Аракечтин кызы               1-болум

https://kyrgyzcha.site/?p=69021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Аракечтин кызы

1-болум

Апа,апа атам көчөнүн башында мас болуп жүрөт.Азыр үйгө келип тополоң кылса,кимдин үйүнө качып барабыз деп кичинемде атамдын мас болгонун көрүп,чуркап келип апама айтчумун.Апам байкуш иним экөөбүздү жетелеп,конушулардын үйүнө качат эле,ал жактан атам таап алгандыктан,акыркы күндөрү бош турган малканага кирип жашынат болчубуз.Энендурайындын аялы,дагы кайсы ойношундун жанына кеттин деген атам үйдү үч көтөрүп,жинди адамдай кыйкырып апамды издейт.Кокус апамды таап ала турган болсо,ой боюна койбой,чачынан тартып,тепкилеп кирчү.Ата,ата апамды урбаныз деп иним экөөбүз жалдыраганыбызга карабай,бизди кошо уруп кирчү.Кээ күндөрү бизди таппай чарчап уктап калчу,биз атам уктагыча малканада отуруп чыгат элек.Апам инимди көтөрүп,мени ээрчитип атам уктаганда үйгө кирчү.Атам эч жерде иштебейт,ар кимдин үйүндө кызматын кылып,алар атамды иштеткени аз келгенсип,көбүнчө арак куюп берип коюшат.Апам дагы ар кимдин кирин жууп,кызматын кылып,тапкан акчасына үйгө, тамак ашка керектүү нерселерди алат.Дайыма эле ар ким үйүнө кызмат кылдырууга чакыра бербегендиктен,көбүнчө чай менен нан жеп жатып алабыз.Тамак жеген күндөрү көбүнчө макарондон тамак жейбиз,эт качан жегенибиз эсимде жок.Мектепте окуп жүргөндө, классташтарымдан кысынчумун,себеби мен мектепке жупуну кийинип келгенимден,атамдын күндө мас болуп жүргөнүн көрүшүп,мени аракечтин кызы деп айтышчу.Сабакты кыйратып окуган жокмун.Кобунчо кийимимден уялып мектепке барчу эмесмин,апам иним экөөбүздөн башка төрөгөн жок.Атам бизди бакпаганы аз келгенсип,апама сен мага көп бала төрөп берген жоксуң,мен башка катын алам деп тополоң салчу.Колуна тийген буюм менен апамды уруп,алдына тамак алып келсе, ушул дагы тамакпы,итке тамак салып бергенсип күндө макарон бересиң деп дастаркондо турган тамакты дубалга атып урчу.Мен ушундай тополоң көрүп чоңойгон үчүн, атамдын кылган кылыктары жүрөгүмдөн азыркы убакка чейин кетпей койду.Себеби мен азыр 29жашка чыксам дагы,аракечтин кызы деп айтышат.Убакыт өтүп,иним экөөбүз чоңоюп,мектепти бүттүк.Атам акыркы эки жылдан бери такыр оозуна арак албайт.Апам байкуш өмүр бою атамдын таягын жеп,эки жылдан бери адамча жашап калган эле, атамдын көрсөткөн азабынан кутулдум деп турганда,эми менин азабымды тартып отурат.Сен колунда жок жердин кызы болосуң,ии сен Каарбек алкаштын кызы элең,атаң ичпей калганбы деген сөз дагы деле мени менен бирге жашап келе жаткандыктан,буйруса ушул сөздөрдөн кутулам,бутума турам деп,мен дагы Москвага жөнөдүм.Максатым жакшы иштеп,акча кылып инимди жаныма чакырып алуу, эки бөлмөлүү үйүбүзгө улап үй салуу,апама башка аялдар тагып жүргөн алтын буюмдарды алып берип,апамды кубанттуу болчу.

 

Уландысы бар!

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️