(8-бөлүм.)
«Өх» деди Ракыя,шүгүр дейин,кы-
зым акылына келсе керек,болбосо айтканынан кайтпас эле.Акмарал да,бул кептешүү жеңил болгонуна куба-
нып,ичинен сүйүндү.
Токтосун өтүкчүлүк кесипти,жөн жеринен тандаган жок,райондун борбо
рунда жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы жарыяланып,көзүңөргө эмне биринчи урунса,ошону тарткыла деген тапшыр-
ма берилип,анын көзүнө,жөнөкөй бал-
дардын тапичкеси урунат.Жөнөкөй эле
балдар кийген тапичкени тартып,жак,-
шынакай кылып,өзү каалагандай шөкөттөп коёт.Ал тарткан тапичкенин
сүрөтү баарына жагып,сынактын уюш-
туруучусу,борбордогу «Кадам» балдар-
дын бут кийим фабрикасына көргөзүп,
жактырылып,фабрика өткөргөн бут
кийимдердин үлгүсүн талкуулаган «Кыялымда учамын» сынагына каты-
шып,байгелүү орунду алат.Ал «өтүкчү»
эмес бут кийимдердин үлгүсүн жара-
туучу болгусу келет.
Түшүнбөгөндүктөн,же түшүндүрбө-
гөндүктөн,»өтүкчү» десе эле,жыртык
маасы өтүк жамап,кичинекей «будкада»
отурган,райборбордогу Хаким өтүкчүнү
элестеткен Ракыянын,кыжыры кайна-
чу.Энесинен эртеңкиге уруксатты жеңил алган Акмарал,эртеңкиге камда-
нып,Токтосунга кантип жолугаарын бил
беди.Экинчи бейчеки кезикмей жок,чо-
гуу басмай жок деген Токтосун да,орду-
на отура албай,экөө жолукчу жерге ка-
рай,балким көрүп калса,»үйүбүзгө»чур-
кап келээр деген ниет менен,үңкүрдү
көздөй жөнөдү.
Карып атын сазга тушап коюп,үйүн
карай келе жаткан эле,алдынан чыккан
Токтосун салам берип,нары басканда,
караңгыда кайда бара жатасың балам
деп,кайрылды.-Үйүбүзгө,бул сөздү Ток-
тосун айтаарын айтып алып,ыктытып
калды да,тез-тез басып узап кетти.
«Чунак бала,үйүң ушул жакта беле деген Карып,күңкүлдөй жылмайып жолуна түштү.
Акмарал Токтосундун өткөнүн бай-
кабай калган,качан гана чайга олтурган
атасы:-Тургунбектин «күчүгүнүн» иңирде
бейит жакта эмнеси бар,кайда десем ,
үйгө дейт,мээси тегеренип калганбы
деп,карс-карс күлдү.Акмарал ушуну эле
укпай тургансып,акырын эшикке чыкты
да,өз жолу менен,эликтей түйүлө чуркап жөнөдү.Ал Токтосунду жолдон
кезиктирди.
(Уландысы бар.)