Аракечтин кызы         7-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=69021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аракечтин кызы

7-болум

Бизди кармаган амиактар давляга алып келишти.Давля деген бул бизге окшогон халифат курабыз деген жер.Амиактар булар халифат курабыз деген амирдин желдеттери.Биринчи жолу качканыбыз үчүн бизге эскертүү берилди.Эгер кийинки жолу кармалган болсоңор,атып таштайбыз деп айтышты.Ал убакта эч кандай адилеттүүлүк болгон жок.Арабдар,сириялыктар,иран,европалыктар кандайдыр жол менен чыгарылып атты. Бари бир халифат курулат,силер эч жакка кетпей тургула деп кулагыбызга аябай куюшту.Атайы адамдарды аң сезимин бузат турган лекторлор бар болчу.Барып өзүңөрдү өзүңөр жардыргыла,эртерээк жанатка чыгасыңар деп айтышат.Жаш балдарды,аялдарды өзүн өзү жардырууга жөнөтуп атышты.Жашы он экиге толгон балдарды маскарларга алып кетишет.Маскар бул жаш балдарды согушка даярдоочу жер.Кичинкей балдар колдоруна курал кармап согушка кетип жатышты.Акыркы убакта жесирлер коп,эркектер азайып атты.Бир эркек төрттөн аял алат.Менин азербайжан күйөөм бизди издеп таап келди.Акыркы убакта ал деле үч аялын кетиргени аракет кылып жүрдү.Акыры өзү согушка кетип,ошол боюнча дайынсыз.2018-жылы аябай оор жыл болду.Мухажирлерди арабдар карабай калган.Мухажирлер деп бизге окшоп башка элден баргандарды айтышат эле.Бир машина тамак аш турса дагы европалыктарга,арабдарга берет.Биз жалдырап атып азыраак алат элек.Башында согуш башка жакта болуп,халифат орнотобуз деп биз тарап жеңип аткан.Канчалаган нефть турган жерлерди,банктарды басып алышты.Акча кеңири,биз дайыма ошондой жашоо болот деп ойлогонбуз.Бизге акча төлөнүп,каалаган тамак аш бекер берилчү.Акыркы убакта кундо бамбежка,тамак издеп чыккандар өлүп кетет же колу бутунан ажырап калат.Жесирлер көбөйдү,мурда эркектер риватка барса,эми согушка барып атышты.Риватка чыгуу бул бул нефть турган жерлерди,авиациаларды коргошот.Жашы эми он экиге толгон балдарды,ал гана эмес аялдарды согушка чакыра башташты.Алар өздөрү фатфа чыгарып алышат,эч кандай ислам динине байланыштуу нерселер жок.Баары эле динден билими жок,бирөөнүн айтканына ишенип,адашкан адамдар.Ачкачылыктан өлүп калбайлы деп чөптөрдү кайнатып жеп аттык.Кыргыз аялдар топтолуп чогуу жүрүп,бири бирибизди таштабай жардам берип жүрдүк.Согуш болуп атса дагы жумасына эки,үч жолу келип бари бир халифат орнолот,качам деп ойлобогула,качсаңар Аллахтын каарына учурайсынар,баары жакшы болот деп сабак өтүп кетет эле.Биздин максатыбыз эптеп күрдөрдүн колуна түшүү болчу.Бир күнү ондон ашык кыргыздар топтолуп алып,ар кимден сурап атып,күрдөр бар жерге жөнөдүк.Ар бирибизде жок дегенде бирден бала,кээ биринде алты бала бар.Он беш,он алты саат жол жүргөндө бизди алыстан байкаштыбы билбейм,асманга карап бирөөлөр ата баштады.Аялдар,балдары менен кетип жатканын көрүп эмнеге атып атышат экен деп,баарыбыз жерге жата калдык.

 

Уландысы бар.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️