Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 16 бөлүм (аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

16-БОЛУМ.

 

Зинагүлду үйүнө жеткирип коюшуп Мырзабек менен Анара өз үйлөрүнө кайтып келе жатышты.Маматтын буларга кылган кыянатчылыгын айтып бүтө албай коюшту .Бир туруп Маматтын кара ниет ишине ачууланышса ,бир туруп оозунан ууз сүтү кете элек баё Зинагүл алданып, андан соң аны абийири кеткенине боор ачышты.Зинагүл эмнеге сырын айтып,а түгүл уят болгонунан бери айтып ачылды экен ,деп Анара менен Мырзабек баш каткырышты.Маматка өчөшүп айтты бекен же адамдык намысы жол бербей айтты бекен?Кантсе да Мырзабек менен Анаранын сүйлөшпөй калганына өзүн күнөөлүү сезип , Зинагүл андай кыянатчылык жүрөгүнө батпай жаткан эле.

Караңгы түндө ушундай ачыкталган сырды айтышып бир жагы Зинагүлгө ыраазы боло экөө колтукташып жетелеше баратышты.Анаранын ачуусу сыртка чыкса да жүрөгүнүн түпкүрүндө Мырзабекке болгон сүйүүсү жаткан эле.Мырзабектин мындай иштерди кылбасын жүрөгү айтып турса да окууган каты, Зинагүлдүн колунан көргөн сааты жана бал муздакта экөө отурганын көргөнү жеңип кеткен болчу.

Мырзабек болсо күнөөм жоктугун бирде болбосо бирде билер деген эле ишеничте жүргөн.Анарага болгон сүйүүсү жүрөгүндө жашап эч качан өчпөй кала бермек.Акыры акыйкаттык жеңип күнөө башка бирөөдө экенин, кыянаттык менен булардын сүйүүсүнө кол салганын билгенде башын тикке көтөрүп терең дем алып алган эле.Анараны суроолуу карап мына уктуңбу чындыкты деп Зинагүлдүн айткандарын угуп турган.

—Мырзабек,кечирип кой мени,деди Анара үйүнө жакындаганда.-Мен сени чындап эле Зинагүл менен мамилеси бар деп ойлоптурмун.

—Мейли эч нерсе эмес.Түшүнбөстүк жана катачылык баарыбыздан эле кетет.Мен сага капа эмесмин Анара,деп Мырзабек кайра мамилелери жанданып бирге баратканына сүйүнүп.

—Ооба ,тушунбөчүлүк болду.Мен сени сүйгөндүгүмөн башка да ачуу сөздөр аралашып кетпесин деп өзүмдү ала качтым.Мен сени мурдагыдай эле сүйөм Мырзабек,деп Анара Мырзабекти тиктеп турду да көзүн жумуп оозун жакындатты.Мырзабек муну көрдү да мурда өпмөкчү болгондо урушуп койгонун эстеп ошентпесин деген тейизде акырын эле өөп койду.Бирок ,көзүн ачпай эле ошол калыбында турган Анараны көрүп кучагына кысты да оозуна жабышып эриндеринен өөп жатты.

Айдын сүттөй жарыгында экөө бир бирине жабышып алгачкы өбүшүүсү болчу.Бир бирине тартуулаган эриндерин ширин даамы экөөнүн тең делебесин козгоп,бири биринен ажырай албай турушту.Азыр экөөнө ааламды суу каптаса да бары бир болгондой эч нерсе менен иши жок бири бирине сүйүү кумарын тартуулап жаткан эле.Бир сааамдан кийин Анара эсине түшө калгандай эмилеки өбүшүп жаткан Мырзабектен оолактай түштү да, тик карай албай уяла туруп калды.Азыркы өзүнүн кылган кылыгына өзү уялып бети албырап кызарып чыкты.Мырзабек да Анараны бир карап алып жабыша түшүп өбүшүп кеткенине ыңгайсыздана али да болсо Анаранын эринин даамы кете элек ооздорун жаланып алды да :

—Кечирип койчу Анара,мен өзүмдү кармай албай калдым, деп актангансып койду.

Өзү да ошону каалаган Анара Мырзабекти күнөөлөбөдү,кара ,,үйгө жетип калдым,»деп койду.Мырзабек көрүнүп турган үйгө чейин узатты да :

—Эртең көрүшөбүзбү?-деди.

—Ооба ,деп Анара Мырзабек менен кайрадан табышып ,сүйүүсүн кайра баштап алганына ыраазы боло үйүнө кирип кетти.

Мамат ата энесинин каршы чыкканына маанайытушту.Эгер жакшы жүрүп бир иштин артын аркаласа ,ата-энеси үйлөнтүп деле коймок.Баласынын үй бүлөөну багып кетишине ишенишчү эмес.Ансыз деле баласынын короткон каражаттары ата энесинин мойнунда болгондугу үчүн,аялын кошо карамак белек ,айдай болгон бирөөнүн кызын бактысыз кылат деп ойлошту.

Мамат Эсен менен Шакендерден үмүтү үзүлгөн соң башка айылдагы кафеде бирге отурган досторуна жолугууга жөнөдү.Булардын жалугуушуучу жерлери эле кафе, бильярд же түнү клуб болчу.Издеп оңой эле таап алды.Сыра ичип отурушкан булар Маматты көрүп эле ,,Оо,кандай гана адамдар келди»,дешип кучак жая тосуп алды .Булар менен дайым эле үлпөттө болуп ,арак ,шарап ичишип тамеки тартышып бош убактысын ушинтип өткөрүшчү.Буларга кошулган Мамат эмнеге келгенин да унутуп эки күн кечке оюн күлкү болду.Тигилердин ээрчиткен кыздары бар болуп мындай жыргал болуп жаткан күндөн бошой алышпай жатты.Өткөндөгү аяш кана деп сурашты эле ,кызып алган Мамат жооп бербей эле кол шилтеп коюп бокал дагы сырасын ичип ,тамекисин түттөтө тартып туруп калды:

—Эч сарсанаа болбо досум,кыз таап беребиз,каалайсыңбы мен өзүмдүн перизатымды берейин,деп каткырып күлүп арагын ичип жатты.Анан жанындагы кызга эй,тур досумду кучактап койчу деп колунан тартып койду эле,анысы да кылыктанып күлүп туруп келди да Маматтын бутуна отуруп кучактап калды.

—Оо,мына жарашып эле калдыңар ,деп каткырып күлүп жатышты..Мамат тиги көкүрөгүнө чейин ачык болгон кыска көйнөк кийген кызды карап турду да :

—Жок кереги жок ,-деп түртүп тургузуп жиберди .Эс мас болсо да Анарага салыштырып ,сулуулугу ага жетпегенин байкап жактырбады.Тиги кыз Маматка тийишип :

—Мен жакпаймынбы?-деди эле.Мамат башын чайкап ,сен ага жетпейсиң деди эле баары каткыра күлүп Маматка тийишип жатып калышты.

Экинчи күн уланып арактары андан ары өтпөй суусундук менен эле тоок этин жеп жатышты.

Мамат эмнеге келгенин эми эстегендей эки досуна кеңешип жатты.Кыздары кетип өздөрү эле калышкан болчу.Бир кызды жактырганын бирок ата энеси каршы болуп жатканын айтты..

Тиги жигиттер кыз сени сүйөөбү дешти эле калп айтып ооба сүйүшөөбүз,тиги кыздын атасы карапайым эле малчы адам ошого жактырышпай жатат деди.Жигиттер анда биз эмне кылуубуз керек деди.Силер жардам бергиле кызды ала качып анан аны менен жатып койсом кааласа да каалабаса алып беришет деди.Чынында,анын ою тетирисинче болчу.Эптеп кыздын абийрин ачсам эми аласың мени деп өзү жалдырап артыман чуркайт деген арам ою бар эле. Мурда ошенткен кыздары уят болгон соң ,абийиримди ачтың,эми үйлөнөсүң мага деп чуркашканы да бар болчу .Макул макул деп жүрүп акыры жолугушпай качып түңүлткөн эле.Маматтын ою ошондой болчу.Анараны ушул жигиттер аркылуу ала качып,анан намысына тийип туруп эми мага тийбегениңди көрөйүн,бир жалдыратпасам элеби деп кекенип жаткан болчу.

Бул планын уккан досторунун бирөөсү жаман жолдо жүрсө да али ыйманына кете элек экен,, болбойт анткениң.Кайсы кыз болсо да ак никеден кийин гана күйөөсү менен болгонду каалайт.Минтсең өмүр бою жүрөгүнө өчпөс так саласың «-деди эле,кызуу болуп отурган достору ,,ээ азыр эмне көп кыз көп ,»-деп, кеп жешпеди.Мындай иштериңерге катышпайм ,өзүңөр билгиле, деп тура жөнөдү.Артынан карашкан экөө,,ээуу,токто,доссуңбу,?Досторду таштабайт,деген боюнча кала беришти.

Мырзабек Зинагүлдөн баарын уккан соң Маматты издеп таап кара неттигин мойнуна коюп, бир аз күч колдонуп койоюн деди эле.Бирок, эч кайсыл жактан таппады.Анан мектептеги иштери менен алаксып унутуп калды.Аттестат алгыча бүтүрүүчүлөрдү өздөрүнүн окууган класстарын сырдап аяктаганга калтырып ошону менен алек болуп жатышты.Кечинде жумуш бүткөн соң Анара менен Мырзабек алма бакта көпкө сырдашып отурушту.Эми бишкалардан корунбай эле бир биринин колдорун кармашып тиктешип сүйүүлөрүн айтып ,келечекти сүйлөшүп жатышты.Кеч бир аз сейилдеп басышып анан таркашчуу болушту Аз күндө документтерин алса чогуу эле шаарга кетип экөө тең жогорку окуу жайына тапшырып Анара мугалим болом десе,Мырзабек айыл чарба адиси болом деп кыялданып жатышты.Мурдагыдай бири биринен уялбай өөп коштошуп бири бирин эң жакын адамым деп эсептеп калышкан эле.

Маматтар ушул күндөрү Анараны акмалап карап жүрүштү. Мырзабек Анаранын жанынан түк жылбай ,аны жалгыз койбой жатканын көрүштү.Сени сүйсө эмнеге аны менен жүрөт ,деп досу сурады эле,,мен ата энем жактырбай жатат десем ошого өтө качыптыр», деп калп айтып койду.Анда тиги досу да ,,андай кыздарды ошентиш керек.Жигиттен жигит тагндагандарды жек көрөм .Абийри төгүлгөн соң анан эсине келип мени ал деп чуркашат,»-деп ,кыска ою менен шыкак берип койду ,Мамат ансайын эрдемсип кетти да ,тиги жигитин жаткыра чаап туруп эле алып кетели деп сунуш киргизди эле эки үч күндөн бери ыңгайын келтире албай жүрүшкөнүнөн тажаган досу,,макул»деп дароо көндү.

Мырзабек менен Анара бүгүн мектептен кеч чыгышып бири-бири мен коштошо албай жай келатышты.Куугум кирип калгандыктан көчөдө деерлик эч ким жок.Келе жатышып сырлары бүтпөй дагы бир бактын жанында чөпкө отурушуп колдорун кармаган боюнча тиктешип отурушту .Үйгө кетүүгө убакыт болду дешип тура жөнөштү.Мырзабек Анараны жеткирип коюп кайтмакчы болуп жөнөп калды..Мамат айдаган машина күтүлбөгөн жерден эле пайда боло калып жөлөп келип токтоп калды .Чочуп кеткен Анара кыйкырып жиберди.Мырзабек эмне болуп кетти экен дегиче эле ичинен Мамат түшө калды эле,ансыз деле ачуусу келип жүргөн Мырзабек Маматты көрө калып,,Ээ ,акмак ,дагы мурунку өнөрүңдү баштадыңбы?»-деп келатканда эле башы катуу ооруп кетти да артын караганга акыбалы келбей кулап түштү .Акыркы эсинде калганы Анаранын кыйкырып Мырзабек деп кыйкырганы эсте калды.

Эсине келгенде эч ким жок экен.Башын кармаса алаканы толо кан болуп чыкты.Башы зыңылдап чыдатпай ооруйт.Көпкө жаттымбы дегендей асманды карап алып сендиректеп туруп жөнөдү .Баратып каяка барам ,каяктан издейм деген ой башына кирди да анан дароо эле эсине Зинагүлгө окшотуп алып барып намысына тиет деген ойду ойлоп коркуп кетти .Кайсыл жакка алып бараарын билбегендиктен каяктан издейм деп ойлонуп жатты.Зинагулду эстеп билсе ошол билет деп ойлоду да күчүнүн баарынча чуркап жөнөдү.Башы салаңдап ооруп чуркаганда чыдатпай жатты. Зинагүлдүн үйүнө жетип короосуна кирип барып эле эшикти такылдатып Зинагүл деп чакырып калды.Жатып алышкан Зинагүлдөр жарыкты куйгузүп ким бул деп эшикти ача коюшуп апасы экөө чочуп кетишти .Анткени,башынан каны агып Мырзабек турган эле.Зинагулдун апасы коркуп кетип эле:

—Сен кимсиң,биздикине эмне келдиң,деп бакырып жиберди.

Чочутуп жибергенине ыңгайсыздана түшкөн Мырзабек :

—Апа , коркпоңуз,мен Зинагүлдун классташы болом,деди

—Сени ким мындай күнгө салды,деп Зинагүлдүн апасы колунан тартып киргизип орундукка отургузду да сүлгүнү суулай коюп кандарын аарчып кирди.

— Апа,мени Мамат деген зөөкүр уруп жыгытып сүйгөн кызымы ала качып кетти,деди.Мамат дегенди уккан Зинагүл чочуп кетти да апасын бир карап алды да Мырзабекти бир карап алып андан аркысын айтпа дегендей илебин тиштеп башын чайкап койду.Аны түшүнө калган Мырзабек унчукпай калды да сөздү башка жака буруп :

—Ошол Маматтын жүргөн жерин билем дегендей кылды эле ,ошону сурайын деп келдим ,деп токтоп калды.

Урган адамды тилдеп жатып Мырзабектин канын аарчып бүтүп башын ак бинт менен таңып койду.

—Ким эле ал Мамат деген,билсең айт бөөдө бирөөнүн кызына убал болбосун,ай жаштар ай жаштар ай ,деп кейип атты.

—Ал көбүнчө мейманкана жакта жүрчү эле.,барып көр мүмкүн ошол жерде болушу мүмкүн,деди Зинагүл.

—Апа, мен да жардам берип койоюн,жок дегенде милиция чакырып берейин деп кийине баштады эле.Мырзабек жок өзүм эле ,деп шаша чыгып кетти.Анын акыбалын көргөн апасы барчы карап койчу деди эле ,ошону күтүп турган Зинагүл дароо чыгып кетти да Мырзабек деп коюп артынан жөнөдү.

Маматтар Мырзабектерди аңдып отурушуп жогору жака жөнөгөнүн көрүшүп артынан барып кол салышты.Мырзабек машинадан түшө калган Маматка жулунганда ,түшө калган шериги алдын ала даярдап алган таягы менен чокуга бир салды.Мырзабек кыңк этпейт кулагын көрүп ,али да болсо коркконунан жылалбай үнү чыкпай туруп калган Анараны зордоп машинага тыгып алып жөнөп кетишти.Мырзабек деген Анараны чапкылаганына да карабай Маматтын досу бекем кыймылдатпай кармап алган эле.Анары кыйкырып ыйлап баратты .Мамат туура эле көнгөн мейманканага айдады.Анара бир шумдук болуп кетерин билип күчүнүн баарынча тепкиленип ургулап жатты.Бир мүмкүнчүлүк боло калганда кармап турган зөөкүрдү тиштеп алды.Оорусуна чыдабай кеткен зөөкүр Анараны эркекти ургандай мына сага деп туруп муштуму менен эки жолу уруп жиберди.Сокку ушунчалык катуу болгонго Анаранын башы ооруп кетти да эсин жоготуп койду.Уруп салганын көргөн Мамат эмне кылдың деп сурады эле ,коркпо тирүү эле.Бир аз эс алсын.,деди .

—Муну кара,дароо эле башка эркеке көнө түшүптүр шуркуя,деп Анараны тилдеп алды.

Аңгыча эле мейманканага жете келишти да эсин жоготкон Анараны көтөрүп киришти.Орус аялга бир аз көбүрөөк акча берип койду да ,бул кызыбыз мас болуп калыптыр.Жатып эс алып алсынчы деп коюп көтөрүп кирип кетишти.Орус аял башын чайкап коюп жаман көрө отуруп калды.

Анараны көтөрүп кирип диванга жаткызды да сулуулугуна суктанган досу Маматты карап ,,оо,апасы өппөгөн кызды тапкан экенсиң да,азаматсын деп мактап койду.Эгер катындыкка албасаң,мага да калтыр, деп Маматка тийише чыгып баратып каткырды да ,—Мен машинада болом ,деди.

Досу чыгып кеткен соң бир аз өзүнүн демин басып алды да эшикке чыгып бары тынчпы деп карап коюуну чечти .Чыгып келип Анаранын эсине келе албай жатканын көрүп суктанган боюнча илебине жабышып өөп калды.Деми жетпей бараткан Анара эсине келип кетти да жабышып өөп жаткан Маматты көрө сала кыйкырып чапкылап тура качты.Аны карап күлүп туруп сен меникисиң деп айттым беле деп чечине баштады.Корккон Анара мага жолобоңуз деп бурчка тыгылып ыйлап Мырзабек деп кыйкырып жатты.Өзүнүн үстүңкү кийимин чечип ыргыткан Мамат эми Анарага жабышып үстүндөгү кийимин чечкенге аракет кылып тарткылап баштады эле,Анара жолотпой Маматты уруп жатты.Урганына да көңүл бурбай Анаранын үстүңкү кийимин жыртып ыргытып жиберди .Анара ички кийимчен калып көкүрөгүн баскан боюнча ыйлап тийбе мага ,жолобо деп отура калып коргонуп жатты.Зөөкүр ошого көнөбү ,күч менен көтөрүп диванга жыкты да чоло жерин калтырбай өпкүлөп жатты.Анара коркконунан үнү чыкпай каршылык да көрсөтө албай тыбырчылап күчү жетпей күчүн айынан чыгарды.

Мырзабек күчүнүн баарынча чарчаганына карабай чуркап келатты.Зинагул да тез эле жетсем экен,Анаранын да намысына тийбесе экен деп Мырзабектин артынан келатат.Мырзыбек анан бир аздан соң Зинагүлдүн кирип кеткенин көргөн зөөкүр ,бул жерде башка кеп бар бейм.Бул шүмшүк Мамат мага калп айтыптыр да деп Маматтын машинасын айдап кетип калды.

Башын таңган Мырзабекти көргөн орус аял чочугандай сага ким керек деп тура калды эле ,менин сүйгөн кызым, дегенде эле түшүнүп колу менен Мамат кирип кеткен бөлмө тарапты көрсөттү.Шаша жетип барып эшикти тартты эле ичинен жаап алыптыр.Мамат деп туруп күчкө салып бутун тиреп тартты эле илгичинен чыгып ачылып кетти.Мырзабектин үнүн уккан Мамат кайдан келип калды дегендей Анаранын үстүнөн тура калды да кирип келаткан Мырзабекти тееп калды.Мырзабек анын тепкенин оңой эле тосуп койду да келиштире тумшуктан берип калды эле камгактай учуп барып дубалга жабышып калды.Мырзабек учуп жетип Маматты тургузбай уруп жатты .Оозу мурду кан жалаган Мамат күчтөн тайып каршылык көрсөтө албай тек эле жатып берди.Бети башы баары кан болуп кеткен Маматты көрүп Анара өлтүрүп койбосун деп ,,Мырзабек болду токтот», деп кыйкырганда гана Мырзабек эсине келип Анараны карады.Ички кийими жок калган Анараны көрүп коркуп кетти да Маматты ачууланып дагы уруп кирди.Ошол маалда Зинагүл кирип келди да жыналач болуп ыйлап жаткан Анараны көрдү да ,үстүнө шейшепти ороп коюп дагы эле үстүнөн түшпөй ургулап жаткан Мырзабекти болду деп оодара түртүп жиберди.Ыйлап жаткан Анараны көрүп Мырзабек бетин колу менен басып алып ыйлап кирди.Аларды көрүп Зинагүл да ыйлай баштады.Бир топ милиция шаша кирип ыйлап жаткан Мырзабекти баса калып колун кайрып кишен салып коюшту да ,эс учу жок жаткан Маматты эсине келтириш үчүн көтөрө баштады.Онтогон Мамат көзүн ачпай эле булдурктап түшүнүксүз сүйлөп жатты.Ыйлап жатышкан Анара менен Зинагүл Мырзабекти көрсөтүп ал күнөөлүү эмес тигини кармагыла деп Маматты көрсөтүшту.

Бузулган кыздарды талашып мушташкан экен да ,деп ойлошуп бир милиция:

—Уят барбы силерде? эки экиден келесиңер да анан бир бириңерди талашып урушасынар.Ата эне тарбиясын көргөнсүңөрбү ,деп уяткара баштады.

—Жок агай,тиги зөөкүр бул кызды уурдап келип намысына тийип ,абийрин алмакчы эле,бул бала куткарып калды ,деп Зинагүл айтканда ,ээ кеп бул жакта турбайбы экөөнү тең милиция бөлүмүнө алып баргыла деп дайындады.Милициялар экөөнү тең алып чыгып кетишти..Кыздарга тез жардам чакырып текшеришти да медициналык жардам көрсөтүп бүткөн соң бизге алып баргыла деп милициялар кетип калышты.

Милицияны Мырзабек кирип кетер менен эле орус аял ,,балдар мушташып жатат», деп чакырып койгон эле.Кыз мас эмес экенин Мырзабек киргенде эле билген.Баягы Мамат дагы өнөрүн баштаптыр деп жаман көрүп аткан болчу.. Милициялар алып чыгып кеткенде ырас болду деп табалап койду.

Тез жардамдын кызматкерлери коркуп калган Анараны текшерип кыздык намысына тийбептир, бирок денеси тытылып башынан жаракат алыптыр деп ооруканага жаткырууну айтышты.Кийими жок калган Анарага орус аял кийим алып келип кийгизип койду . Зинагүл менен Анара тез жардам машинасына түшүп ооруканага барышты .Анараны врачтар текшерип туруп жаткырып коюшту.Зинагүл булар менен болуп жатып таң атканын билбей калды анан Анара менен Мырзабектин үйүнө барып кыскача ушундай болду деп кабар берип койду.

Болгон окуя чагылгандай тез тарап кетти.Мырзабек Маматты катуу уруп койгондуктан милициялар ооруканага жаткырып коюшту.Мырзабек баары дайын болгуча милиция бөлүмүндө болду.Мырзабекти аталарына көрсөтүшкөн жок.Милициялар Анарадан болгонун болгондой көрсөтмө алып кетишти.Маматтын апасы Мырзабекти мага көрсөткүлө деп ызырынып милицияны үч көтөрдү.Эмне болгонун уккандан кийин ишенбей Анаранын аталарына келип кызыңар өзү бузулган,баламын башын айлантса керек.Менин балам андайга барбайт деп кыйкырып кеп жебей түбүңөргө жетем деп албууттана эч кимди укпады. Мырзабектин атасы Капарды да сенин балаң менин баламы уруптур деп тажаалдана бир сыйра чапкылап өттү эле милициялар ажыратып коюшту.

Иштери сотко өтүп Маматтын үстүнө көп далилдер чогулду. Зинагүл да Анара үчүн деп өзүнүн Маматка намысын алдырганы айтып арызын жазып берди.Алымбек ага да колундагы далилдердин баары берди да ,алданган кыздардын даректерин берип күбөөгө чакырыңыз деп айтты.Орус аял да бул нерселер далай жолу болду,тартипке чакырсам атасын айтып иштен айдатам деп коркутту деп күбөөгө өттү.

Тийиштүү адамдар алданган кыздардын даректери менен таап барып сотко чакырды эле, бирок тартынып жарыя болуп кетпейби дешип бизди да алдап,намысыбызга тийип абийрибизден ажыраткан дешип кол коюп беришти.

Маматтын шеригин да тез эле таап келип кылмышка шектүү деп камап коюшту.Баардык далилдер Маматка каршы болуп ооруканадан чыкканда эле сотко чейин эле камап салышты.

Маматтын апасы күчтүү адвокат алып Маматты бошотуп алганга аракет жасады бирок далил көп болгондуктан адвокат эч нерсе кыла албады.Бирок ,акча берип жатып баламын денесине залал келтирди деп Мырзабекке күнөө койдурду.Атасы киришпеди,себеби кызмат оордуна доо кетирип жаман көрүнүп алуудан чочулады.

Сот болуучу күн келип сот процесси башталып бардык күбөлөр чакырылды.

Жыйынтыгында Маматка он беш жыл,шеригине беш жыл ал эми Мырзабекке денеге залака кетирди деп эки жылга эркинен ажыратып камап жиберди Мырзабектин эч кандай күнөөсү жок дегенине карашпады.Ошентип жаш өмүрү сүйүү үчүн абакка түштү.Анара ыйлап мени куткарып калды десе да сот камап жиберди.Ыйлаган боюнча Мырзабектен кечирим сурап мен үчүн жаш өмүрүңдү азапка тыктың деп кала берди.

Мырзабектин жана Анаранын атасы бири бирин көңүлдөрүн көтөрүп бешенебизде ушул иш да бар экен да ,бул иш болбосо куда болмок экенбиз дешип жаман айтышпай таркашты.Бир гана Маматтын апасы сот залын түп көтөрө кыйкырып сотко да сенин үстүнөн арызданам деп жатып эси оогон боюнча ооруканага кетти.

Сүйүү баяны ушинтип аяктады.Сүйүгө берилген экөө бири чын ниетте сүйсө,бири сулуулугуна эле кызыгып сүйүп экөө тең түрмөдөн орун алып ,сүйүү үчүн абакка түшүштү.

Анара окуумду улантам деп шаарга кетип калды.Айылда башын көтөрүп жүрө албай баары эле карай бергендей болду.

Х Х Х Х Х

ЭПИЛОГ

Мырзабек үлгүлүү жүрүш турушу менен мөөнөтүнөн мурда эле бошонуп чыкты.Анаранын кайда экенин билип шаарга жолугууга келди.Анара окуп жаткан жогорку окуу жайын таап гүл сатып алып чыгышын күтүп турду.Көп кыздардын арасынан келе жаткан Анараны жазбай тааныды да алдынан утурлай басты.Анара Мырзабекти көрүп эле эстеликтей катып калды.Жанындагы кыздар бул экөөнү көрүп карап таң кала жанынан өтө беришти.Бир бирине арналган жүрөктөрү тырсылдай катуу согуп ,кабынан чыкчудай болуп жатты.Мырзабек ,,Анара мен келдим ,»деди эле ,ошондо гана кыймылга келген Анара Мырзабектин кучагына бой таштады.

 

СОҢУ

 

УРМАТТУУ окурмандар!Ушуну менен ,,Абакка түрткөн сүйүү «аттуу чыгармам соңуна келип жетти Чыгарманын жүрүшүндө каармандар м-н кошо жүрүп кызыгып окуганыныздарга ыраазычылыгымды билдирем.Сиздерден ой пикирлерди күтөм.Жаны чыгармада жолугушуп амандашканга чейин.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE