Атасынын баласы

https://kyrgyzcha.site/?p=44631&preview=true Кызыктуу окуялар.

Атасынын баласы

 

Эл катары үй-жай күтүп, түтүн булата баштадык. Жыл айланып тун уулум жарык дүйнөгө келди. Ал жарык дүйнөгө келгенде, жашоонун түйшүгү нөн башыбыз чыкпай, ар кайсы шаарлардын арасында чапкылап убарабыз. Мен алыста жүргөндө балам баса баштады. Аркасынан тили да чыкты…

 

Азыраак чоңоюп: «Мен да сиздей чоң киши болгум келет» — дей баштады. Ишке телефон чалып: «Ата, качан келесиз? Мен сагындым силерди» — деп калар эле. Жооп бергенден уяла: «Качан келерим азырынча белгисиз. Келгенде оюнчук ала келем көп-кө п» — демиш болчумун.

 

Жылдарым суудай тез өттү…

Балам он жашка чыкты.

Ага жакшы бир топ алдым.

Сүйүнү чтөн жүрөгү жарылчудай болгон баламдын өпкөсү казанбак:

— Рахмат, атаке! Тобуңуз аябай жакты. Кел, чогуу ойнойлу! – деп оюнга чакырат.

Мен ишти шылтоо кылып:

— Балам, азыраак күтө тур. Бул базар күнү бир иш бар эле. Бүтүрбө сөм болбойт, — дейм.

Балам ага да ыраазы боло:

— Макул! – деп жүзүнө н жылмаюусун азайтпай. – Мен да чоңойгондо сиздей болом! – деп кулагыма шыбырап коёт.

 

Арадан жылдар өтө берди.

 

Балам мектепти, университетти бүтүрдү . Бүтүрү ү кечеси келип, мен да башка балдардын атасы сыяктуу эле балама жакшы сөз айтышым керек болчу. Ошентип балама:

— Балам, сени менен сыймыктанам, — дедим. Балам:

— Келиңиз, бир аз сүйлөшө лү. Сиз менен сүйлөшө йүн дегенмин, — деди. Эркелей карап: — Ата, машинаңызды бере турасызбы? – деп суранды. Машинаны алган бойдон арадан жылдар өттү.

 

Пенсияга чыгып, бош убакыттан эмне кыларымды билбей зериккен учурум. Балам башка шаардан иш таап, ошол жакта жашап жаткан. Бир күнү телефон чалдым.

— Бош болсоң, келип кет. Отуруп сүйлөшү п, чер жазышалы – дедим.

— Жакшы болмок, ата. Карап көрөйү н. Бош убакыт болсо, барып калам. Силерди аябай көргүм келип жатат. Бирок азыр колум такыр эле бошобой жатат.

— Мейли. Качан келмей болдуң, балам?

— Билбейм качан экендигин. Азыр бир жерге иш боюнча барышым керек болуп атат. Капа болбоңуз мага. Мен барып келе калайын. Буюрса, жолугушуп чер жазышабыз.

 

Ошентип, телефонду коюп жатып баламдын балалык кездеги кыялдарынын орундалгандыгын түшүндү м. Баламдын балалык кыялдарынын. .. «Кантсе да, атасынын баласы…» — деп тим болдум.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️