6-болум
Экинчи күйөөм Хамид бутунан ажыраган менен бир бут менен деле согушка барам деп аракет кылып жүрдү.2018-жылы согуш күчөп ачкачылык башталды.Хамидке Кыргызстанга кайтып кетели десем,эми артка жол жок.Болоору болду деп көнбөй койду.Ошол убакта Хамидден боюмда бар болуп,таксикозум күчөп кыйналдым.Аллахым Махмуд менен жашаган убакта бала бербеди.Байкуш Махмуд артынан туяк калтырбай өтүп кетти.Махмуд акыркы күндөрү Сирияга келгенине өкүнүп жүргөн эле.Балким Сирияга келбесе өлбөйт беле?Биринчи көз ачып көргөн күйөөм үчүн мен Махмудду көп эстейм. Таксикозум оор болсо дагы, мен төрөп алайын деп ойлодум,төрөбөгөнгө айлам да жок эле.Кундо коркуу менен жашап жүрүп,мен уул төрөп алдым.Эч кандай оорукана жок,ошол жердеги аялдар мени төрөтүп алышты.Бир күнү Хамид үйгө жегени бир нерсе таап келем деп чыгып кеткен боюнча кайра кайткан жок.Хамиддин үстүнө бомба түшүп,ошол жерде эле жан бериптир.Хамид өлгөндөн кийин мени балам менен жесирлер үйүнө алып барып коюшту.Жесирлер үйүндө бардык улуттун аялдары бар.Кыргыздарды дагы ошол жерден көрдүм.Баарыбыз биригип калганда эмнеге келдик деп өкүнөт элек.Асманда учкан самолеттон түшкөн бомбалардан канчалаган аялдар,жаш балдар өлүп кете беришти.Кээ биринин колу буту үзүлүп кеткенин дагы өз көзүм менен көрдүм. Ошол убакта деле бари бир халифат орнойт деген ишенич менен жашап жүргондор болду.Мен тун баламды үйдөн төрөп,атын Хамза койдум.Ачкачылык өкүм сүргөн,эптеп жан багуу үчүн аялдар арабдарга алтын буюмдарын нанга алмаштырып атышты.Кантип Сириядан чыгып кетсем экен деп жолдорун караштыра баштадым.Сириядан акчага алып чыгат дегенди угуп,ар кимден сураштырдым. Жесирлер үйүндө аялдар,жаш балдар көп,ачкачылык катуу күчөп кыйналганымдан айла жок,эптеп күйөөм болсо болду деп,үчүнчү жолу азербайджан улутундагы кишиге турмушка чыктым.Азербайжан куйоом согушка кеткенде,баламды көтөрүп алып качмак болдум.Мен Махмуддан калган акчаны эч кимге айткан эмес элем.Бир күнү аялдар менен сүйлөшүп отуруп,Сирия Түркия чек арасына алып барып коё турган адамдарды таптым.Алар балам экөөбүзгө он миң доллар сурашты.Менде андай суммада акча жок эле.Эптеп үч миң доллар берем деп сүйлөшүп,менден башка эки аял бала чакасы менен бирге он бир адам болуп жолго чыктык.Баарыбыздын балдарыбыз бар.Ал күндөгү кыйналган күнүмдү сүрөттөп берүү оор.Себеби биз менен кетип жаткан аялдын баласы жолдун жарымында жан берип,эптеп бир чекеге коюп,андан ары жолубузду уладык.Баладан ажыроо эне үчүн канчалык оор болсо дагы,калган төрт баласын алып андан ары жол жүрүү керек болчу.Эртерээк кетип калбасак колго түшүп калуубуз мүмкүн болчу.Бизди баштап кетип аткан араб менен бири топ жерге барганыбызда,биздин артыбыздан келген адамдар кармап алды.Бизди баштап бара жаткан арабдын көзүн жоолук менен байлап,башка жакка алып жөнөштү.Ал жерден качкандарды атып салат эле.Эми бизди кандай тагдыр күтүп турат деп коркуп турдук.
Уландысы бар…










