Пример HTML-страницы

Ак бейит 19 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(19-бөлүм.)

Бул безилдеген неме Чагалдак,Карып

таякебиз деп,коёт.Эртеден кечке жер

сууну кыдырып,кимдин малы каерде,

ким кайда кетти,айылга ким келди,ай-

тор,айылдын «көрөгөчү»ушул киши.Ак-

марал катуу уялды,уялганынан да,эми

тил угат,көрүстөндө эмне кылып жүрө-

сүң десе эмне дейм.Башкадан да,ушул

Чагалдактын көргөнүн айт,ал бушай-

ман боло,Чагалдактын алдына түшүп

жөнөдү.Акмарал аны өзү менен чогуу

үйгө барат экен деп,ойлоп келе жаткан.

Айрылышка келгенде:-Жалгыз ал жак-

ка барбай жүр каралдым,бейиттен топу-

рак алабыз деп,эски мүрзөнү чукушуп,

Каласалынын баласы жинди болуп кал

ган,көзүнө арбактар көрүнүп.Ошол үчүн

ал жакка эч ким бара албай,жаңы жол

астына көчүргөнбүз мүрзөнү,мен анда

солкулдаган жигит элем,күл бото чукуп

жатса,көзүнө көрүнүп,чечинип айыл аралап чуркап,бир айыл кармай албай

койгонбуз.Элиргени басылып,молдого

окутуп жүрүп,эсине келген.Бирок,оору-

луу болуп,энеси байкуш өмүр бою аза-

бын тартып жүрүп,каза болушту.Бейит-

тин наркы бетинде кичинекей үңкүр бар,эртели кеч өткөндөр от күйгөнүн кө-

рүшөт экен.Акмарал биздин «үйүбүз»

деп,тынбай барган үңкүрдү айтып жат-

канын билди да,Токтосунга айтыш ке-

рек,экинчи барбасын деп,жүрөгү түшүп

калды.

-Кайда жүрөсүң балам,энең сени эч

жерден таппады го,деген Карып,кызы-

нын кебетесин көрүп,сага эмне болду

деп,ордунан тура калды.Акмаралдын

үстү-башынын баары чаң,тикенек жар-

машып,Чагалдактын айтканынан кийин,эки көзү алайып,коркуп калган.

-Эч нерсе болгон жок,ата.Долоного

баргам,быша элек экен деп айтып,жооп

тапканына абдан сүйүндү.

-Кайда жүрөсүң,эртең экзамениң болсо,Уламанын кызы,шилекейи агып

китеп окуп олтурат,сени сурасам,эбак

кеткен дейт,»Көрказардын»баласы менен кетип калган го десем,аның ат

тушаганы барганбы,эски бейит жактан

түшүп келди.Деги кайда бардың?

Бир жакка барганыңда кишини сарса-

наа кылбай,айтып кетсең,Ракыя баш-

тагыдай эмес,эмнегедир жумшак сүй-

лөдү.-Долоного эле баргам,быша элек

экен,Акмарал таап алган жообуна аб-

дан кубанды.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE