Пример HTML-страницы

«АЗАП….

https://kyrgyzcha.site/?p=51155&preview=true Кызыктуу окуялар.

«АЗАП….♤

Турмодон качкан уч качкындын бири

атышууда оор жаракат алып, борбордук ооруканада коз жумду.» — теледен тынбай айтылып жаткан жанылык кулагыма угулгансып эсиме тушо кетти.

Турмуш тиричилик деп шаарда дукон иштетемин. Кун алыс бир эже оорукчан жолдошун жетелеп келип, соода кылып кетет. Байкуш эже озу да оорулуудай корунот. Козунун алды эки эли болуп шишип журот. Аран эле жаны бар. Катуурак жел келсе жыгылып кетчудой. Озум эки катмын. Кыйналып таза абага чыгып коп олтурчумун. Бир куну баягы эже келип, жолдошу ооруп ооруканада экенин айтып, бир нерселерди алды да жаныма олтуруп калды. Мен да адам менен тез тил табышканга » кайсыл жери ооруйт ? Сиз озунуз да корунсонуз доктурга» деп бирдемкелерди айтканымы байкабай да калдым. Эже оор ушкуруп созун баштады.

Экообуз чогуу тутун булатып бир уул бир кыз таптык, жолдошум жук машина айдап сапарга коп чыкчу. Башында дайым мени жанына кошуп алчу. Мен тун уулумду торогондон кийин сапарга чогуу чыга албай жалгыз кете турган. Узаагы алты ай, кыскасы бир айлап сапарда журчу. Ошентип гулдой жаштыгым аны кутуу менен отуп жатты. Уулумдун артынан кыз кордук. Кызым торт айлык болгондо келип корду атасы. Кызым анемия болуп туулган. Доктурда коп жаттым. Акчага эч зарыкпадым Тургун келгенде пачкасы менен таштап кетчу. Балам таенесиникинде коп журду. Кызым он уч жашка толду. Жайкы каникулда балдарымды алып санаторияда жатайлы деп суйлоштук. Тургундан бир ооз сурайын десем жакын арада келбесин айтып смс жонотуптур. Мен балдар менен жакшы бир санаторияга келдим. Кундо массаж алчумун. Озу арык сулууча келген келин массаж жасап жатып жакын суйлошуп калдык. Ал озунун жолдошу каза болуп, балдарын бага албай кыйналганын айтты. Кийинчерээк бир адамга турмушка чыкканын, ал жук ташуучу экенин айтканда эмнегедир журогум нугунан чыгып кеткендей сезилди. Андан нары жагын уккум сурагым да келбей турдум. Элдерден ар турдуу ушак айындарды угуп озумду озум ишенмексен кылчумун. Акыры чыдабай жолдошунун атын сурадым. Ал кулуп Доолот деп жооп берди. Озуму озум куноолой эмнеге андай ойлодум деп уктай албай жаттым.

Уулум мектепти аяктап жатып эч кайсы окуу жай ага жакпасын, окубашын айтты. Зергер болом деп зергер болду. Тургун экообуз зер буюмдарын саткан дукон ачып бердик. Кызым эми он беш жашка келгенде каттуу ооруп доктурга жатып калды. Тамырлары ичкерип, мээге кан жетпей жатат дешти. Борборго алып бардык. Борбордук ооруканада кызым жан берди. Куйуттон куйуп, эт журогум эзилип, сыздап кала бердим. Жер ааламды жанырта кыйкырдым, ыйладым, жалындым… Кызым келбеди. Кундор отуп, эми уулум учун жашай баштадым. Тургун адаттагыдай. Уйдо деле турбайт. Жалгыздыктын азабында куурулуп жаттым. Уй жаймакчы болуп кызымын кундолугун таап алдым. Ага кызым бир топ жакшы нерселерди жазыптыр. Жарымынан откондо акыркы жолу жазганын окуп шок болдум. » Атасыз жашагандай эле болдум. Материялдык жактан камсыздаганыныз менен туулган кун, майрам эч нерсени чогуу откорбодук. Ата мээримине зар болдук. Атамы кутуп туну менен ыйлаган кундорумун баарына тукурдум. Атам жок менин олгон атам.» бул атасына жазганы экен. » Менин жалгыз ишенген Эрбол байкем. Апамды этият кыл. Эсиндеби санаторияга жатканыбызда апамын массаж жасаган ортагы. Ал атамдын аялы экен. Алар чогуу турцияга, Кытайга барышкан экен. Кызыгы анын торт баласын кошо алып барып ойнотуп аларды багыптыр атам. Бизге келгенде бир кун аран убакыт табат. Калган убакыты ошолорго кетиптир. Классташтарымын алдында кемсинип ата жонундо соз суйлой албай, дил баян жаза албай журчу элем. Ата жонундо жазбаганым болсун. Сен апамды ая, апамды сага тапшырдым» дептир. Мага эч нерсе жазбаган. Кызым кайдан кабар тапканын билбедим. Атасы жонундо угуп ооруп калган тура деп аны куноолоп жаттым. Германияга кеткен. Келе турган кунун куттум. Келгенде кату чуу салдым. Урундум. кыйкырдым. уруштум… Оозунан соз чыкпады. Кийимдерини алып чыгып кет дедим. Чыгып кетип жатканда уулум келди. Озунун жаш бала эмес экенин, уруштун себебин толук билгенге укугу бар экенин айтты. Мен кызымын кундолугун ага кармата салып эшике чыгып кеттим. Баарын окуп Эрбол атасы менен айтыша баштады. Сенин ордун жок уйдо кет деди. Тургун башын жерге салып чыгып кетти. Менин кызым отсо да азаптанбаганын , эркек затынын эссиз экенин тушунуп турдум. Кундор отту. Бир куну уйубузго ууру кирип, мени тигиле карап турганын коруп коркуп чыныра баштадым. Балам чуркап келип ууру менен алыша кетти. Ашкана бычагын алып аны кубалап жолго чыга бергенде кармап бычактап салыптыр. Кийин билбедимби ууру эмес Тургундун аялынын баласы экенин. Ал эмнеге келгенин да билбейм. Тургун аялына тили отподу. Арызыны кайтарып ал деп ал менен бир топ жанжалдашканын айтты. Аялы конбоду. Уулум тогуз жылга кесилип кетти. Алты ай откондон кийин телефонума чалышып, уулум абактан качып атышууда оор жаракат алып, ооруканада жан бергенин айтышты. Дуйного батпай, ар кунумду туулганымды жемелеп буркурап ыйладым. Байкуш балам мага кат жазган экен. Апа качып кетебиз менин топтогон акчам бар деп. Мени ойлоп качкан тура. А теледен болсо тынбай терроризмге шектелген бала атышууда оор жараат алып, ооруканада каза болду деп тынбай жатышты. Уулумдун соогуно жалаа жаап. Коп отпой Тургун келип кечирим сурады. Кечирбей кайда барам. Коз ачып коргонум жалгыз ушул калса. Жашагым да келбей ар кунумо наалат айтып журдум. Тургундун экинчи аялы да газга ууланып олуптур. Жашоо таш боор. Жаралып жакшылык коргон адамды корбодум мен. Эми мынтип журогу ооруп аран басып журот байкуш Тургун. А мен ар куну олумуму тилеп жашайм- деп ыйлап, козунун жашын кол кылды байкуш эже. Эжеге сабыр тиледим…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE