Пример HTML-страницы

Ак бейит 26 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(26-бөлүм.)

Акмаралдын алдын тосуп чыккан,Токтосун аны шарт колдон алды да:-Марал мен Наалы апа менен

уулун көрбөдүмбү,алардан эмнеге кор-

кушат,эч нерсе деле кылышпайт экен

го,мен сени күтүп отурганча,алар мени

кечке карап олтурушту деди,тек гана.

-Эмне дейсиң,качпайсыңбы,корккон

жоксуңбу,Акмаралдын көздөрү алая

түштү.

-Эмнеге коркмок элем,алар эч нерсе

кылышкан жок,кадимкидей эле басып

жүрүшөт,бир күнү келип көрбөйлүбү,сен

деле коркпойсуң.Ал эч нерсе болбо-

гондой жай сүйлоп жатты.Акмаралдын

бүткөн боюн калтырак басып,канчалык

катуу басса да,кадамы арбыбай,Токто-

сун тигилер менен ээрчишип келе жат-

кандай туюлуп,дикилдеп жөнөдү.

-Марал дейм,кайда?Мага ишенбей

жатасыңбы,мен көргөнүмдү эле айт-

тым,Токтосун да анын артынан тез-тез

басып келе жатты.

Бир уядай болгон калың бадал бар,жол жээгинде,боз үйдөй болуп,теге-

рене өсүп,кирип кетсе киши көрүнбөйт.

Ошол жерге жеткенде,артын кылчак

караган Акмарал,Токтосун,Наалы бай-

биче,уулу үчөө текирең таскак салып

чуркап келе жатканын көрүп,нес боло

буту ордунан жылбай калды.Качан га-

на Токтосун жанына келгенде:-Алар

кайда калды деп,шалак деп жерге

кулап түштү.

Карыптын кызы калың бадалга ку-

лап,тил ооздон калыптыр деген сөз

айылга ак жаан төгүп кеткендей эле

тарады.Үйүнө Тургунбектин баласы

көтөрүп келиптир дешсе,ботом ал экөө

ал жакта эмне кылып жүрүптүр,соо

эмес,ээрчишкендери башкача болчу,

Ракыя элге сын такса,оозунан көк түтүн

чыгат,эми «көрказардын» баласына

кызын берип,жаны тынсын.Көкөлөтөөр

да,көмөлөтөөр да,эл эмеспи,көрүнгөнү

көрүнгөндү айтып,саймедиреп жатыш-

ты.

Кары молдону алдыртышып,дем сал

дырган соң,Акмарал көзүн ачып,»апа»

деди.Ракыя «апаң садага кетсин,кагы-

лайыным» деп,чекесинен өптү.

-Апа,мен аларды көрбөдүмбү,ал кай

ра эс учун жоготту.Кары молдонун де-

ле карылыгы жетиптир:-Алым келбей

жатат,бала майып болуп калбасын,куу-

раган Наалы жөн жатсаң боло,кызыңар

ды жыгылган жерине алып баргыла,

ай батканда,дем салайын,көзүн бууюн,

арбак жөн эле кишиге көрүнбөйт.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE