Пример HTML-страницы

Ак бейит 31 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(31-бөлүм.)

Карып аларды утурлап келе жат-

кан,бейитке жете электе,дикилдеп

келе жаткан экөөнү көрүп,Марал мен

тосуп келе жаткам,деп үн салды.

-Ботом,ийик ийрип,тор токуп жаттыңбы,эрте эле баспайт белең утур-

лап,деген Ракыянын кебетесин көрүп,

унчукпай күнөөлүүдөй болгон Карып,ай жарык турбайбы,кудай сактасын деп

кобурады.

Үчөө үн катышпай чай ичишти,Ка-

рып жумуртканы сууга бышырып кой-

гон экен,кечке ооздоруна бир нерсе

албаган экөөнүн эки колу бир оозуна

түтпөй жатты.-Дем салдыбы?-Ооба.

Суроо да,сөз да кыска болду.Ракыяга

молдокенин унчукпаганы табышмак

болуп,арам ойлор такыр кетпей койду.

Үйүбүз деп,жолугуп жүрүп,бирдеме бо-

луп калдыбы,молдоке бузулганын би-

лип,унчукпай калдыбы?Айтор,жакшы

ой келбеди ага.

Окууга тапшырганга мелициналык

аныктама керек,аны райондун борбору-

нан өтүүсү керек.Ракыя райондук поли-

клиникада иштеген Тумаркан деген ке-

линге табыштады Акмаралды,ал анык-

тамаңарга кыз,кыз эместиги да текше-

рилип,жазылабы деп сурады эле:-Кою-

ңузчу жеңе,онду жаңы бүткөн кыздын

эмнесин текшеребиз,же кызыңыздан

күмөнүңүз барбы,гинекологияга алып

барсаңыз эле текшерип беришет деп,

бир кызыктай абалда Ракыяны карады.

Каап,бул шүмшүктөн сурабай эле

койбой,деп өкүнүп калды Ракыя.Акма-

ралды медициналык кароодон өткөрүп,

аныктаманы алган соң,гинекологияга

ээрчитип жөнөдү.Ракыя врачка кирип

чыккан соң,Акмаралды кир деди:-Че-

чин,креслого чык,капырай эл эмне бо-

луп калган,кызымдын кыз экенине

ишенбей турам деп,чөнтөгүнө кызыл

он сомдук сала койгон,бул аялга таң

кала,текшерип берип коюңуз деген

өтүнүчүн аткармак болду.-Эмнеге

чыкмак элем?Акмарал түшүнө албай

турду.-Бул сенин өз энеңби же өгөйбү

деп сурады врач,иштегениме отуз жыл

болду,кызымдын кыз экенине ишенбейм,ага айтпай текшерип бериңиз дегенди биринчи угушум,эмне

жигитиң барбы,сени ким бузду,чының-

ды айт,боюңда болуп калса,кандай бо-

лот,биринчиңди аборт жасатсаң,төрө-

бөй калуу коркунучу да бар,кел эми кө-

рөйүн.Акмаралдын оозунан сөзү түштү

да,эшикке чыкты.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE