Пример HTML-страницы

Айланма жолдо «Mercedes-Benz G-класс» унаасы оодарылып, 5 адам жаракат алды

Акыркы жанылыктар

TurmushАйланма жолдо «Mercedes-Benz G-класс» үлүгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Видео 11-июнда тартылган. Андан унаанын алдыңкы айнектери талкаланганын көрүүгө болот.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 11-июнунда болжол менен саат 11:30 чамасында 1988-жылы туулган А.Э.А. «Mercedes-Benz G-класс» үлгүсүндөгү унаасын Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда күн батыштан күн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, аталган жолдун 73.855-чакырымына жеткенде кырсыкка кабылган.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу алдыңкы отургучтагы (жанындагы) баласына алаксытып кетип, рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдун түндүк тарабына чыгып, оодарылып кеткен.

Натыйжада 5 адам — 1988-жылы туулган айдоочу А.Э.А., анын 1999-жылы туулган жубайы Г.Э., балдары — 2022-жылы туулган А.У.Э., 2011-жылы туулган Н.А.Н., 2023-жылы туулган А.А.Э. ар кандай жаракаттар менен Токмок шаардык ооруканасына кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE