Караӊгы түн. Жалгыздык жанга батты. Күндүз го бир нерселерге алаксыйсыӊ. Түн ичинде ойлор кубалашып, биринин артынан бири куюлуп токтобойт. Токтотконго кудурет да жетпейт. Тамчылар кубалашып тереземди чертти. Тамчыдай сезим сен деп баракка тамды.
Тамчы жаш… Тамчы сезим… Анан дайрадай сагыныч… Сагындым сени. Оттуу көздөрүӊдү сагындым. Жиндидей болгон кыял-жоругуӊду сагындым. Окшош күндөрдөн, жумуштагы кыжы-кужудан тажадым, эӊ башкысы, сенсиз жашоодон тажадым. Күчтүү колдоруӊ кайда жетелесе ошо жакка жетеленип, экөөбүздүн тагдырга бет алгым келет. Билем, ал жол сүйүү гана эмес, таманыбызды жооруткан таштак жол болот. А балким, биз күтпөгөн ой-чуӊкуру, бурулуштары бар чыгар. Мен баарына даярмын. Сен гана келсеӊ болду… Батыраак келчи… Суранам сенден…
ххх
Ала качып кетишти. Сенин апаӊ салчу жоолукту башка аял салды. Сага арнайм деп жүргөн аруу денемди бөлөк адам каалаганындай уйпалады. Жүрөгүмө жат, таптакыр бөлөк адам… Сезимим сенек болуп, денем музга айланып катып калды. Бирок көөдөнүмдөгү муштумдай жүрөк гана булкунуп, өзүнүкүн издеп, өзүнүкүн талап кылып жаналекетке түшүп жатты. Кызык, ал мен жөнүндө укту бекен? Укса кандай абалда калды экен? Ыйлагандыр, ээ? Өксүп экөөбүздү ажыраткан тагдырга наалат айткандыр. Анан соолугуп мени унутууга бел байлагандыр…
А менчи? Мен унута алар бекем… Байкушум ай, эмне кылайын, экөөбүздүн ыйык тилегибиз, бийик максаттарыбыз алардын таман алдында тебеленип калбадыбы…
ххх
Канчалык ойлонсом да күйөөмдүн ойлорун түшүнө албадым. Ушунчалык караӊгылыктын айынан же сезимдин сенектигиненби?
«Элдей болуп эле көнүп кетет, минтип ала качып үйлөнгөндөр толтура да, сүйүп эле жашап кетет» деп ойлоду. Мен шорума көрүнүп анте албадым, көзүмдүн кареги менен теӊ айланып турса да көкүрөгүмдү мыжыккан ыза коё бербей койду. Сүйгөнүмө эмес, башка адамдын аялы болуп калганыма баш ийгим келбеди. Жылмайып жылуу сүйлөй албадым, күйөө эмес, бейтааныш адамдай да жылуулук бере албадым. Ошондон улам ал байкуш да өзүнөн өзү чүнчүп, басынып кыйналды. Эми алды жагыбыз туӊгуюк, алдыга бирге басалы десек болчудай эмес, артка кайтканга намыс жол бербейт.
ххх
Көрдүм сүйүктүүмдү. Арыктап, жүдөп калган экен. Жүрөгүм тыз дей түштү. Эч нерсе деп сүйлөй албай туруп калдык. Бет алдымдан чыкканынан басып кете албай туруп калдым. Сагынганымды, сүйөрүмдү айтып, ааламды жаӊырта бакырып алгым келди. Анте албадым. Көөдөндөн туулбай жатып өлүп калган сөздөрдү көзүм айтып жатты. Сен да менден бир нерсени күткөндөй болдуӊ. Бирок акым бар беле ошо сөздөрдү айтканга? Араӊ баш ийкеше аргасыз ажыраштык. Сенден алыстап бара жаттым. Бүттү! Бир аз бүлбүлдөп күйүп жаткан үмүт оту жалп өчтү. Сен жашап жаткан кооз дүйнөм бүлүндү. Дилимде дилгир каккан сен жөнүндөгү жомогум бүттү. Бирок дагы деле көӊүл түтпөй сен жакты карап кылчактап жаттым. Адатыӊча аркамдан келип кучактап, көз жашымды сүртөбү дедим окшойт. «Баарын башынан баштайлы, мен баары бир сенсиз жашай албайм» деп айтышыӊды күттүм. Бирок сен ордуӊдан жылган жоксуӊ. Өзүӊдү кандай күч менен кармап турганыӊды сездим. Рахмат сага, сен артымдан келгениӊде баш тарта албайт элем, ал үчүн ичимдеги наристени да курмандыкка чалат белем. Мени коё бергениӊ менен бир адамды сактап калганыӊды билдиӊ бекен?
Бул тагдырга ким күнөөлүү, менби же сенби? Жок, буга биздин жапайы салт күнөөлүү, ошондуктан эч качан ала качып үйлөнбөгүлөчү, жигиттер!