Пример HTML-страницы

Ак бейит 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(11-бөлүм.)

Жийдеш жайдын толугунда Марал кечүү деген жайлоонун кашка суусу аккан төрдө көз жарды.Ракыянын кыйындыгынан аман калды,боз үйдөгү

ала баканга билегинен байлап,баланы

сыгып алган Ракыянын,кудайга жалы-

нып,суранганын уккан киши,жанына ту-

ра албас эле.Кудай жалгап,Жийдеш да,тез эле эсине келгени менен,ууз сүтүн да кызына эмизе албады,кылай-

ган тамчы сүт чыкпады эмчегинен.Ра-

кыянын өз кызы Аймарал да,ушул төрдө төрөлүп,ай чыкканда,Марал кечүүдө төрөлдү,аты Аймарал болсун

деп,бир жолоочу карыя атын койгон.

Ракыя кызды этектен алаары менен

аппак балканактайын көрүп,Аймара-

лыма сиңди болот,атын Акмарал коём

деп,өзү койгон.Акмаралды азап менен

чоңойткон,Жийдеш качан гана бешикке

бөлөгөндө гана,эптеп терметкенге араң

жарачу.Карыптын аялы кыз төрөптүр дешип,Жийдеш тууралуу эч бир күмөн

сөздүн чыкпаганы да,буларга чоң олжо

болуп,күзүндө бешик өңөрүп түшкөн Ра-

кыя,айылга жентек той берип,күүлдөп

калышкан.Жеңесинен иймендиби,же

майыптыгынан айласы курудубу,Жий-

деш бала алып эркелетмек түгүл,кызын

карап да койбогон.Метиркеси да,Карыптарга жазылып,Акмаралды

бирөөнүн кызы деп айтууга такыр мүм-

күн эмес.Ракыянын эки кызынын ортосу сегиз жаш,кенже кызын өз кызындай эле багып,чоңойтуп,эми мин-

тип,окууну бүтөөрдөгү апасынын ачуу

сөздөрүн угуп,таң калса да,апам мени

жанынан чыгаргысы келбей,ушинтип

жатат деп гана кабыл алып койчу бол-

ду.

Жийдеш Акмарал үчүнчү класс оку-

ганда Карыптын колунда,оорудан каза болду,өмүрүнүн акыркы күндөрү гана,Ракыя жокто,Акмарал бери келчи

деп,чакырып алып,эпсиз колдору менен кучактап,бетинен өөп-өөп алчу.

Өмүрүнүн акырына чейин,Ракыяны ал-

кап жүрүп өттү,жеңеси кызын гана карабастан,Жийдешти да,баладай эле

карап,майыпсың деп кордобой,жакшы

мамиле жасачу.Карындашына жасаган

мамилесин көргөн Карып,Ракыянын

карегинен гана кагылып тураар эле,өт-

көндөгү муштуму үчүн,кандайча кечи-

рим сураарын билбей,ичинде ит өлүп турган кези.

Күндөн-күнгө өзгөргөн энесинин кыя-

лына таң калат,Акмарал.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE