(14-бөлүм.)
Ал үйгө жакындаганда,жолдун так ортосунда колун артка ала,нары-бери
жолдо басып жүргөн,Ракыяны көрдү.
-Каякка жоголуп кеттиң,классташтарыңдын келгени качан,Ракыянын үнү жумшарып калып
тыр.Акмарал унчуккан жок эгер бирде-
ме десе эле,бир нерсе айтаары шексиз
болчу.
Өз бөлмөсүнө кирээри менен,апа-
ма айтсамбы же унчукпай эле койсом-
бу деген ой,анын дүйнөсүн тозок кылды.
Бөлмөдөн чыкканда,Ракыя эч нер-
се айтпастан,жаңы гана казандан бу-
лоолонуп чыккан куурулган картошка-
ны илегенге чыгарып,аш үстөлдүн үс-
түнө коюп жаткан.-Кел,чай ичели,сени
күтүп жатпадымбы,ал кооз гүлдүү сарт
чыныга камкаймак катыкталган чай
куюп,кызына сунду.
-Ээ,сага эмне болгон,бирөө таарынттыбы,көзүң эмне.Эмнеге ыйла-
дың,бирөөгө жолуктуңбу?Ракыя үстөккө-босток суроо жаадырды.
Акмарал баштагыдай эле унчукпай,
билмексен болмок болду,Ракыя гана
туура эмес бир нерсени сезгендей,чарк көпөлөк айланып жатты.Ортодогу
тынчтыкты сырттан кирген Карып буз-
ду:-Ракыя,колум тийди,кечирип кой.Сен
ден кечирим сурайын деп,кыргоол атып келдим,ал кол баштыктагы кооз
канаттуу кыргоолду алып чыкканда:-Ий
ата,атпай койбойт белеңиз байкушту деп,жан-дили менен кейиген Акмарал-
ды карап:-Садагаң кетейин,боорукерим,
экинчи атпайм деп,Ракыянын да,Акма-
ралдын да,чекесинен өптү.Үчөө унчук-
пай чай ичишип,Акмарал сандыктагы
эски альбомду кантип алып чыгууну
билбей,шылтоо издеп жатты.Мектепте-
гилер метрика сурап жатпады беле деп,
сандыктагы жүктү алып баштады.Де-
мейде,анда эмнең бар деп,кыйкырчу
апасы унчукпады.Документтер салын-
ган кайыш баштыктан,метрикасын ал-
ды да,эски альбомду алып,төшөктүн
арасына катып,апасына байкатпай алып чыгып,көргүсү келди.
Бөлмөсүнүн эшигин ичинен акырын
илип,альбомду ачты да,жалаң Жийдеш-
тин сүрөттөрүн чогултуп алды да,жазды
гынын алдына койду.
(Уландысы бар.)