Ак бейит 29 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(29-бөлүм.)

Ракыя Чагалдактын сөзүнөн кийин,

чычырканакка отургандай болду,эмне-

си болсо да,Акмарал менен ачык сүй-

лөшүүнү каалады.

Чагалдак жайма-жай кызылыраак

куйчу,байбиче деп,ысык боорсок менен

чай ичип,шашкан түрү жок.Айылдын

башынан кирип,аягына чыкты да,атаңдын көрү,кызыл тилиңдин гана

заары болбосо,берген чайыңа беш

сарттын чаңкоосу канат деп,Ракыяны

азилдеп,чыгып кетти.

-Маралтай,сен чоңоюп калдың,акыл

дашаарым,муңдашаарым,сырдашаарым сенсиң.Чыныңды айт,оозумдан кара

мышык,ак мышыгымды чыгарбайм ба-

лам.Эски көрүстөнгө эмнеге бардың,ал

жакта жоготкон эмнең бар.Токтосун менен жолугуш үчүн жосунсуз жорук

баштап,көрүстөндөн жолугуп жүрөсүңбү?Жер сыйпалап эле таппай

калам,калың бадалга арак ичип алып,

соолукканы айылдын алкаштары барып,жатып жүрүшүп,Каранын кызын

ошол жерден зордуктап кеткенин биле-

сиңби?Энеси кайгысына чыдай албай,

оорулуу болуп калды.»Көп баскан аяк,

бок басат балам»,мен сага жамандык

каалабайм,айтчы сырыңды деди.

Акмарал энесинен муну күткөн эмес,

калп айтууга да,сөздүн эби келбеди.Ал

түгүл,Наалы байбичени,баласы менен

Токтосун болуп,чуркап келе жатканын,

калың бадалга жыгылганын да айтты.

Көзүн буудум,эсинде калбайт деген Кары молдонун сөзү,төгүнгө чыгып,ушу

нун баарын көргөн кызынын сайрап ол

турганын уккан Ракыя жанынан түңүлдү.Акмарал Токтосунду жакшы

көрөөрүн,ага турмушка чыгаарын айт-

канда,бешиктен бели чыга элек жа-

тып,айтканын,соо болгой эле деген

күдүк ой да,аралап өттү.

Сен балалыгың менен сезбей жат-

саң керек балам,эртең Кары молдоке

айткан татар молдого барып,дем сал-

дыртып келейин,эрте үй жумуштарын

бүтүрүп,эртеге жолго чыгалы деди,Ракыя.

Акмарал Токтосунга жолуккусу кел-

ди:-Апа,мен Жийдеш эжеме барып,окуу

га кетип жатам деп,коштошуп келсем,

болобу?Оку,оку дечү эле го,ал апасын

суроолуу карады.Ракыянын чындап,

ачуусу келди.Убадасына жараша,жа-

ман айтпайын деди да:-Аякка эмне бар,

сен барганда,Жийдеш тура калмак бе-

ле,айтчуңду айтып,атаңа куран багыш-

тат.

(Уландысы бар)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️