Алыс өтүп кеткен күндөргө сарасеп салып, Пери жылмайып койду. Бирок эстеген адамы бул жалган дүйнөдө жок экенин ойлогондо «Бейиши болгур» деп көзүн жаштап да алганга жетишти.
Он жетиге жаңы чыгып, мектепти жетишкендиктер менен бүтүрсө да Пери чоң окуу жайына окушуна ошондо эле көзү жетчү эмес. Анткени, кендирди кескен жетишпестик эле. Тагдыр аны да өз нанын таап жесин дедиби, шаарга кеч күздө келип калды. Жасаган иши деле жок, эжесинин балдарын каралашып үйдөгү эле жумуш менен убара. Бирок, бул жерде да чыдап отура алган жок. Эптеп өжөрлүк кылып жүрүп тигүүчүлүктү үйрөнүп, аз да болсо ата-энесине каралашып калып жатты. Цехте иштеп, жакшы досторду, эже-сиңдилерди күттү. Баардыгы шарактап, уккандары радио. Кыргыз тилин жакшы көргөндүктөн башка радиого котортчу эмес , укканы «Кыргызстан Обондору».
Өзүмчүлдүгү элде жок, түндүк-түштүк болуп сөз козголсо, өзүн коёрго жер таппай калчу. Бөлүнгөндү жаман көргөндүктөн кээси менен пикир келишпестиктер да болуп калчу. Жигиттер менен деле сүйлөшпөй корсулдап, деги койчу кыздай болуп созулганын көрчү эмеспиз. Күндөгүдөй эле радио угуп отуруп, ыр жазууга шыгы барларга конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жолдомо берилээри айтылып калды. Анча мынча жазган ырларын жыйнап алып, Пери да айтылган дарекке барды. Жыйынтыгында окуп билим алуу, чоң акындар менен баарлашып дагы да изденүү керек экени айтылганда эле көп ойлонбостон «Кыргызстан Обондору»нун кеңсесин көздөй жөнөдү.
Анткени ал жерде Медер Осмоналиев аттуу журналисттин ырларын угуп калчу да.
-Саламатсызбы, Медер агайга жолуксам болобу?
-Азыр келе элек, шашпасаңыз бул жерде күтүп турсаңыз болот,- деген кабылдамачы кыз жумшак диванды көргөздү. Кирип чыккан ди-джейлерди тиктеп коюп отуруп » Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» деген сөздө калет жок экенине дагы бир жолу ынанды. Мамилелери сылык, маңдайлары жарык, баардык жагынан төп келген адамдарды ары-бери өткөрүп, сонуркап отурган. Оюн тиги кыздын сылык сөзү бузуп жиберди.
— Медер, сизди бул кыз күтүп отурат,- деген. Көргөн көзүнө ишенбей таңыркап калды, Пери. Анткени ал чачын ак аралап улгайып калган агайды күтүп отурган да. Чыкыйган жигит турат жанында, аптыгып оңдуу да саламдаша албай:
— Мен сизге ырларымды текшертүү үчүн келдим, -дей калды.
Перини ыңгайсыз абалдан сууруп кетүүгө Медер аракет кылып
-Келиңиз, башынан баштап айтыңызчы, сизди мага ким жөнөттү?
— Жоок, неме, мен өзүм эле , шашып калган Пери эч нерсе оңгулуктуу түшүндүрө албай , ызаланып ыйлаганы аз калды.
-Коош, бизден кандай жардам. Өзүңүздү эркин сезиңиз. Эмне себептен ырларды текшериш керек? -дегенде жаңы уйкудан ойгонгонсуп бир аз уялып сөз баштады. Сынакка катышып өтпөй калганын, өзүнөн улуу акындар менен пикир алышуу керек экендигин, Медерди да чоң киши элестетип келгенин айтып өттү. Бир аз күлүп,
— Рахмат ошончо баалап келгениңизге. Анда азыр дептерчеңизди алып калайын, кийинчерээк келип алып кетесиз-деп, номер жазылган кагазды сунуп, коштошуп Пери чыкканда узатып кала берди. Арадан канча күн өтсө да оюнун баары Медер эле. (Азыр да уйкудан ойготуп сураса телефон номерин буйдалбай айтып берет да. 0502280189 деп). Өзүнүн телефону болбогондуктан ар кайсы телефондон жок дегенде үнүн угуу үчүн да коңгуроо кылып, «Алло» деген коңур үнүн укканда дароо өчүрө салчу анткени денесин майда калтырак каптап калчу да. Түзүк эле өзүнө ишенген кыз заматта апкаарып, түз жолдон чалыштап калгансыды. Көпкө барып өзүнө келген Пери адаттагыдай эле баары үчүн өзү чечип койду. Дептерчесин алганы барганда ачык сүйлөшүп келүүнү пландап телефон чалып жолугушуу күндү белгилешип алды. Бирок жумушуна байланыштуу Медер ал убакытта жолуга албай, дептерди кесиптеши Назгүлгө таштаганын айтып кечирим сурап калды. Кантсин келгени менен Пери да ачык сүйлөшө албасын сезди.
Уландысы бар.










