Пример HTML-страницы

Баткендеги Жаңырык айылынын тургундары ашар жолу менен таза суу тартып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Дара айыл өкмөтүндөгү Жаңырык айылынын тургундары ашар жолу менен таза суу тартып жатышат. Бул тууралуу дара айыл өкмөтүнүн орун басары Абдижапар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, алар 3,5 чакырым аралыктан таза суу тартып келишүүдө. Керектелүүчү каражаттар Дүйнөлүк банктын эсебинен алынып, жумуш жергиликтүүлөр тарабынан уюштурулууда.

«Дара айыл өкмөтүндөгү 5 айыл буга чейин долбоорго кирип, таза суу маселеси чечилген десек болот. Бирок Жаңырык айылы кирбей калган эле. Азыр эми 1,5 млн сомдук каражаттар алынып, жумуш жергиликтүүлөр тарабынан жүрүп жатат. Айылдын башынан 3,5 чакырым аралыктан тартылып, түтүктөр орнотулуп жатат. Буйрйса жумуш токтобой уланып турса, 1-июлга бүткөрүү пландалып жатат. Суу келсе 220 калк таза суу менен камсыз болот», — деди ал.

Буга чейин Дүйнөлүк банктын эсебинен таза суу долбооруна облус боюнча 44 айыл кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE