(21-бөлүм.)
Токтосун үйүнө келээри менен че-
чинди да,апасынын тамак ич дегенине
карабастан,үңкүргө жөнөдү.Үңкүрдөн
көп өтпөй жолдон бир аял менен бир эркек ээрчишкен бойдон,бейиттин асты
менен ылдый түшүп кеткенин көрүп,Ак-
марал келбей турса экен деп ойлоду оюнда,себеби үңкүрдөн экөөнү көрсө,
сөзсүз айылга,ысыгында жетээри бел-
гилүү эле.-Кайда баратасың «күчүк»,
деген Чагалдак,чекесинен терин шыпы-
ра,Токтосундун сунган колун маалка-
тып барып,араң алды.-Алтыганага ба-
ратам деген,Токтосундун колунда эч
нерсе жок эле.-Алтыгана азыр жашык,
шыпыргыга кеч күздө алыш керек,азыр
гүлдөп калбадыбы деп,кечке калба,ке-
чээ Абдынын машинеси ушул жерге келгенде бузулуп,кемпир менен баласы
көзүнө көрүнүп,Абды Карыптыкына өл-
гөн талганда араң жетиптир деп,оозун
жыйганча:-Байке ал эмне болгон кем-
пир менен бала,мен деле көрдүм алар-
ды.Жаңы эле этек ылдый кетишти деди.-Ээ,койсоңчу.Кайдагыны айтпа,
көрө элек,сен эле калдың эле,ушул
жолдон жүз өтөм,менден көп өткөн киши жок,бир жолу да көрбөдүм.Отур,
куран багыштап коёлу,ал мандаш току-
на,көк чөпкө олтурду.Ал эмне болгон
кемпир деп сурагысы келди:-Кечке кал-
ба,коркуп калсаң оору болосуң,алтыга-
наны бирөө жарым менен келип ала-
сың.Бул аймакка киши баспай калга-
нына канча болду,ал да сүйгөн кишисине көрүнөт окшобойбу,мага бир
да жолу көрүнбөдү деп,капалана айылды карай жөнөдү.Токтосун үңкүр-
гө кирип,ордуна олтуруп,сыртты карады.Туура жолдун боюндагы бир
кулак суу жүгүргөн арыктын жээгинде
жанагы кемпир,чоң эле бала менен Ток
тосунду карап олтурат.Чагалдак жаны-
нан эле өтүп кетти,сыягы мурда көрүш-
сө керек,учурашышпады.Токтосун алар
ды,алар Токтосунду тиктеп,көпкө олтурушту.Качан гана,Акмаралдын ка-
рааны көрүнгөндө,Токтосун үңкүрдүн
оозуна тура калды да,кол булгалады.Ал
сүйүнө,алдыга басты эле,кемпир менен
бала жер жуткандай жок болуп кетиш-
ти.Ошондо гана,ал бейиттеги кемпир менен бала тууралуу укканына маани берип,Акмаралды беттеп чуркады.-Мен
сага бул жакка барбайлы дебедим бе-
ле,ал акырын сүйлөдү.
(Уландысы бар.)