Пример HTML-страницы

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40571&preview=true Кызыктуу окуялар.

АБАККА ТҮРТКӨН СҮЙҮҮ

13-БОЛУМ.

 

 

Кечееги бал муздактагы жолугушуну көргөн Анара Мырзабекке болгон ишеничи жалп өчтү.Эч ким менен жүргөн жокмун дегени менен тымызын жолугушуп жүргөн турбайбы деген жыйынтыкка келди.Болгондо да ушул Зинагүл менен жолугушуп жүргөнүнө таң калса, бир жагы аны менен болгон эски махабатынан арыла албай жүргөнүнө ачууланып жанын койлорго жер таппай калды.Зинагүлдөн эмне кызык тапты экен же өбүшүп көнүп калган кызын унуталбай жатты бекен, деп Анаранын башына түркүн ой келсе да бирине да жооп таба албады.Мырзабек бир жолу Анара экөө мектептин алма багында сейилдеп басып жүргөндө өөп алууга аракеттенди эле Анара өзүн ала качып ,,экинчи антпе,биз азыр бала эле бойдонбуз,аны ойлогонго эрте.Мектепти бүтөлү ,студент бололу анан макул.Эгер дагы өбөм деп асылсаң,анда сүйлөшпөй койом ,деп кыздык адебин сактап Мырзабекти тыйып койгон.Мырзабек да өзүнүн кылганына ыңгайсыздана ,,,кечирип кой,экинчи антпеймин,сени жакшы көргөнүмдөн өпкүм келип кетти ,»деп кечирим сурап ,андан кийин такыр өбүүгө умтулбай калган.Демек, Зинагүл менен жолугушуп турса анын ою өбүшүдө экен да .Ушинтип ойлогон Анара сабагына эрте барып бөлөк отуруп алды.Коңгуроо болоруна аз калганда Зинагүл менен Мырзабек ээрчишип кирип келишти.Баятан ойлонуп аткан ою чын чыкканына өзү да ишенип булардын чыныгы жүзү ачылды го, деп ыйлап жиберүүдөн сактанып китеп окуп калды.Мырзабек өз ордуна отуруп Анаранын дагы эле таарынычы жазыла электигин байкады.Түшүндүргөнгө аракет кылса да түшүнгүсү келбей ,укпай да коюп Мырзабек аны тынч койду.Өзүнүн эч ким менен байланышы жок экенин,булардын баары жалаа,көрө албас бирөө аркылуу уюшулуп жатканын далилдеп берем деп сураштырып жүргөн.Кечееги бир сырды билем деген ким болду экен,эмне сыр болду экен,анан неге жоолукпай койду деген ой түнү менен кыйнап чыкты.Мырзабек Анаранын бал муздак жака барып Зинагүл экөө отурганын көргөнүн билген эмес .Мурунку таарынычына кийинкиси да кошулганын кайдан сезсин.Силерге эмне болду деп жакын достору сураса ,,билбейм,мени башка бирөө менен жүрөт деп күнөөлөп атат,деп Мырзабек ак жеринен күйүп жатканына ичи тызылдап кетет.

Коңгуроо болуп окуучулар эшикке чыгып кетишти.Анара эле такыр эч кимди көргүсү келбей бир орунда эле сабагын даярдап ,китебин окуп отура берди.Кайрадан коңгуроо болуп окуучулар сабакка кирип келишти.Анара башын көтөрүп окуучуларды карап жатып кирип келаткан Зинагүлдүн колунан саатын байкап калды.Чындап эле саат экен.Утур утур саатын карап жатканын байкаган Анара ,,Ии, мына сыры ачылды,демек ушуга да саат бергени чын экен да.Эми ,жашырып каяка барасыңар?Мурда танып жаттың эле.Экөөбүз сүйлөшпөй калгандан кийин дароо саатынарды тагып чыгыпсыңар.Эми ачыкка чыга бергиле, менин силер менен ишим болбойт,»деп Анара Мырзабекке болгон сүйүүсү музга айланып, Зинагүл менен эрчишип колтукташып жатканын элестетип жини келе түштү.Азыр экөөнөн ашкан душман жок деп элестеткен Анара Мырзабек менен сүйүшүп калганына өкүнүп кетти.

Танапис болуп окуучулар сыртка чыгып келүүгө жөнөдү.Зинагулдун чыгып кетип жатканын көрүп Анара анын аркасынан жете барып сөз бар деп четке алып чыкты.Анара дароо эле сааты ким берди деп сурады.Мамат катуу дайындаган үчүн бул эмне кызыгып калды дегендей ,сатып алдым деди.Сатып алдым дегенине ишенбей Анара кайра сурады:

—Чыныңы айт,ким берди ,деди зекип.Мамат менен болгон сырым ачылып калбасын деп дагы калп айтып көрдү эле Анара ишенбей калп айтпа ачыгын айт ,деп демитти.

— Ооба ,чын сатып алдым ,деп башка эч нерсе айтпай койду.Анара жашырып атат деп ойлоп кайра кайра сурай берди эле акыры ачуусу келген Зинагүл:

—Сенин ишиң болбосун,кайдан алганым менен.Кайдан алсам да сага окшоп мактанбайм,деп түртө салып басып кетти.

Сага окшоп мактанбайм деген сөзү аныгына жетпей аткан Анарага ,каттагы сөздөр менен окшош болуп чыкканынан ушул экен деп көзү жетти.Демек ,катты ушул жазган деген жыйынтыкка келди.Мектептеги уюштуруу бөлүм башчысынын кабинетинин дагы бир ачкычы дайым Анарада жүрчү.Себеби сабактан кийин таланттуу балдар менен даярданып ошол жерде болуша турган.Ошол кабинетке кирип алып ичинен жапты да ушунча күндөн бери топтолуп калган ызасын чыгарып ыйлап кирди.Ар кыл ойлору менен алпурушуп жатып бир кыйла убакыт өтүп кеткенин байкабай калды.Күзгүгө каранып көзү кызарып шишип калганын көрүп эшикти акырын ачты да коридордо жүргөн кичине класстын баласын чакырып алып,, классыма барып менин сумкаларымы алып келип берчи «,деп жумшады.Макул эже деген бала тызылдап чуркап барып алып келип берди эле эшикти ачкыч менен жаап коюп үйүнө кетип калды.Анаранын сабак учурунда айтпай дебей эле сумкасын алдырып кетип калганына баардык окуучулар эмне болуптур деген боюнча кала беришти.Эжей эле үйүнөн чакыртыптыр деп күбүр шыбыр болгон балдарды тынчтанып сабакка көңүл буруусун талап кылды. Зинагүл Анара менен болгон бир аз кыжылдышуусун эч кимге айтпады

Бирок,, ошого да капа болобу.Эмне сендей болуп мактанбайм деп койгонума таарынып кетип калдыбы.Муну,тим эле назик боло калат сөз көтөрө албай ,кетмектен кет,»деп коюп отура берди.

Кечинде Мырзабек Анарага барса чыкпай койду.Кичинекей инисинен,, келбесин экинчи «,деп айттырып жибериптир.Шагы сынган Мырзабек үйүнө келди да кайсыл жеринен жаздым экен, деп ойлоно баштады.

Анара менен жүргөн күндөрүн элестетип кандай гана бактылуу күндөрүм өтүптүр.Түбөлүккө Анара менен бактылуу болом деп ойлоп жүргөн ою быт чыт чыкканына даале ишенбей жатты.Анараны сүйлөтүп эле муюп,суктанып угуп отурган күндөрүн сагынып көздөрүнө жаш тегеренип кетти .Ортолоруна ким минтип от жакканына түшүнбөй койду.Көрө албастык ак сүйүүнү жеңип кеткенине ишенбей жатты.Дагы бир жолу аракеттенип эмне болду деп сурап көрүп ,угууну кааласа түшүндүрүп,өзүндө эч кандай күнөө жок экенин айткысы келди.

Эрте менен келе жаткан Анараны күтүп утурлап салам берип ,,Анара угуп турчу ,менин эч кандай күнөөм жок бирөөлөр эле бизди атайылап уруштуруп жатат «,деди эле,Анара ,,актанбай эле кой мен баарын билем, сүйгөндөрүңө сааттарынын белекке берип жүрө бер «,деп коюп шыпылдап алдыга түшүп кетип калды.Дагы кимге берипмин деген боюнча эле Мырзабек ордунда катып калды.

Зинагүл менен Мамат эч кимге айтпай шапар тееп жүрө берди.Зинагул өзүн бактылуудай сезип Маматтын жанынан чыккысы келбейт.Тымызын Мырзабек менен Анара жөнүндө билип алган Мамат өзүнчө рахаттанып күлкүсү чыгып биринчи жеңиши менен өзүн өзү куттуктап арак шарап ичип коюп жатты.Эми экинчи чечүүчү кадам кылмакка кандай кылып Анараны торго түшүрсөм экен деп план түзүп ойлонуп жатты.Зинагүдү кечки кафеге алып кирип аз аздан берип жүрүп сыра ичүүгө үйрөтүп да алды.Бир аз кызып алган Зинагүл Маматтын кучагынан чыкпай эркелеп жүрө берди. Сабактарына да барууну унута баштады.Ушунтип Зинагүл үчүн бактылуу күндөрү уланып жатты.Тез эле окуусун бүтүп Мамат менен турмуш курсам экен деп кыялданып койот.Бул жолугушуусунда досторум менен отурабыз деп башка жактагы кафеге алып барды.Барса Маматтай балдар тамеки тартып арак ,сыра ичип отурушуптур.Дасторкондун бети дүйүм тамакка толтура экен.Буларды көрүп эле ,,Оо,досум келгиле ,аяш кел»,деп төргө өткөрүп тосуп алышты.Зинагүлдөн бөлөк дагы эки кыз бар экен ,кызып алышканбы шаңкылдап эле күлүшөт.Алгач буларды жактырбай жаткан болсо бара бара сыра ичип алган Зинагүл буларга кошулуп күлкүсү чыгып аралашып кетти.Аяш деп достору сүйлөсө өзүнчө эле мардайып Маматтын аялымын деп элестетип Маматты тейлей баштады. Алдына салаттарды салып берип ,чай ичиңиз деп ыссык чай куюп берип жатты.Арак артынан арак ичилип ичпейм деген Зинагүлгө да шыкап беришип сырасы менен арагы аралашып кетип ,мас болуп калды.Кызып калган кыздардын күлкүсү чыгып жигиттеринин алдына отурушуп алып адепсиздиктерин көрсөтүп өбүшүп жатышты.Эс мас болсо да Зинагүл кыздарды жаман кыздар экен бузулгандар турбайбы деп кеткиси келип Мамат аке кетеличи дей баштады.Мамат азыр азыр дегени эле болбосо, дагы отуруш уланып түн бир окум болуп кетти. Зинагүл Маматтын жетелегенине баш ийип кучагында баратты.Баары менен коштошуп кафеден чыгышты да машинасын отуруп жөнөп кетишти.Зинагүл мас болуп калганга машинанын термелүүсүнө уктап кетти.Каяка келгенин да билбей уктап жаткан Зинагүлдү колтуктап түшүрүп жетелеп баратты.Мамат мейманканагага келген болчу.Өзүн билбеген Зинагүлдү жетелеп алып кирди да бир бош бөлмөнү сурап алды да ошого жетелеп алып кирип кетти.

Мейманканадагы бөлмө берүүчү орус аял,Маматты жакшы таанып,а тугул бир жетекчинин баласы экендигин да жакшы билүүчү.Дайыма эле ушинтип кыздарды алып келгендиги үчүн көнүп калгандыктан тоскоол кылбай эле бош бөлмө берип койчу.Бир эки жолу мындай кылба,жаш кыздардын убалына калба деп айтып көрдү эле ,,Мен кимдин баласы экенимди билбейсиңби» деп Мамат орус аялды кагып койду. Мейманкана колхоздун карамагында болгондугу үчүн атасына айтып койсом жумушумдан айрылып калбайын деген тейизде унчукчу эмес.Бирок,бул жөнүндө аскер комиссариатынын айылдагы жетекчиси Алымбекке айтып тартипке чакырып коюуну айтып көрдү эле ,Алымбек Маматтын үстүнөн далилдерди таап документ чогултуп койгон болчу.Ансыз деле балдарды уруп тоноп жүргөн Маматка ачуусу келип жүргөн Алымбек,Маматтын мындай жоругун угуп ,ан сайын ачуусу бетине чыккан.Мырзабек менен болгон тирешүү Маматты милицияда сурак берүүдөн сактап калды.Алымбек кыздар Маматтын үстүнөн арыз жазбагандыгы үчүн эле кармалып турган болчу.Эгер алар арызданса Маматтын күнү качан эле бүтмөк.Өздөрү арызданбаган соң абийирлерин ачып ,уят кылбай эле койоюн деп жүргөн.Маматтын таяк жегенинен кийин ооруканага барып,,Кимден таяк жегенинди айтып ,оозуңду ачып Мырзабек деп айткан болсоң колумдагы далилдерди баарын жогорку жака тапшырам.Кыздардын эле арызы калды.Эгер камалгың келбесе эч кимге муташканын тууралуу айтпа,»деп чочутуп койгон.Ошондон кийин мындай иштери тыйылып ,кайрадан өнөрү башталганын көрүп мейманканадан бөлмө берип отурган орус аял Маматтын артынан башын чайкап карап карап ,,эх,дагы бирөөнүн убалына калат экенсиң да ,айбан «деп үшкүрүнүп отуруп калды.

Энеден туума болуп жаткан Зинагүл эрте менен көзүн ачып кайсыл жерде жатканын билбеди.Башы ооруп дагы эле өзүнө келе албай жатканынан бул жерде эмне жатам деп ойлонуп үстүндөгү шейшепти ачып өзүнүн көзүнө өзү ишенбеди.Астындагы ак шейшеби кан болуп ,өзү жыналач жатыптыр. Аласы да башкача ооруп чыдатпай жатканынан ыйлап жиберди да Маматтын абийрин ачып салганын түшүндү.Мамат аке деп Зинагүл бакырып ыйлап жатты эле ,эшиктен суусундук,сыра жана таттууларды көтөрүп кирип калды.Зинагүлдү көрүп эле,, Турдунбу?Ой ,эмне болду «деп шылдыңдагандай карап колундагы нерселерин коюп ,билмексенге салып сурап койду.Эмне болду дегенине жаны чыгып кеткен Зинагүл бакырган боюнча жастыгын Маматты көздөй ыргытып ,бетин баскан боюнча ыйлап жатты.

— Кой эми Зина,ыйлаба,бары бир экөөбүз үйлөнөбүз да,эртеби кечпи баары бир ушул иш болмок ,деп Зинагүлду кучактап соорото баштады.

—Сиз,азыр жолобойм коркпо ,окууң бүтсүн деп жатпадыныз беле,эми кайсыл абийирим мен апама көрүнөм.Ал билсе мени сойот ,деп ыйын токтотпой шейшепти оронгон боюнча өксүп ыйлап жатты.

—Эч кимге айтпасаң эле эч ким билбейт.Ооба окууңду бүтөөр менен эле сага үйлөнөм ,деп Зинагүлду эптеп сооротту.Башы али да болсо ооруп өзүнө келе албай жаткан Зинагүл ,ыйлап басылды да Маматка наристелик таза бир түнүн бергенине өкүнүп ичпей эле койсом болмок деп өзүн өзү тилдеп жатты .Мамат,, сен азыр жата тур эч жака барба.,Мен анан келип үйүнө жеткирип койом»,деп Зинагүлду көндүрдү.Себеби ушул акыбалда көчөгө чыкса билинип калаары турган иш эле.Көзүнүн шишип кызарганынан баары ыйлаган го деп эле шекшимек.

Зинагүл макул болуп кийинип алып кайра жатып алды да денелери баары ооругандыктан тез эле көшүлүп уктап кетти.

Мамат орус аялга ,,кыз калды эки үч сааттан кийин алып кетем тынчын албаңыз «,деп чыгып кетти .Орус аял жек көрө артынан карап ,сага ушул кыздардын убалы тийсин деп айтып кала берди.

 

УЛАНДЫСЫ БАР…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE