АЛГАЧКЫ МАХАБАТ 2-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=102528&preview=true Кызыктуу окуялар.

АЛГАЧКЫ МАХАБАТ

2-бөлүм.

Башында анча маани бербегени менен Пери кыйла ойго чөгүп, эч ким менен иши жоктой, жоошуй түшкөнсүдү. Жан дүйнөнүн тынчтыгы кандай сонун ээ? Өзүндө телефон болбогондуктан дайыма Гүлмайрамдан сурап турду. Чалуулардан өчүрүп койгону менен Медер кайра чалып, Гүлмайрам толук маалымат болбосо да, бүдөмүк боолгоп Периге эмне болгонун сезди. Эртеси ишке келип баягыдай эле тултуюп отурган Периге күлүп:

— Медер күйөө балабы?

— Эмне, Майрам эже эмне деп жатасыз? Кайсы Медер? шашып калган Пери оңгулуктуу жооп бере албай булдуруктай түштү. Уурулугу кармалып калган жаш баладай күнү кечке бир кызыктай абалда жүрдү. Толкундоо, жүрөксүү деген нерселер эзип салды.

— Майрам эже эч кимге айтпаңызчы. Жакшы көрүп калдым окшойт,-деп кызарды.

-Билгем Пери, Медер чалды сен сүйлөбөй эле өчүрө берет турбайсыңбы? Эмнеге сүйлөбөйсүң?

-Билбейм эмне айтаарымды.

— Билесиңби Пери туура эмес кылып жатасың. Кыз башың менен ошентип аркасынан чуркайсыңбы эми?

— Эмне кыздар сүйгөнгө болбойбу? Эмне үчүн кыздар айталбай калыш керек? Мен айтам!

— Тообо, тообо многу кыз соо эмес, — азыркы эле Перинин кылыгын көрүп каткырып күлүп калды. Пери ызаланып ыйлап жиберди. Анан кантсин сырдаш эжеси күлүп жатса. Башкалардан жакын көрүп айтпады беле , ал эми эжеси көпчүлүктүн алдында күлүп жатат. Көп өтпөй баарына маалым да болду. Цехтегилер урушуп калышат, болду эми ойлонгонду токтот дешип. «Кыргызстан Обондору» башта эле өччү эмес, эми Кудай эле берип салбадыбы.

Ар бир сааттын башында жаңылыктар айтылып, даярдаган Медер Осмоналиев деген сөздү угуп, андан кийин берилүүчү ырларды өзүнө же Медерге арналып жаткандай кыялга батып калчу. Эгер жаңылыктар түрмөгүнөн кийин Жылдыз Белекова айтылса өзүнчө ошол айымдан кызганып жүрчү. Кандайдыр бир убакыттан кийин жаңылыктар түрмөгүн ким даярдаса ошол адам окуй турган болуп калды. Кээде күндүн биринчи жарымында окуса , кээде күндүн экинчи жарымында окушаар эле. Пери үчүн кыйынга турбады анын иштөө тартибин билип алуу. Жөө басса жарым сааттык аралыкта «Кыргызстан Обондору» нун кеңсеси жайгашкан.

Жумуштан суранып канчалаган күндөрү сырттан көргөнүнө курсант болуп жүрдү. Баары тааныйт Эдил Эркинбаев, Тынчтыкбек Кожобеков, Назгүл Айдаралиева, Лилия Абдубаитова, Жанара Атабекова, Чынгыз Мырзаевдер күндө болбосо күн алыс жок эле дегенде жумасына эки көрүп калышчу болду. Ошондой күндөрдүн биринде

-Пери, бул сенби? Эмне кылып отурасың? Бирөөнү күтүп жатасыңбы? Тааныш үн. Жүрөгү жарылып кетчүдөй дүкүлдөгөнү жанындагы адамга угулат.

— Ооба, мен сизди күтүп отурам,- деди жерди тиктеп туруп.

— Тынччылыкпы деги? Отурчу мындай. Өң алетиң кантет? Медер чындыгында Перини аяп турду.

— Билесизби, мен бирөөнү сүйүп калдым!

— Бактылуу турбайсыңбы, деген Медер ашыкча сөз айталбады.

— Кантип мен бактылуу? Ал адам менин сезимим тууралуу билбесе? — өпкөлөп ыйлап алды Пери.

-Уксаң Пери. Сен акылдуу кызсың. Ооба, кыздар да сүйүп калып көп азаптанышат. Кел мен жардам берейин ал кайсы адам?- сиз деп жиберээрин билбестен Перини сооротууга өттү. Бир туруп күлүп , бир туруп ыйлап:

— Ал адам мени сүйбөсөчү? Кайдагы бактылуулук?

— Сүйүүң жоопсуз болсо да, бактылуусуң. Мына мен эч кимди сүйбөптүрмүн.

— А мен сизди…. ыйлаган бойдон жетинчи кабаттан жөө чуркап түшүп баратты. Биринчи кабатта күзөттө турган Бакыт да чочуп кетти.

— Тынччылыкпы Пери? Көзүн алайтып кызды аяп турду. Келгенде күзөтчү аркылуу өтүш керек болгондуктан Бакыт экөө тааныш болуп калган эле.

Арадан канча күн өтсө да Пери өзүнө келе албады. Майрам аны чыйралсын деп урушуп да жүрдү. Кайдан өңү кер сары болуп күндөн күнгө соолуп бара жатты. Кыштын күнү. Күндөгүдөй эле жаңылыктар түрмөгүн окуп жаткан Медер, аягында аба ырайы сыртта -14 чуук деп алды. Цехтегилер жыргап жатып калышты. Шылдыңдаганы Пери.

Оңдоп кайра айтып жатып дагы бир ирээт сууктун ордуна «чуук» деп жатпайбы. Жүгүрүп сыртка чыккан Пери, токтоосуз дүкөнгө чуркады. Ал жерде минутасына эки сомдон чалып сүйлөштүрөөр эле. Телефонду көтөрөөрү менен:

— Ииий эмне деп салдыңыз? Саламдан мурун эле айткан сөзү ушул болду. Байланыштын аркы башынан каткырып күлгөн Медер:

-Менин сынчым да, угарманым да күйөрманым да сен экенсиң го, — деп калды. Андан ары сөздөрү деле уланбады, болгону Перинин жүрөк кагышы байланыштын аркы башындагы Медерге чейин угулуп турду окшойт.

 

Уландысы бар….

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️