Пример HTML-страницы

Ак-Талаада кокон гилас, карагаттын түрүн өстүргөн Т.Ажыманбетов миллиондорду таба турчу бизнесин көрсөттү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Тариэл Ажыманбетов алмурут, карагат, алманын түрүн өстүрүүдө. Багбандын бакчасы менен аймактык кабарчы таанышып чыкты.

Каарманыбыз Тариэл Ажыманбетов эч нерсе өспөйт деген Ак-Талаа жергесинде, өзүнүн чакан бакчасында карагаттын 4 түрүн, алмуруттун 2 түрүн, өрүктүн 3 түрүн, кокон гиллас жана ошондой эле мүшөктүн ичине бадыраң өстүрүп, бакча жемиштерин өзү өндүргөн биогумус менен азыктандырып келүүдө.

Ал алмага караганда алмурут өстүрүү оңой болгондугун айтты.

«Алмурут өстүрүп жатканыма 4 жылдын жүзү болду. Алмуруттун «токой периси» жана «талгарка» деген 2 түрүн өстүрүп жатам. «Токой периси» деген түрү эрте бышат. Алма өстүрүүгө караганда алмуруттун бул түрүн өстүрүүгө азыраак мээнет кетти. Августта бышып, жегенге жарап калат. Ал эми «талгарка» түрүн «алмуруттун атаманы» деп коёт экен. Чоң-чоң өсөт. Муну октябрь айынын аягы, ноябрь айынын башында терип алсаң, январь ичи жейт экенсиң. Таттуу дагы болот. Эл: «Алмурут өспөйт» дей беришет. Элге «мына өстүргүлө, өсөт, көрдүңөрбү» деп көрсөтүп жатам. Мындан тышкары, өрүк, кара өрүк жана Лейлекте өскөн «кандек» өрүк дегенди өстүрүүдөмүн. «Кандек» өрүккө 2 жыл болду. Бул деле мөмөсүн байлады. Ошондой эле, түштүк жергесинде өскөн кокон гиллас отургузган элем, бул деле өстү», — деди Тариэл Ажыманбетов.

Каарманыбыз 6 жылдан бери карагаттын 4 түрүн өстүрүп, көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барууда.

«Бул жерде карагаттын 4 түрү бар. Мындан 5 жыл мурун отургузгам. Ак карагат, кызыл карагат жана кара карагаттын 2 түрү бар. Карагат өстүрүү оңой экен. Болгону суусун кенен берип, түрүн жумшартып туруу зарыл. Бул жерде мурун отургузган 70-80 түп карагат болсо, быйыл 120 түп карагат отургуздум. Карагаттын ар бир түбүнөн 1 чакадан түшүм алып, 1 килограммын 250 сомдон саттым. Учурда ак карагат менен кызыл карагат бышып, терип алып сатып жатабыз. Ал эми кара карагат кечирээк бышат экен. Быйылкы жылы отургузган карагаттарды буйрутма менен Польшадан алдыртып, «Тибен», «Тизель» жана «Бен Тиран» түрлөрүн отургуздум. Элге кайрылып кетет элем: Бакыт, берекени башка жактан издебей бакчадан деле издесек, аракет кылып иштесек болот экен. Бул деле киреше булагы. Меникиндей бакча ар бир үйдө бар. Мисалы, мен бул бакчама жалаң карагат отургуза турган болсом, бери дегенде 1 миң түп карагат батат. Ар бир түбүнөн чакадан карагат алсак, аны сатсак, 1 жарым миллион сомдон ашык акча болуп жатпайбы. «Бизде өспөйт, түштүктө өсөт, Чүйдө өсөт» дешет. Мынакей, өсүп эле жатат», — дейт багбан.

Мындан тышкары, бакчасында мөмө-жемиштерин өзү өндүргөн биогумус менен азыктандырарын айтты.

Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE