Пример HTML-страницы

Ак бейит 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(10-бөлүм.)

Уламаны акырая караган Ракыя:-Көр

гөнүңдү көмүп кет,узун элдин учуна,

кыска элдин кыйырына жеткирчү бол-

соң таарынбагын,деп узатты.

******* *******. *******

Карып табиятынан тынч адам,өз мээнети менен оокатын кылып,чарба-

нын чабыр малын бакчу.Малдуу,жан-

дуу,өз жашоосуна тың.Жибектей созул-

ган эки уулу тең,Карыптын өзү.Ырама-

тылык атасы Осоке,Кайыңдыга мал ай-

дап барып,ушул Ракыянын атасы Төлө-

нүн журтуна токтоп,мал эс алдырып,

жалгыз кызы Ракыяга көзү түшөт,ат-

тын кулагы менен тең ойногон кыз эке-

нин билгенде,Осоке жакасын карма-

нып,уулума кызыңды бер,деп минип жүргөн атын таштап кетет да,кийинки

күздө,сөйкө салдыртып,Ракыяны алып

кетишет.Ракыя чапчаң,кылганынан кан

чыккан,аялдын да,эркектин да ишин

иргебей жасаган тың келин болот.

Кайын атасы болгон бийликти Ракыя

нын колуна өткөрүп,орду менен оока-

тын кылган келин,бардыгына жагат.

Удаа эки эркек төрөп,андан бешбетер

көчүгү бүлөөдөй болуп,Осоке менен байбичеси,Карыптан кам санабай калышат.Осокенин отуруп калган оору-

луу кызы бар,тубаса майыптыгы буту

колунун кыскалыгы.Акыл эси ордунда,

айыбы өз алдынча баспагандыгы.Ра-

кыя келгени,Жийдештин да багы ачы-

лып,жеңеси менен сырдаш,муңдаш бо-

луп,анын аялуу тагдырына кайдыгер

карабай,Карыптын бойдок теңтушу Иса

менен тааныштырып,койнуна салып

берген.Эч бир дообуз деле жок,сени

үйлөн деп эч ким кыйнабайт,көңүлүн

алып,эркек жытын искетип кой деп,Ка-

рып жакага кеткенде,экөөнү жанашты-

рып койгон эле.Жийдештин боюна бү-

түп,элге көргөзбөй тоо ташта Ракыялар менен бирге жүрүшүп,балканактай кыз төрөгөнүн, ким билсе деле, оозу толуп айтып чыга алышпады.

 

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE