3-болум
Ал эмне болгон иш,айлыгы канча деп Махмуддан сурасам,ал иш Россияда эмес,биз бул жерден кетип Түркияга иштегени барабыз деди.Мен Түркия десе кыргыз кыздарды сатат деген ой мээме сиңип калган экен.Махмудка сен мага үйлөнгөнүндү үйдөгүлөргө айтып ачыкка алып чыксаң мен сени менен Түркияга барам,мен сага кантип ишенемин,балким сен мени алып барып сатып жибересин деп айтсам,сен эмне жинди болуп калдыңбы,сен менин аялым экениңди Аллах билсе болду,Түркиядан кайтканда биринчи сенин үйүңө барабыз,ошондо ата энеңе айтам.Сен менин ак никелүү аялымсын,менин айтканымды кылуун керек деген Махмуддун Түркияга кетебиз деген сунушуна көпкө чейин көнгөн жокмун.Махмуд бир күнү үйгө бир кишини алып келип, экөөбүз нике кыйдырган элек,нике кыярдын алдында молдо Махмуд экөөбүзгө акыл насаатын айтып жатып,мага ата энен өлүп атса дагы күйөөңдүн уруксаты жок бара албайсың.Эми сен үчүн күйөөң жооп берет, күйөөңдүн айтканын кылуун керек деп айткан сөздөрүнөн улам,Махмуд мени ак нике менен алды,жамандык каалабаса керек деп акыры Түркияга кетүүгө макул болдум.Бирок ата энеме азырынча айтпай турайын дедим.Паспортумду алып кеткен Махмуд Халим үчөөбүзгө Түркияга билет алып келди.Биз көп өтпөй үчөөбүз Түркияга учуп кеттик,бизди Түркиянын аэропортунан Эргаш деген өзбек бала тосуп алып,бир үйгө алып барып,убактылуу ошол жерде жашап туруубуз керек экенин айтты.Ал үй эки бөлмөлүү,бардык шарттары менен Эргаш бизди келет деп тамак ашты муздаткычка толтуруп коюптур.Мен Москвада жүргөндө Акылай эже менен телефон аркылуу сүйлөшүп турат элем,эми мени таппай калып ата энеме айтып кабатыр болушпасын деп,Акылай эжеге мен турмушка чыгып Түркияга кеткенимди телефон чалып айтып коеюн,ата энеме чалып түшүндүрсүн,мени издеп кабатыр болушат десем Махмуд азырынча телефон чалууга эрте,мен өзүм айтам ошондо телефон чаласын деп көнбөй койду.Туркияга барган күндөн эле Махмуд менен Халим күндө бир жакка кетет,мен үйдө аларды күтүп отурам,Махмуддан каякка барып атасың деп сурасам,иштер менен буйруса жакында жакшы иштер башталат деп жооп бергени менен эч нерсени ачык айтпайт.Махмуд бир күнү мага хиджаб алып келип,Гуля сен эми мына кийимдеринди чечип хиджаб кийгин,менин артымда туруп менин кыймылыма карап намаз оку,үйдө бош отурбай сүрөөлөрдү жатта деп колума китептерди берди.Ансыз да бош отурат элем,күндө китеп окуп, сүрөө жаттап аттым,акыркы убакта Махмуд динге катуу берилип мени дагы беш маал намаз окугун деп талап коюп аткан.Бир күнү эртең жолго чыгабыз,эртең жолго чыгаардын алдында ата энеңе чалып,Сирияга кетип жатканыңды,ал жакта жашоо жакшы экенин айтасың,кийимдерди даярда деген Махмуд ошол күнү мага Сирияда болуп жаткан согуш жөнүндө айтып берди.Гуля мына жаш балдардын өлүп жатканын көрдүңбү?Биз ушуларды көрүп кантип тынч жашай алабыз,жардам берүүбүз керек мага телефон аркылуу Махмуд түрдүү видеолорду көрсөткөндөн кийин,барам сиз кайсы жерде болсоңуз мен жаныңызда болом дедим.Эртеси күнү Эргаш эки үй бүлөө өзбек улутундагы эрди катынды балдары менен алып келип,биз эки машина болуп Түркия Сирияга чек арасына жөнөдүк.Жолго чыгаарда ата энем кабатыр болот деп айта бергенимден улам Махмуд мага телефон чалууга уруксат берди.Бирок Сирияга кетип жатканымды айтпай,Түркияга иштегени келдим деп айт деди.Махмуддун телефон чалууга уруксат бергенине сүйүнүп,макул Туркиядамын деп айтам дедим. Узак кеткен гудоктон апамдын эртерээк телефонго жооп берүүсүн күтүп жаттым.Бир топтон кийин апамдын алоо деген үнүн угуп,апа кандайсыз,бул мен Гулгаакы,башка номерден чалып атам,апа мени угуп туруңуз,мен шашылышмын,буйруса дагы чалам,мен турмушка чыгып азыр Туркиядамын,атам,иним жакшы жүрөбү деп шашылыш апама сүйлөгөнүмдөн улам,апамын Гүкү каякка,кимге турмушка чыктың,кызым эмнеге Түркияга кетип калдың,тынч жүрөсүңбү,эмне болгон бала сени алып кеткен деген мага берген суроолорун жоопсуз калтырып,апа дагы чалам,азыр жолго чыгып атканбыз,сиздер кабатыр болбоңуздар,мен дагы чалам деп телефонду өчүрүп койдум.Мен ошол убакта баарын туура кылып жатам деп өз каалоом менен Махмудду ээрчип Сирияга кеткеним мага кийин азап берээрин билген эмесмин.Биз көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп, түн жамынган маалда чек арага жетип бардык.Биздин чек арадан эч кандай кыйынчылыгы жок өткөрүштү,чек арадан өткөндөн кийин,Сирия тарапта бизди үч адам күтүп турган эле.
Уландысы бар…










