Пример HTML-страницы

Бактылуу олум. 1 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=48860&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бактылуу олум. 1 бөлүм 

Болмонун ичи карангы жымжырт, тируулуктун дайыны билинбейт, чылымдын канылжарынды жарган жыты менен коз ачыштырган тутуну эле болбосо. Четте турган керебетте олуу тируусу билинбей бир караан жатат, эки колун эки жакка таштап. Бул караандын ээси Адыл эле. Тообо Адам эмнелерге гана чыдабайт, 10кундон бери ачка НАН да жебей суу да ичпей чылым менен гана жашап келет. Жашаганда кандай демин ичке тартып сыртка чыгарганы эле болбосо олуктон айрымасы жок, ОЗУ да ошону кутуп жаткандай. Бирок олум куткон адамга эмес кутпогон абалда келет тура. ОЗ жанын кыйюга колу барбайт, жашайын десе жашоосу тозокко айланып баратат. Бул абалга келишине эмне себеп болду.

Бул тынч океандын туштук чыгыш тарабында 2 чон аралды ээлеп жаткан Жаны Зеландия мамлекетинин борбору болгон Веллингтон шаарынын так ортосунда жайгашкан коп кабатту уйлорго Ким суктанбай коет. Мындай кооз имараттарда кандай гана бактылуу адамдар жашашат болушту экен. Ошол уйлордун биринин 7-кабатында жайгашкан 3 болмолуу кенен жакшы табит мене жасалгаланган батирде да 10 кун алдын ошондой бактылуу адамдар жашап жатышкан. Наристенин кулкусу жанырып, жубайлар Адыл менен Селки да откон кундорун унуткандай бактылуу жылмайып турушпады беле. А азыр ал бакыттан тук да калбаган. Жашоо ушунчалык тез озгорулуп турат, эртен не боллорун билбейсин.

Адыл 40 жашка жаны кирген кырчындай куракта, келбети, дене тузулушу адамды суктандырат. Бирок адамдарга акча, байлык жардам берсе Адылга тескерисинче зыянын тийгизип келет. Аны тегеректеген достору, туугандары, жада калса аял заты да анын келбетине, ички дуйносуно эмес акчасына арбалышат. Эмнегедир Адылды чын дилинен берилип эч Ким суйбоду. Балким ал суйууну жомоктогудай идеалдуу элестетип алса керек.

 

Адылдын уй булоосу Талас облусунун Манас айылында жашоочу. Ата энеси эмнеге экени белгисиз Адылды башка балдарындай жакшы коруп эркелетпеди. Жаздан кузго чеин кетмен кармап жаш болсо да тырмаландап дыйканчылык кылат, кыш келди малдарды тоодон алып тушуп мал карайт, антсе да анын бул кылган жумуштарын мактап котормологон деле Адам жок, башка бир туугандары идиш жууп же сабактан жакшы баа алып келсе эле мактап жактап жатып калышат. Адыл бул корунушко конуп деле буткон, коздору ар дайым мундуу боло турган. Ал корунушу бир аз убакытка озгоруп, азыр кайра ошол убактагыдай журогун боштук ээлеп, коздоруно мун толду. Окууну бутуп чон окууга тапшырып, жакшы Адам болуп эл козуно корунуп турсам ата энем мени менен сыймыктанып жакшы коруп турушмак деп ойлоп коет, бирок бул оюн айта албайды, андан эч Ким кызыгып сураган деле жок. Ичи дарты ичинде сыртка чыгара албай эле калып кетти. Эч нерсеге карабай окуусун артыкчылык менен аяктады, ОЗУ дилгир, эс тутуму жакшы болгону учун жакшы окуучу. Бирок окууга тапшырбады, айылда баягы эле уй жумуштары менен алек болуп жургон, бир куну апасы катык ооруп калат. Адыл конул деле болгон жок. Эч Кимден мээрим корбосо, ОЗУ да мээрим бере албай калат экен. Ал китеп окууну жакшы корчу, кичине бошой калса эле китеп карайт, ошонтип китеп окуп отурган убакта иниси келип апасы чакырып жатканын айтып кетти. Окуп жаткан окуясынан чыккысы келбей, журоксуп дагы эмнеге жумшайт болду экен деп апасынын жанына кирип барса, апасы коздорун жалжылдатып, каалганы бекем жаап жанына жакын отуруусун отунду. Мындай озуно болгон мээрим толгон коз карашты биринчи жолу коруп турганга бир азга нес боло тушуп, кийин апасынын кутуп жаткан турун коруп айткандарын аткарып жакын отуруп эмне дээр экен деп тыншап калды. Ошондо билди эмне себептен ата энесинен жетээрлик мээрим ала албаганын.

Корсо Адыл атам деп жургон Канат озунун атасы эмес экен. Апасы Гулкайыр жаш кезде Жамалдин менен суйлошуп кыз жигит болуп журуп боюна бутуп калат, муну Жамалдин армияга кеткенде билип Гулкайырдын айласы кууруйт. Оо ал кезде уят деген кучтуу эле, кантип куйоого тийбей торойт, бул шумдукту эл билбесин. Армиядан келгенче 2 жыл отот, кутууго убакыт жок. Гулкайыр Жамалдиндин досу Канаттан армияга кат жонотот. Ошол кезде Канат Гулкайырга тымымзын ашык болуп жургон, ал катты ачып окуп досуна жонотпой абалдан пайдаланып боюнда бар экенине карабай Гулкайырга уйлонот. Башында баары жакшы эле башталганы менен, бала торолгондо эч мээрим бере албай коет. Кийин озунун балдары торолгондо Адыл четтеп эле калган. Гулкайыр да ошол учун уруш чыгарып элге шерменде болгусу келбей бул абалга конуп берет.

 

Адыл буларды угуп суйунуп алган. Демек Апам озумдун Апам. Ал ойлоп жургон мени багып алышса керек деп.

Гулкайыр тамагын кырып.

-Балам оз атан Жамалдин борбордо турат, жеке ишмер ошого бар, бул катты бересин баарын тушундуруп жаздым, бул жерде калба. Канат менин козум отсо озунун балдарын эптеп калкалайт, сени менен иши да болбойт, менин козум барда каалабаган сени мен откондо кубалап салат, же ушул абалда малчы кылып журо берет. Менин олушумду кутпо, анда эмне болуп кетээрин билбейм, жаманбы жакшыбы ушунча жыл сага ата болду Канат менен кер мур айтышып калба, азыр кет, мен сени издебе деп айтам, келечегинди кур. Канатка ошондо менин айыбымды жапканы учун азыркыга чейин каяша айта албай сени кооруй албадым, кечир мени, деп колуна кат берип дарегин айтып жонотуп жиберет. Адыл апасынан эми эле тапкан мээримди жоготкусу келбей кыйылып атып жолго чыгып кетет. Жол ката атасы менен жолукканын элестеп, кантип учурашат, не деп айтат ата десеби же катты окугуча айтпай турсабы, атасын тапса эле баары ордуна тушуп мээримге болонобу же кабыл албай коебу, кыялданып да коркуп да бара жатты.

Мына айтылган даректи да таап келди. Зангыраган 3 кабаттуу калдайган дарбазалу уй экен. Дарбаза какса костюм шым кийген кычыраган киши ачты, атам го деп ойлоп.

-Сиз Жамалдинсизби? Десе ал кароолчусу экен, киргизбей койду, озунун Ким экенин да айта албаган да. Катты берип жиберип кутуп туруп калды. Бир аздан сон дарбаза ачылып женил спорт кийимчен Жамалдин чыкты.

Катты колуна алып Гулкайырдын ысымын окуганда чоктой атып турган. Чыгып эле Адылды карап туруп калды, не кылаар айласын таппай. Жок деп тан албай жолго салайын десе мандайында озунун жаштыгына куюп койгондой окшош бала турат, ошон учун да Канат бооруна тарта албай койсо керек. Кабыл кылып бооруна кысып уйуно киргизеин десе уйундо аял, бала чакасы бар, алар мындайды тушуно тургандардан эмес.

Жамалдиндин мындай сууз коз карашынан Адыл келгенине окунуп кетти, эмне кылсам артка бурулуп кетип калсамбы, кайда барам шаарда таанышым жок деп кайра жаш бала эмесмин бир айласын табаармын бул адамга жалдырабайм деп чыйралып артка бурулуп жоноп калды.

-Токто. деди Жамалдин шаша,-кайда барасын?

-билбейм, деп жай жооб берди тескери Караганда абалда

-апан ооруп жатса азыр барып бир жолу корго тыгасынбы?

-апама барбайм азыр.

-анда токтой тур, мен бир жолун ойлоп табам, бугунчо мейманканага тунойсун эртен калганын суйлошобуз. Деп уйуно кирип гараждан унаасын айдап чыкты да Адылды салып алып жоноду. Жол ката ундобой ар Ким оз ойлору менен алек болуп мейманканага жетип келишти. Кирип Адылды жайгаштырып,

-эртен келем сен эс ал, деп чыгып кетти.

Кызык жолдон келсе карды ачпы деп ойлоп койгонго жарабайт. Адыл болмодо жалгыз калды, дагы жалгыздык, айланасында канча адам болсо да жалгыз, мындай абалга конуп буткон. Атам бай болбой эле жонокой адам болгондо азыр мага башкача карамак, балким бооруна кысмак. Бири байлыгын кайтартса экинчиси байлыгын менден кооруйт, эмнеге менин ошол болбогон жансыз дунуйочолук баркым болбойт, качанга чейин дунуйонун комускосундо жашайм, мен да бай болушум керек экен ошондо гана мени менен да эсептешип калышат деп ызааланып ыйлап жатып уктап калды. Ошондо билсе кана байлык Бакыт болуп бере албасын.

Уктап жатып туш корот, тушундо хан сарайда отурат жанында чуроктой сулуу сары чач кыз турат мээрим толгон коздору менен карап, ал кыз жылмайып ымдап сыртка чакырат артынан чыгайын деп баратса каалга жабылып хан сарайдын ичин тутун каптап кетет, каалганы ачайын десе бек экен, туртуп ача албай кыйналып жатып ойгонуп кетсе кадимкидей Деми кысылып кыйналып калыптыр. Туруп эле эшикке карай басты, туртуп корсо ачылбайт, кулпусун бурап катуу туртуп корду болбойт, коркконунан тепкилей баштады.

Ангыча каалга ачылып кароолчу кирип келип

-эмне кылып жатасын, бул жер атандын уйу эмес, сенден башка адамдар да бар! деп урушуп кирди. Корсо корккондон эсине келбептир, туткасын жогору которуп ачыш керек экен, озунун маныроолугунан уялып кечирим сурап кала берди. Бир болбогон туш учун ушунча боломонбу дагы жаш эмесмин деп коем деп озун тилдеп жатты. Ошентип тан да атты, эртеси Жамалдин келип мандайында суйлошуп отуруп.

-Окуйсунбу? Деп сурады

-окугум келет, тилчи болсом дейм.

Адылды баштан аяк карап,

-ошол да кесиппи, эркектерге туура келген кесипти тандабайсынбы, деди.

-эркектер тилчи болсо жарашпайбы?

-албетте, бироонун куйругу болуп ээрчип, озун тыншап угуп турган да эркекке болчу беле, мындай сот, жактоочу, укук коргоочу бол бизнес кылганды уйрон.

-алар деле бироонун айтканын аткарат да, хан болсон да коз карандысын, андан коро аткарган кесибин озуно жакса болгону го.

-макул озуно жакса озун окуй бер, жумуш менен камсыз кылам, кана кыйратчы королу деди.

Адыл суйунуп.

-рахмат, деп атасын кучактап калды. Жамалдиндин колдору бош баласын кучагына кысып койбоду. Адылдын кубанычтуу ойлору быт чыт болуп, журогу муздап, денесин муздак тер каптады. Бари бир макул болуп атасынын кол алдында иштеп калды, башка аргасы да жок эле. Эх ушул аргасыздык!

Жамалдин шаардын акыркыларынан эмес болчу, бир баласын жон эле иштетпей окутуп койгонго кудурети жетет эле. Адыл муну анын кол алдында жонокой жумушчу болуп иштеп журуп тушунду, таарынган деле жок, атасы ал учун алдын кандай ботон болсо азыр да ошондой эле. Жай аяктап окууга да тапшырып ОЗУ каалаган кесипке эч кыйынсылыксыз отуп кетти. Эми иштеп да окуп да жатты, башынан мээнеткеч бала тез эле озун коргозо алды, окууда алдынкылардан болсо, жумушта оозго алына баштады. Баштыгы Жамалдин да тан калып коет, чынында Адылдан мындайды кутпогон, ошон учун кара жумушка алган да айылда журсо акылы эмнеге жетмек эле деп. Жада калса тилчи болом дегенине кулкусу да келген, Эми мынтип баарына жетишип отурса. Озунун уйдогу баласы Амирди Эстеп, ал кандай Адам болот экен, эрке, оюн кулкудон башканы ойлобойт, атасы тируубу, олуубу кызыктырбайт да, уйго келбейт, келсе кирип кире электе мага мынанча акча керек деп сурайт, жашта деп актап койду озунчо. Амир чынында 18 жашка чыкса да колу бир ишке тийип корбогон, оюн кулкудон башы чыкпаган, атасы урушса апасы болушуп жалгыз балан, деп журуп эрке талтан болуп оскон бала.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE