Аракечтин кызы               4-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=69021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аракечтин кызы

4-болум

Биз барганда бизди тосуп алган араб улутундагы адамдардын колунда автомат,беттери тосулган эле.Бизди машинага салышып,алып жөнөштү.Чек арадан өткөндөн кийин бир суткадай машина менен жол жүрүп,бир шаарга келдик.Машинадан түшкөндө эле бир жагымда парк,экинчи жагымда оорукана бар экенин көрдүм,ошол убакта кандай жерде экенимди билген эмес элем,кийин билсек Рака деген шаар экен.Бизди алып келген арабдар бир квартирага алып киргенде,бизди жашы улуураак араб улутундагы киши кубануу менен тосуп алды.Биз менен келген эки өзбек үй бүлөөнү өзбектер жакка,менин күйөөм менен Халим тажик үчүн бизди тажиктер жашаган жакка бөлүштү.Бири биринин тилин түшүнөт деп өз улуту менен бирге жашаганы бөлүшөт экен.Бизди эртеси күнү машинага салып,башка шаарга алып барышты.Ал жерден тажик улутундагы адамдар жашаган үйгө алып барышты.Биз барган жерде эч кандай согуш жок эле.Биз барганда аялдар үйдөн чыкпай отурат экенин,эркектер үч айга машыгууга барат,машыгуу эки түрдө болот,бирөө аскерге даярданганы машыгуу,экинчиси Куран, сүрөөлөрдү жаттап машыгышат,кийин экзамен тапшырышат деп бизге түшүндүрүштү.Ошол күнү эле күйөөм машыгууга кетти,мен күйөөсү машыгууга кеткен аялдар менен бирге жашап калдым.Ошол убакта мен тажик тилин билбеген үчүн башында кыйналдым,бирок кийин тилди үйрөнүп кеттим.Бизге көчөгө чыгууга мүмкүн эмес бирок тааныш туугандарын болсо,ошол аялдарга барууга уруксат берилген. Күйөөм кеткенден кийин толук кырк күн өтүп кайра мен жашаган жерге келди.Куйоом келгенден кийин бизге башка үй берип,биз бөлүнүп кеттик.Ошол убакта баарына үй берилип,жакшы шарт түзүлгөн.Каяктан акча алганын билбейм,бирок күйөөм көп суммадагы доллар алып келип,бекитип койду.Сирияда ай сайын адам башына элүү доллардан берет,мага Сириядагы жашоо жагып аткан.Куйоом жакында дүйнөдө халифат курулаарын,буйруса балалуу болсок ушул жерге мектепке беребиз,биз ата энебиздикине барып турабыз,бирок Сириядан эч жакка кетпейбиз деп жакшы ниеттерди кылчу.Махмуд мага ата энен келбесе дагы,иниң келип кетсин,телефон чалып чакыр дей баштады.Айылда иш жок,мен акча салбай калдым,балким үйдөгүлөр кыйналып аткандыр,инимди жаныма чакырып алайын деп Махмуддун уруксаты менен үйгө телефон чалдым.Менин Сирияда экенимди уккан ата энем алгач коркуп кетишти.Силер коркпогула,Сирия силер ойлогондой согуш болуп турган жер эмес,бирөөлөрдүн жалган сөзүнө ишенбегиле,менде баары жакшы,инимди менин жаныма жибергиле,эгер жакпаса кайра кайтып кете берет деп ата энемди инимди Сирияга жиберүү үчүн азгыра баштадым.

 

Уландысы бар…

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️