Пример HTML-страницы

«БАКМА ЭКЕНИМДИ 20 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ»

https://kyrgyzcha.site/?p=54174&preview=true Кызыктуу окуялар.

«БАКМА ЭКЕНИМДИ 20 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ»

 

«20 жашымда ачуу чындыкты угуу мага оор болду. Өзүмдү төрөгөн деген апам бакма, ал эми мени төрөгөн аял апамдын курбусу болуп чыкты. Болгондо да атамды апамдан тартып алган курбусу. Анда баары башынан болсун»,- деп сөз баштады Салима.

 

СЫРДУУ КӨЗДӨР

– Эне – ыйык жан. 20 жашка чейин эненин баркын билбептирмин. Азыр өткөн-кеткенди эстеген сайын кылган жоруктарыма уялам. Апам экөөбүз тил табыша албай көп уруша берчүбүз. Балким, экөөбүз тең айтканыбызды бербеген көк болгондуктан болсо керек. Чынында эле кыялым оор экендигин моюнума алам. Ашыкча эркелигим да өз таасирин тийгизчү.

Апа, бүгүн мен сиз тууралуу жазгым келди. Төрөп, жарыкка алып келген эмес, мээрим берип, азабымды тартып чоңойткон адам чыныгы апа болот экен. Эсимде, мектеп босогосун алгач аттаганымда чачыма эки бант тагып ээрчитип барганыңыз… Жашоомдогу бардык жакшылыктарымда, жетишкендиктеримде, кыйналганымда дайыма жөлөк болуп, канатыңызга калкалап келдиңиз. Бардыгы эсимде, апа. Алгачкы сүйүүмө жетпей көз жашымды төккөндө да бек кучактап сооротконуңуз жүрөк түпкүрүндө катылган.

Негедир көздөрүңүздө менден жашырган сыр бардай сезилчү. Кээде 20 жыл эч нерсени билбеген жаным билбей деле калсам болмок экен деп ойлойм. Балким, экөөбүзгө тең жеңил болмок беле?..

 

“КУРБУСУНУН КЫЗЫ”

– Эс кире баштаганда курбуларымдын аталарын көрүп, “менин апам эмнеге жалгыз?” деп өзүмө суроо берип калчу элем. Көрсө, ал кезде сүйгөн адамдан көңүл калуу жүрөккө так салып, эркекке болгон жылуу сезим- ди изсиз жоготорун билбептирмин. Анан да мындай тагдыр апама кезиккени өкүнүчтүү. Апамдын кийин турмушка чыкпаганынын сыры ушунда экен.

Апам учурунда “көздөй курбум күйөөмө көз сүзөт” деп ойлогон да эместир. Бирок апамдын туулган күнүндө бардык былыктар сыртка калкып чыгыптыр. Апам келген конокторду узатып келип, күйөөсү менен курбусунун өбүшүп отурганын көрөт. Териштире келсе, экөөнүн мамилеси мурдатан эле бар болуп чыгат. Ошентип, чатак ата-энемдин ажырашуусу, атам тиги аялды ээрчип кетиши менен бүтөт. Жакын деген адамдарына болгон ишеничи тебеленген апамдын кандай абалда калганы сизге түшүнүктүүдүр.

Бирок атам апамдын курбусу менен көп жашабай, кетип калат. Ошондо мен ошол аялдын боюнда калган болом. Бирок тагдырдын тамашасын көр, мени төрөгөнү менен, мени «бакпайм, Балдар үйүнө таштайм» деп чыгат. Ошондо апамдын боорукердиги менен кең пейилдигин караңыз, мени багып алам дептир. Ошентип, маселе чечилип, мен апамдын колунда калам…

Менин сүйүктүү апам ошол учурда алсыз наристеге кол сунуп, бүт өмүрүн мага арнаганына ыраазымын. Атам башкага үйлөнүп бала-чакалуу болсо, мени төрөгөн аял өз наристесин таштай качып, чет өлкөдөн бактысын издеп кетиптир.

 

“МЕН СЕНИН АПАҢ БОЛОМ”

– Бул сырдын ачыла турган кези келгенби, айтор, бир күнү үйдө апам экөөбүз отурсак, эшик тыкылдады. Эшикти ачканга тура калсам, апам “мен ачайынчы” деп калды. Бир маалда залга арык чырай, келбети келишкен эже кирип келди. Апам “кызым, бөлмөңө бара бер” дегенинен чыгып кеттим. Узакка созулган сөздөрү уруш менен коштолуп жатты. Бир нече сааттан кийин көз жашын төккөн апам бөлмөмө кирип келди. Колумдан кармай мени залга алып чыкты.

– Салима, мен сенин апаң болом…- деди тиги эже калтырай колун сунуп.

– Тамашалабаңыз! Ушундай да азил болот бекен?- дедим оозум ачылып. Тиги аял ыйлап, болгон окуяны айтып берди. Ишенер-ишенбесимди билбей, экөөнү алмак-салмак карап турдум.

– Мен баары бир ишенбейм! Апа, бир нерсе дечи!- дедим.

20 жылдан бери биринчи жолу апам «өзүң чеч» дегендей унчукпады. Эже тынымсыз кечирим сурап жатты, ал эми апам бир чекитти караган боюнча катты да калды. Бир маалда гана көзүн көтөрүп, бир кездеги курбусуна “кеч болсо да акылыңа келипсиң” деп муздак жооп кайтарды. Ишенбейин десем, ал экөөбүз бир тамчы суудай окшош экенбиз. Ошого окшошуп калганымды кара.

Чындыкты билген соң апама болгон сый-урматым, сүйүүм жүз эсе күч алды. Жаштыгын, эмгегинин баарын мен үчүн курмандыкка чалып, өз жашоосун бирөөнүн кызына арнаганына миң мертебе ыраазымын.

Турмушка чыгып, үлпөт той бергенибизде мени төрөгөн аял да келип кетти. Бирок ата-энем отуруучу столдо апам менен таякем отурду. Анын орду башка болду.

Мени төрөгөн аялды кечиргеним менен, менин жүрөгүмдө өзүмдүн гана ыйык апакем жашайт. Каныбыз канчалык башка болсо да, дилибиз ар дайым бир экенин сезип келем. Кийинки жашоосун бактылуу кылуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE