карайт.

Бир убакта бир Эже чыкты 2 кабаттан,чуркап келип эле сурашып,үйгө киргиле деп киргизди.Эң кичине комнатасына алып барды,кирип барсак Диванда бир киши жатыптыр.Көрүнүп эле турду,ооруп жаны кыйналып жатканы.

 

Молдоке саламдашып,сурашып киргенде эле,жанага киши боздоп ыйлап жиберди.Түшүнбөй туруп калдым.Кечирим сурап кучактап ыйлады.

Курсан Кечир мени Иним,көзүм көр,көкүрөгүм муз,боорум таш болгон экен.Ит дагы менден көрө адам деп жашын куйултуп,бизди да ыйлатты.

Молдоке Акылдуу ,илимдүү адам экен,ошол замат «Мен кечиргем сизди ошондо эле»Деп колунан бекем кармады.Эмне себебин билбедим,бирок мен да ыйладым.Эки таарынышкан бир туугандар капаланып жарашып жаткандай сезилди.

 

Ошентип Молдоке ал кишиден сурап калды.

Эмне болдуңуз?Эмнеге жатасыз төшөктө деп.👉👉Ошондо ал киши айтты:Менин төшөктө жатканыма 1 жыл болуп калды,барбаган жерим,көрүнбөгөн Доктурум калбады.Эми сездим Руханий ооруну,Жан дүйнөнүн ооруганын,каргышты эч ким даарылай албайт экен.Акыркы убактарда эч жака барбай,балдарым Германия,Индия деп келишет баш тартып туруп алдым.Себеби билем өз күнөөмдү,меники дабасы жок оору.Байлык үчүн канча адамды какшатып,канчасын алдап акча алдым,канчасынан коркутуп алдым.Мына ошонун кесепети,ошолордун каргышы.Аллахтын жазасы бул Дүйнөдө ушундай болсо,Наркы Дүйнөдө канчалык оор экенин сезип турам деп чындан өкүнүп тообо кылганын көрдүм.☝️☝️☝️☝️☝️☝️☝️

Жанагы тосуп чыккан эже ,аялы болот экен.Келип дасторкон жайып чай койду.Өзүмчө ойлодум Адам баласы башына оор түшкөндө,адам экенин билип,жөнөкөй адамдарга кошулуп,ошондо Аллахты эстейт экен да деп калдым.

 

Ошентип ооруп жаткан кишинин эң кызык сөзү башталды.

Ал айтат:Мен Капа кылып,какшатып,алдап же жалган менен каматкан баарын чакырып кечирим сурап жалдырадым,сени ошол себеп чакырдым.Баардык болгон байлыгымды кедей адамдарга,муктаж адамдарга тараттым.Балдары көп квартирада жашап жаткан бир үй-бүлөөгө,жер алып үй салдырып бердим.1 ай өтпөй көңүлүм бир аз ачылып,жакшы дем ала баштадым,ага чейин кээде жасалма жолу менен дем алып уктап калдым эле.Кайрымдуулук күнөөнү кечирет дегенде ,ишенбейт элем соо кезимде.Муну кедейлер эле ойлоп чыккан деп.Көрсө чын турбайбы.Эмнеге Ошондо эле жардам берип,ошондо эле көп адамды бактылуу кылганы мүмкүнчүлүгүм болгон экен деп башын чайкап олтурду.

 

Молдоке угуп олтуруп,эми жакшы болуп кетесиз,көп кыжалат болбоңуз деп Курандагы сүрөлөрдөн окуп дем сала баштады.Окуп бүтүп,намаз окудуңузбу бир жолу болсо да деп сурады.Ал киши асманды тиктеп туруп жок деп кайгылуу жооп берди.Анда Молдоке кыжалат болбоңуз баары жакшы болот,Эрте менен туруп Багымдат окуңуз деди.Ал киши жашы куйулуп,макул албетте окуймун деп жооп берди да Молдоке деди,Менин үй-бүлөм үчүн дуа кылууңузду суранам,менин кылган күнөөлөрүм үчүн Уул-Кыздарым,неберелерим азап тартышын каалабайм.Мен өзүм тартайын баарын деди.

Молдоке болсо,албетте Дуа кылабыз деп жооп берди да,коштошуп эшике чыктык.

 

Жанагы Эже келип,рахматын айтып акча сунду эле Молдоке албай койду.Муктаж адамдарга бергиле деп коштошуп жолго чыктык.Бир убакта чейин ойлонуп,машинеде экөөбүз тең үнсүз кеттик!Бир убакта Молдоке,Сенин машинеңден кымбат дарбаза чын эле кымбат бекен деп сурады.Мен ойлуу карап эмне дешти билбейм деп жооп бердим.Күтүүсүз болгон окуя ойлонтпой койбойт экен дедим.

Молдоке:Кара жашоону а кандай гана жеңил,кандай бактылуу болуп жашаганы толук мүмкүнчүлүк бар,бирок сезбейбиз да байлыктын жооп берери оор болот.Бул киши убагында соттон,мыйзамдан кутулуп баары мен айткандай болот деп жүргөн.

Мен:Сизден эмнеге кечирим сурады?Мен ойлопмун сизди дем салдырганы чакырган деп дедим.

Молдоке:Жоок!Тээ 2009 жылы бул киши Майор эле.Мас абалында рульга олтуруп,менин аялымды уруп кеткен.Мен акыйкат издеп,сүйлөшүү жолу менен эле бүтүрөлү деп үйүнө барсам,Ит айдагандай сөгүп айдап чыккан эле.Аялым ооруканада 1 ай жатып каза болгон.Сотторго дагы акча берип,экспертизаны да аялы ичип жолго чыга кеткен деп чыгартып коюшкан.Ошентип баарыбир чындык болбогун билип,сотко да өзүм барбай койгом.Аялым болсо өлүп кеткен,соттон пайда жок эле.Бир күн жооп берет баарыбир деп кетип калганмын.Ошол себеп чакырып кечирим сурады.Мен ошондо эле кечиргем,бул кишини.Баары Алланын колунда,Аллах жалгыз!Ал баарын теңдеп ордуна коёт деди.

 

Ошентип Ошко келгиче таң атып калды,жолдо бир Мечитке кирип Багымдат окуп чыгалы деп,токтоп кирип кошо окуп чыктык.Эми жол жүрө баштаганда,Молдокеге звонок келди,Сабыр кылыңыз,Кайрат кылыңыз!Аллах билип билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип,жайын Бейиштен берген болсун деп телефонун койду.

Мага карап жанагы киши Багымдат окуп жатып кайтыш болуптур деди.Чын дилинен тообо кылган экен,көрдүңбү Аллахтын кудуретин!Ошол киши Бейишке барышы ыктымалдыр.Аллах тараза кылат.

 

Мен:Эгер сиз ал кишиге Багымдат окуңуз деп айтпаганда ,кыйналып ооруп жүрө бермекпи?

Молдоке:Билбейм ,Аллах билет!Бирок мен Мусулман болуп ,тообо кылып жетишип калсын дедим,айыгып кетишине көзүм жеткен эмес.Бирок мындай өлүм жакшы өлүм,менда Намазда жан бергенди каалайм деди.☝️☝️ошентип Ошко келип,Молдокени да жеткирдим,рахмат айтып азыр Аке-Үке болуп катташабыз.Кеңеш сурап турам,буюрса жазында Дааватка чогуу барабыз деп план кылып койдук!!

 

Эми Мусулман бир тууган,бул менен эмнени айткым келди.Баарыбыз качан өлүшүбүздү билбесек дагы,өлүүчү экенибизди билели!

Бул Дүйнө кимден гана калбаган.Сенден кыйын,Сенден акылдуу,Сенден байлар дагы кеткен.Ошондуктан Молдокем айткандай Бактылуу болуп жашаганы толук мүмкүнчүлүк бар!Ошол мүмкүнчүлүктү арзыбаган акча үчүн же башкалардын көңүлүн оорутуп,ичи тардык,көрө албастык,кара ниеттик менен өткөрүп албайлы!!Баарына жакшылык,бактылуулук каалаңыз!Жашоо өзү эле жылмаят сизге,Эгер сиз Динде бекем болуп,Аллахтын жолунда болсоңуз,жүрөгүңүз тынч,кайгы жок,оорудан алыс болосуз!!!!Баарыңыздарга бактылуулук каалайм!Терең Урматтоо менен !!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE