Пример HTML-страницы

“Бактылуу 12 кун, болбосо менин sms суйуум”

https://kyrgyzcha.site/?p=45607&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бактылуу 12 кун, болбосо менин sms суйуум

 

Ошол куну толкунданып олтурдум

Кундор отот жалгыз сени ойлоймун

Жан дуйномо жарык берип бир озун

Ак суйууну журогумо орноттун

Кордум сени конулумо сен жактын

Сага арнап чын журоктон ыр жаздым

Корушкондо тик карабай козуно

Уялып коздорумду алып качтым

 

Суйуп калдым кантейин, суйуп калдым кантейин, суйуп калдым кантейин….

 

деп, мени таттуу уйкудан ушул ыр ойготту. Ырды копко чейин угуп жаттым.

— Менин суйуум эмне учун кайгылуу,

Неге суйуудон болалбаймын бактылуу?

 

Суйуп туруп каламынбы жеталбай

Кетесинби жаш журокту ыйлатып

 

Коргум келип журом сени сагынып

Бирге бассак кол кармашып жанаша…

 

Озумдун уккан кулагыма ишеналбай, бул ырды атайын мен учун, менин 12 кун ичиндеги болгон суйуум жонундо ырдап жаткандай сезилип жатты. Бир убакта- «Жада калса, радиодон чыккан ыр дагы мага сени эстетет берекем, сагынганымдан кусага батып, адамдардын баарысынан качып, досторум чакырган жерге ар шылтоону айтып журом азыр. Журогумдо тушунуксуз бир сезим пайда болуп, мен сени суйуп калганымды башынан эле байкап,сезип жургонмун. Мурда эч качан мындай сезим болгон эмес менин жашоодо, эч кимди сендей сагынган эмесмин, жарым саат смс албай калсам «сагынчым менин, сагындым сени»,- деп смс жонотом. Смс ооруга айланып калганымды сезип, озумду жакшы эле алаксытып коройун деп досторум менен жолугушууга барам, башка конулумо жаккан кыздар менен да кезигип кордум…болбоду, ошол жакта журсом дагы колумдагы телефонумду тушурбой, ар бир секунд сайын карап, качан смс — Кандайсыз байкеси, сагындым сизди,- деп келип калат деп кутом. Коп куттурбой ал да келет, досторум кулуп журушту башында, — сенде баары жайындабы, ким ал сенин журогунду ээлеп алган, биз сени тааныбай турабыз,дос, — дешет. Кызык, алигиге чейин озумдон сураймын,- эмнеге мен ал кызды корбой эле, ал менен баарлашып журуп эле, болгондо да жалан смс менен…ушундай сезимге чалдыктым, ар кимге бул улуу сезим ар кандай болуп келет дегени туура окшойт…мен ал кыздын суротунон сырткы келбетинин сулуулугун, жазганынан ички дуйносунун сулуулугун суйдум, ал кыздын суйуусуно арбалып…айыкпас дартка чалдыктым…деп кайра озумо жооп берем.

Мына бугун, сентябрдын 18-и, бугун сенин силердин уйлонуу тоюнар, жаны жашоого сапар тартып, жаны булого, жаны уй-булого барганына бугун 8 кундун жузу болду. Ал эми эртен… эми эртен алыс жакка сапар тартып кетесинер. Мага ушул боюнча качан смс жазасын, качан экообуз бир убакытка чейин агентте баарлашабыз берекем, мен сени сагындым жанэркем. Жолдошун менен бактылуу омур суруп, кармашкан колунар эч качан ажырабасын, туболуктуу суйуу каалаймын чын дилимден. А мен…мен болсом ушул 12 кундук бакытты эч кимге бербестен сактап каламын жан, эч качан унутпаймын сени деп соз берем,-деп ойлонуп жаттым. Менин оюмду чынгырап келген смс бузду.

 

 

Баягы сен экообуз таанышып ортобузда жылуу сезимдин пайда болушуна себепкер болгон смс дагы келди, негедир ушунчалык суйунуп, ордуман атып турдум. Сенденби деп адресин карасам, досуман экен. Кайра сулк жыгылдым тошогумо… ушул смстен башталып, ушул смс бактылуу 12 кунду тартуулаган эле сен экообузго. Бугунку кун дем алыш куну болгондуктан мен тошоктон турууга шашылган жокмун…оюмда баягы эн алгачкы келген смс, андан кийинки болгон окуялар биринин артынан бири келип жатты:

«Жегенин торт болсун, айдаганын джип болсун,газды бассан оборот болсун, бурулсан поворот болсун, ичкенин сок болсун, душманын жок болсун,бар болсо морт болсун,бата кабыл болсун, проблема жок болсун, ойногонун билльярд болсун, портмененде миллиард болсун,чонтогундо акча болсун, уйундо бакча болсун, омурун узун болсун, суйгонун сулуу болсун, эгер 100 единица салбасан,» баарысы наоборот болсун»,деген смс келди уйдо отурсам. Номерин карасам тааныш эмес, досторумдун бироосу тамашалап жатса керек деп, тамаша иретинде:- мына сага 100 единица,- деп жонотуп жибердим.

 

Кайра артынан коп узатпай жооп келди,куру соз менен болсода рахмат деген.

Чын дилден жиберсен чындап салып бермекмин, деп жооп жаздым мен.

Жибербей эле кой, менин каалоолорум чын дилден болчу,ишенип кой , деп жазып коюптур.

Эми ишендим,- деп мен кайра жооп узаттым. Ошентип биринчи смс алган кун да отту.

Мен кулуп эле жон болдум.

Кечке жумушта журуп, анын устундо да бир проблемаларым чыгып, абдан чарчап, уйго жаны эле келип отурган элем ошол кечте. Маанайым абдан пас эле, жанагы келген смс менин конулумду которуп койду. Мейли досумдан болсун, мейли кыздардан болсун…мага ал убакта баарыбир болду.

Копко уйкум келбей жатып ар нерсе башыма кире берди, ары ойлонуп-бери ойлонуп жатып, кантип уйкуга кеткенимди байкабай да калдым. Орозо айы эле, танкы тортто туруп саарлыкка даярданып, оозумду бекитип , кайра уктайын десем уйку жок. Чонток телефонумду алып чыгып, бугунку келген смстерди кайрадан окуп чыктым. Менин соткамдан келген смстер эч очпойт, негедир очуруп да корбопмун. Келген смстерди окуп жатып, бугунку кундун акыркы каты бейтааныш адамдын каалоосу экенин байкадым. Кайра окуп чыктым, ким ойлоп тапса да оригиналдуу ойлоп тапкан деп ойлоп койдум.

Кайрадан, кундузу мени кыйнап жаткан ойлор башыма келди. Уктай алган жокмун копко,саатты карап туруп жумушка даярданыш керек деп ордумдан турдум.

Жумушка барып, кантип убакыт отуп туш убагы да болуп калганын сезбей калдым, смс келгенинен карасам досумдан экен. Аны окуп жатып анын астында турган тундогу смсти коруп калдым, окуп отурсам, смс келди:

Салам, кана 100 бирдик?,- деп кечээки бейтааныш номер.

— Салам, салып бердим элего, албадынызбы, — деп жооп узаттым мен.

-Сенин бирдигин «невидимка окшойт, кайсы шаардансын, — деп келди кайрадан.

-Сенин телефонун жутуп койду окшойт сага корсотпой,-деген катыма, — мумкун, сен тамашакой жан окшойсун- деген жооп келди. Мен анын бираз чычалап жатканын байкап, ого бетер аны тамашалап жаттым,- Сен болсо тажаал жан окшойсун,салсада сурай берген,- десем, ал да менден калышбай,-сен болсо салдым деп айткандан тажабаган жан окшойсун,- деп жооп берди.

Аягында, макул эми, тамашалашып буттук, кел эми чындан таанышалычы деп сенден сунуш келди. Мага ал сунушун абдан жакты, негедир ошол номер мага кызык туудуруп, ошол номердин ээси ким экенине кызыгып жаттым. Ошол келген смстин ээси аялзаты экенин шарт эле билдим, анткени аялдар бизден айрымаланып жазышат, анан да «бирдик салбай эле кой, а каалоом чын дилден», -деп таарынып калганда озумо толук далилдедим кыз киши экенин.

Аты жонубузду айтышып, сенин атын Жибек экенин, жашын 21-да экенин билгенден кийин,- мени ким деп ойлоп жатасын,- деген суроомо сен- жазгандарынызга карап, мен сизди эже деп ойлоп жатам, катасы жок жазат экенсиз…эркек болсо кобунчосу эле ката менен жазат,-деп сен мени уялтып койдун. Мен озумдун атымды, жашымды, кайсыл жердин кулуну экенимди айтканда, сен-кечирип коюнуз байкеси сен деп айтканыма, каалоолорум чын дилден болчу, жакшы калыныз,-деп жазып жибердин.

Менин байке экенимди билгенде эмне жазбай коесузбу, эмнеге жакшы калыныз деп жаздыныз,-деп сурадым. Жашыныз 27-де болсо, уй-булонуз болсо керек, келинчегиниз эмне деп айтат,-деп мени бир сыйра кулдурдун. Келинчегим жок экенин билгенден кийин,- кээде кааласаныз жазып турунуз-деген сылык смсин келди. Эгерде мен жазганда сиз жооп берип турам десениз, анда мен жазып турам дедим. Мына, ошол убактан тарта кол бошоду дегиче эле смс жазышмай. Бири-бирибизге ар турдуу суроолорду узатып, кызыктуу жоопторду алып, баарлашуудан ырахат алып жаттык. Ошол кундон тартып экообуздун жашообузда эч кимдин ою жетпеген, эч нерсеге алмашкыс, кандайдыр бир тушунбогон жылуу сезим акырындан аралап, журокторубуздун торунон оорун алып жатканын сен экообуз сезбедик.

“Кутман таныныз менен берекем, кандайсыз жанэркем, жакшы эс алдынызбы?”, — деп менин ар бир куттуу танда жазган смсиме сен: “Рахмат, жакшы эс алдым байкеси, озунуз жакшы эс алдынызбы?”, -деп жооп жазасын. Сенин “байкеси”, -деп алыста журуп мага кайрылып жазганын, менин мандайымда туруп чачыман сылап, мага эркелеп жаткандай сезилчи.

Тунунуз бейпил болсун табылгам менин, тушунуздо ак булутту сизге бешик кылып, жылдыздарды жамынтып, айдын нуруна болоп бапестеп уктатайын жан эркем менин. Тушумо кирчи бугун…ушул сыяктуу смстердин далайын жоноттум сага. Тункусун ашып кетсе 2 саат уктайбыз, кайра эле саарлыкта туруп, ооз бекитип, кайра эле суусап калган адамдай смс кутуп, смс жонотушмой.

Элибиз эгемендуу мамлекет болгонуна 19 жыл болуп, мен досторум менен ипподромдо “Ат чабыш” коруп отурсам: “Сизге бир нерсе айтайынбы?”, деген смсин келди.Кулак сизде,- деп жооп узаттым мен. Анан…анан смс алып окугандан кийинки менин абалым… азыр да эстеп жаман болуп ичиркенип кеттим…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE