Пример HTML-страницы

Апамдын ажалын атам сурап алды. (Болгон окуя)

https://kyrgyzcha.site/?p=54151&preview=true Кызыктуу окуялар.

Апамдын ажалын атам сурап алды.√

 

(Болгон окуя)

Биз алты бир тууганбыз. Эки кыз торт уул. 2000- жыл болчу. Апам ооруп райондук ооруканага корунсо, суук тийген деп дары дармек жазып бериптир. Аларды ичип, он кундон кийин дагы барса, укол жазыптыр. Ага да болбогондо анан мага айтыптыр. Мен башка жакта жашагандыктан мурун билбегем. Апамды алып шаарга жонодук. Инимдин уйуно барып, иним экообуз анализдерин тапшырып бутуп , эртеси жыйынтыгына барып, иним алып чыкканы кирип копко кечикти. Чыгып эле

—Апа анализдерди кайра тапшырабыз. Эми башка жерге.

Экообуз тен чочуй тушконубузду байкай калып,

—Апа булар сиздин боюнузда бар экен дейт ко! Чынбы?

Кызара тушкон апам ,

—Койчу кайдагы созду айтпай!!

—Ошо, да мен да айттым апам 55 е чыкса кайдагыны айтасынар, силер текшергенди билбейсинер экен. Мен жакшы текшергендерге текшертем деп баса бердим. Туура кылыптырмынбы?

Апам да башын ийкеп,

—Туура кылыпсын балам. Ушундай да доктур болобу капырай.

Апама тамашага салып алдап жатканын, инимдин ойю бир жерде болбой кыжаалат болуп турганын байкап турсам да апамдын козунчо эч нерсе дей албадым.

Дарбазанын жанына токтоп,

—Апа сиз уйго кирип дем ала бериниз. Эртен дагы анализ тапшырганы барабыз.

Дарбазадан чыгып калган аялына карап,

—Апама жакшы кылып уйдун этинен кайнатма жазап бер. Эжем экообуз дарбыз алып келеличи, эжем жакшы тандаса керек.

Машына журушу менен, инимдин эмне жашырып жатканын сурадым. Бирок журогум оозума тыгылып, жакшы соз укпашымды сезип жаттым.

Апамдын тапшырган анализдеринен женский жагынан рак деп чыгыптыр.

Мен озумду токтото албай ыйлап койо бердим. Иним мени сооротуп,

— Врачтар женил туру экен деди. Операцияга берсек, дагы он беш жыл жашайт экен.Мен баары бир анализдерин Казакстанга жиберип текшертип корууну чечтим.

Ыйлай берип шишиген козумду коруп иним, ыйлаганынызды апам корсо шекшибесин. Озунузго келгенде кириниз деп кирип кетти.

 

Андан кийин уч саттай убакыт отсо да, козумдун шишигени тарамак тургай, кайра тоодой болуп чыкты. Апамдан ажырап калам деген куйут жанымды жеп, басыла албай койдум. Айла жок уйго киришке туура келди

Апам мени коро сала эмнеге ыйлаганымды сурап тынчсыздана тушту.

—Магазинден бироо менен урушуп кеттим. Жаман соз айтып согуп салды эле ошого ыза болуп ыйладым.

—Жинди неме го? Ошого ошончо ыйлайбы ,тенелбей баса бербейсинби

Апамдын ишенип калганына иним экообуз тен женилдей туштук.

 

Ошентип Экинчи анализдери Казакстандан да ошол диагноз менен келди .

Апама «бир турбаныз ириндеп кетиптир, ошону операция кылып алып койуш керек экен» деп алдап онкологический ооруканага жаткыздык . Ал эмне деген оорукана экенин тушунбой жатып калды.

Апамды даярдаганча айылга барып мал сатып акча алып келиш учун жонодум.

Кечинде уйго келип атама айтпай койо албадым. Экообуз бир убака чейин ыйлап бири бирибизди сооротуп отуруп, танга маал мал базарга бара турган болуп, уктап калган экенмин. Ойгонуп эле атамды таппай калдым. Издеп эшике чыгып, сарайдын аркасындагы дободо отурганын коруп, атамды карай жонодум.Эки жолу «ата’ десем да карабады. Жакындаганда, суйлоп жаткан унун угуп туруп калдым.

—Оо кудай Кекиндин ордуна мени ал!! Кагылайын кудай Кекиндин алдына ала кор. Мени артына калтыра корбо!! Кекиндин олумун козумо коргозо корбо!! Аны алгыча мени ал.!!

Мен атамдын жанына жетип барып

—Ата суранам экоон тен олбогуло!! Антип айтпаныз!

Мен тарапты караганда атамдын аккан жашы ээгинен тамчылап жаткан экен.

 

Мал сатып, акча кылып

ооруканага келсем апам жанындагы аялды коргозу

—Бечара келин рак имиш. Кудай жардам берсе экен,деп калды. Мен эшике чыгып ыйлап келем.

«Бул жерде рак менен ооругандар коп экен’ деп калат.

—Апа бул жерде аралаш жата беришет. Рак жугуштуу эмес да деп калп айтам. Озунун рак экенин билбестен башкаларды аяп, айыгып кетишин тилеп журот.

 

Апам операциядан чыкканда эч кандай рактын вирусу калбайт деп умуттонгонубуз бекер болуп, кийинки анализи да жаман чыкты.

Ыйлап сыктап журуп доктурлардын айтуусу боюнча, жок дегенде омурун уч жылга кармаш учун, химия терапияга бердик.

Бул этап менен дарылангандан кийин, башка укол дарынын таасири тийбей калат экен.

Чачтары тогулуп, арыктаган сайын журогубуз зыркырайт.

Уйдо жакшылап ,ысыка чыгарбай багып жаттык.

Атам апамдын эле козун карайт.

Кундор отуп, химия тер-я дан кийин бир жыл отту. Биз апамды кезек менен карап, менин кезегим бутуп уйумо келгениме уч кун болгондо, артымдан эле атам ооруп ооруканага тушуп калганын угуп, ооруканага жонодум. Келсем атамдын ону сапсары болуп кетиптир. Врачтар сарык деп таап дарылап жатышкан экен. Атам «эч жерим ооруган деле жок саргайып кеттин деп эле жаткызып койушту. Кемпиримдин жанына эле барайынчы» деп безилдейт.

Жатканына он кун болсо да жылыш болбогондо, шаарга жонодук. Ал жактан урой учурган «рак» деген диогноз чыкты.

Ооруканага он беш кун жаткандан кийин, доктурлар уйго барып он кун бул уколдорда алып эс алып келсин деп уйго чыгарды. Уйго келгенде эле алыстагы, жакындагы балдар кыздарын баарын чакыртып, бир койду сойдуруп, коноктотту. Эртеси кете тургандар кете турган болуп калганда, бугун калгыла деп кетирбей койду. Бир баласына тырмагын алдыртып, бирисине жуундуртуп, киймин которунуп, эшике чыгып тапчанда отуруп, балдарын бирден чакырып акыл айтып «Эми менин уйго киргизгиле да апан окообузду жалгыз калтыргыла» деди.

Апам атамдын жанында копко отурду.

Анан эле апамдын ыйлаганын угуп жугуруп кирсек, Атам узулуп кеткен экен…

Ошентип атамдан тез аранын ичинде эле ажырап калдык…

Атамын кыркы анан жылы отту.

Апам онуно кирип оноло баштагандай болду. Шаарга кезектеги анализин тапшырганы барганыбызда врачтар тан калгандан, эмне менен дарылаганыбызды сурашты. Албетте Элден укканыбызды эле кылып жаттык, бирок озубуз да врачтар тан калат турган жыйынтык кутпогонубуз чындык эле…

Кудайга мин мерте шугур!!! Апам азыр жакшы болуп кетти.

Апамдын ажалын кудайга жалынып журуп атам алып кетти.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE