Пример HTML-страницы

Туткун кыз 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

 

3-БОЛУМ

ЭЭН БӨЛМӨДӨГҮ КЫЙКЫРЫК

Камерадагылардын бардыгы чыгып кетишкенден кийин Диана өзү жападан жалгыз калды. Сүйлөшөөр эч ким жок эмнегедир ал өзүн бу дүйнөдө жападан жалгыз калган адамдай сезип кетти. Айланага күүгүм кирип келаткан болчу, бир аз убакыт өткөн соң эшик ачылып толмочунан келген алиги аял баш бакты.

— Эригип жатасыңбы, азыр мен сага эрикпегендей жумуш таап берем. Бас жүрү. Экөө ээрчише кууш коридорго

чыгып, көзөмөлчүлөрдүн эс алуучу бөлмөсүнө барышты. Алиги аял бош чаканы анан пол жууй турган узун жыгачты колуна карматты да буйрук бере сүйлөдү.

 

— Тиги тряпканы ал дагы камералардын бардыгын, коридорду, бул бөлмөнү бүт жууп чыгасың терезелеринен бери чаңын сүрт, тим эле мисилдеп күзгүдөй болуп жалтырап гана турсун. Өзүм келип текшерем эсиңде болсун эгер бир жеринен кынтык тапсам кайра башынан бүт жуудуруп чыгам. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» деген макалды билесиңби, дегеле кыл да көрбөйүн, анда давай приступай!  Аял эшикти ачкан боюнча кетип калды. Диана чакага суу куюп алып адегенде полдорду жууп кирди. Ишти көзөмөлчүлөрдүн эс алуу бөлмөсүнөн баштады. Полдорду жууп бүтүп, терезелерин ным чүпүрөк менен сүртүп кирди. Өзүнөн башка бул хатада дагы бир өзү теңдүү кыз калыптыр. Экөө бири-бирин карап коюшуп ишти аткарып жатышты. Бири-бири менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салган болчу. Терезелерди сүртүп жатып кокусунан стол үстүндөгү

телефондорго көзү түштү. Терезени айнегинен сыртты караса алиги аял короодо бир эркек менен сүйлөшүп турган болчу. Бир нерсе оюна кылт дей түштү дагы акырын коридорго чыкты. Алиги кыз өзү менен өзү сүйлөшө коридордун полун жууп жатыптыр, башка эч ким жок экен. Диана дароо бөлмөнүн эшигин жапты да шашыла телефонго умтулду. Телефонду көтөрүп жанталаша эжесинин номерин алып кирди. Биринчи жолу чалганда телефон бош эмес экен, кайра ордуна коё коюп, терезеге барып айнекти сүртүмүш этип калды. Алиги аял бир нерседен шектене бул жакты карап туруптур. Диана эч нерсе билмексен боло айнектерди сүртүп бүтүп, экинчи терезеге барып шашпастан аны да сүртө баштады. Арадан беш мүнөт өткөндө аялды

дагы бир жолу карап алып кайрадан телефонго жетип келди да эжесинин номерин алып бурай баштады. Бул жолкусунда бош экен, бирок көпкө чейин албай койду. «Бол, бол ылдам, көтөргүлө трубканы» деп Диананын чый- пыйы чыга шаштысы кетип жатты. Бир аздан кийин ары жактан жаш кыздын «алё» деген үнү чыкты.

— Бу ким Айнура сенсиңби?

— Ооба, бу ким?

— Мен Дианамын мамаң барбы?

— Диана эжесизби, каякта жүрөсүз, биз сизди таппай жатпайбызбы…

— Айнура бол ылдам мамаңды чакыр, сени менен сүйлөшкөнгө убакыт жок.

— Мамам кошунаныкына кеткен азыр чакырам, — алиги кыз телефонду таштап, сыртка чыгып кеткендей болду.

— Ээ Кудай ылдамыраак келсе экен, — Диананын чый-пыйы чыга тигил короодогу аял келип калбаса экен деп тыбырчылап жатты. Бир аздан кийин эжесинин үнү угулду.

— Алё бул ким Диана сенсиңби?

— Ооба, менмин… сөзүнүн аягына чыгарбай ары жактан кандайдыр эркектин колу пайда болуп телефонду иштетпей басып койду. Чочуп кетип карай салса өткөн жолу өзүн сабап, аз жерден зордуктап коё таштаган далдайган эркек экен.

— Сага ким уруксат берди өз алдынча хозяйиничит этип, телефонду алганга! — ал керилип туруп колунун сырты менен чапканда Диана бөлмөнүн бурчуна камгактай учуп барып жатып калды. Катуу соккуга көзүнөн от

чагылыша жер айлан-көчөк, башы эңги-деңги боло түштү. Бир кезде анын узун чачтарынан уучтай кармап өйдө көтөрүп тургузду да алакандары менен жаактан ары эки жолу басып-басып алды.

— Эмне босогону аттай элек жатып эле кожоюн болуп калдыңбы? Бул жактын эрежесин, уставын али окуган жоксуңбу. Кимде ким  улуксатсыз өз билгенин жасаса ал катуу жаза алаарын билесиңби? Азыр хатанын ичиндеги полдорду беш сыйра жууп чыгасың. Сени таң атканча уктатпай иш кылдырам, анан көрөм сенин уруксатсыз өз алдыңча жүргөнүңдү. Ары жактан бир чака суу алып келип пол үстүнө жайната төгүп таштады. Дагы бир чака алып келип төгүп жатканда сыртта короодо турган толмочунан келген аял чуркап кирип келди.

— Дагы эмне болду?

— Эмне болмок эле, мунуң уруксатсыз бул жакка кожоюндук кылып телефон менен сүйлөшүп жатыптыр.

Алиги аял жакын басып келип Диананы жаактан ары басып калды.

— Мен сага эмне дедим эле ыя, эч нерсеге тийбе дебедим беле. Чыныңды айт ким менен сүйлөштүң, эмне деп сүйлөштүң?

— Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, жаңы эле сүйлөшөйүн деп жаткам…

— Сүйлөшөйүн деп жаткам? Азыр текшеребиз, — алиги аял сыртка чыгып кетип бат эле кайра келди дагы колундагы кичинекей тегерек дискетти компьютерге салды. Диананын алиги телефондон сүйлөшкөн сөздөрү жазылып калыптыр.

— Эмне эжеңе чалмакчы болгон экенсиң да. Анан компьютерден баскылап жатып эжесинин кайсыл жерде жашаганын билип алышты.

— Чүй проспектиси № 115 Айзаада, Болот. Эжеңдин аты Айзаада, жездеңдин аты Болотбу, Диана унчуккан жок, — эмне унчукпайсың айтпайсыңбы. Же Болот байкең, Айзаада жеңең болобу?

— Силерге айырмасы кайсы, алар менин тааныштарым болот.

— Бул бейбаштыгың үчүн кандай наказания аларыңды билесиңби. Сен үчүн катуу наказания болот. Бирок бактың бар экен. Шеф келбей турса азыр сенин сазайыңды берет элек. Аял менен эркек өздөрүнчө бир нерселерди шыбырашып сүйлөшө сыртка чыгып кетишти. Диана катуу соккудан денелери ооруп али калыбына келе албай жаткан болчу. Көп өтпөй эле көзөмөлчү аял кайра кирди.

— Бар, бети-башыңды жууп, чачы- башыңды оңдоп, өзүңдүн бөлмөңө жөнө, мен азыр артыңдан барам.

— Далдайган эркек чапканда мурду канап кеткен болчу. Крандагы сууга бети-башын жууп, чачын тарады да өзүнүн камерасына жөнөдү. Алиги кыз дале пол жууп жатыптыр. Экөөнүн көздөрү бир саамга бири-бирине чагылыша түштү.

— Менин атым Албина, сеникичи?

— Диана.

Экөө башка эч нерсе сүйлөшкөн жок. Анткени ары жакта көзөмөлчү аял келе жаткан болчу. Ал Диананын артына камерага кошо кирди. Кроватка чүпүрөктөрдү ыргытып койду.

— Ме чечин дагы алдагы ич кийимдерди, турсини анан алдагы көйнөктү кий.

Диана суроо берген жок, айтканын жасады. Косметиканы анын колуна карматты.

— Ме бобулар менен оозу-башыңды боё. Бобул духилерди себин .Азыр шефке барабыз. Көзөмөлчү аял өзү да жардамдашып Диананы жасандырып жиберди да «жүрү» деп кайдадыр ээрчитип жөнөдү. Жолдо баратканда ага акыл- кеңешин айтып баратты.

— Биздин шефибиз жакшы адам, ага ар дайым жылмайып жооп берип, бардык айткандарына макул бол. Ачуусуа тийип алба анда эле балээсине калдың дей бер, уктуңбу, уктуңбу деп жатам?

— Ооба.

— Анда ошондой, бейбаштык жасаба. Экөө ээрчише чоң, кенен бөлмөнүн ичине киришти. Бөлмөнүн ичи аябай кооз болуп жасалгаланыптыр. Диван креслодо жашы элүүдөн өтүп алтымышка чукулдап калган толмочуна келген ак чачтуу киши отуруптур. Ал мыскыл жылмая Диананы маңдайындагы диванга отур дегендей колу менен жаңсап көрсөттү. Диана укчукпай анын айтканын жасап, эки санын бириктире, кысына диванга отурду. Ага жоон сандарын көрсөтүп турган кыска көйнөктү кийгизип койгон болчу. Ак чач киши мыскылдай Диананы аяк-башына чейин көпкө карап турду. Жанында турган көзөмөлчү аялга «кете бер, бошсуң» деп ишарат кылды. Тигил түшүндүм дегендей Диананы бир карап алды да акырын сыртка чыгып кетти.

— Кана кызым экөөбүз жакшылап сүйлөшөлү. Сенин ким экендигиң мага жакшы маалым. Жүрү тигил жакка баралы, анан сүйлөшөбүз.  Диананы ээрчитип аркы бөлмөгө алып кирди. Ал жак чоң зал экен. Залдагы узун столдун бир бурчуна ар кандай тамак-аштарды коюп жасалгалап коюшуптур.

— Тигиндей отур, тартынба, өз үйүңдө отургандай эле эркин сезип отура бер. Кайсындан куяйын, коньяк, вино, арак же шампанскийби?  Диана унчуккан жок. Тигил адегенде ага шампан куйду. Алдындагы тарелканы алып ар кандай салаттардан салып аны алдына койду.

— Кана момуну алып жибер. Экөөбүздүн таанышкандыгыбыз үчүн. Баса, айтмакчы Марат Исабеков деген мен болом, бул түрмөнүн кожоюнумун.  Мамлекеттин улуксаты менен салынган түрмө, бирок бул менин менчигим болот. Алдымдагы кызматкерлерим да менин менчик кызматкерлерим. Эгер качып кетсең калаанын кайсы районунун милициялары болсо да сени кармап алышып, кайра алып келип беришет. Так что жердин жети

кабат түбүнө кирип кетпесең эле сени биздикилер баары бир таап алышат. Дагы бир айтчу нерсе биздин бул жактагы мыйзам таптакыр башка, түрмө кызматкерлеринин айтканы силер үчүн закон, аларды кың дебей

аткарышыңар керек. Эгер моюн толгосоң анда балээни өз башыңа өзүң үйөсүң. Кана алып жибер алдагы ичкиликти. Тигил өзү коньяктан куюп туруп тартып жиберди. Диана стаканга жологон жок.

— Мен деген сенден суранбайм, буйрук берем, алдагы стаканда куюлганды алып жибер да, алдыңдагы тамакты же! Бол тез! Анын бакырганынан чочуп кеткен Диана стакандагы шампанды кандайча түбүнө чейин тартып жибергенин билбей да калды.

 

— Алдыңдагы тамакты же, уялба. Диана тарелкага салынган тамактан жей баштады. Көптөн бери мындай тамак жей элек болчу, аябай даамдуу экен. Ак чач киши дагы улам-улам бир нерселерди сурай, аны карап коюп, өзү да алдындагы жайнаган тамактан тарелкасына салып алып жеп жатты. Атайын ушундай жасалганбы шампандын градусу аябай күчтүү экен. Эки-үч стакан коньяк ичкендей Диананын ичи ысып, башы тегеренип чыкты. Ак чач киши аны мыскылдай карай дагы бир стакан шампан куйду.

— Болду ичпейм, — Диана моюн толгоюн деди эле тигил үнүн өктөм чыгара, буйрук бере сүйлөдү.

— Ичесиң, еще как ичесиң, бул жерде менин буйругум эки болбошу керек. Так что давай ич! Диана эч нерсе түшүнбөй, бир нерсеге башы жетпей жатты «Бул түрмөбү, же бардел, сойкуканабы? » Аны күчкө салып дагы эки стакан шампан ичирди. Ушул үч стаканга эле башы тегеренип кадимкидей мас болуп калды. Бет

маңдайындагы ак чач киши коньяктан үстөккө-босток ичип, тамактан өлүп бараткандай жеп жатканын көрүп турду, анан бир стакан коньякты тартып жиберди да оозу-башын чүпүрөк менен сүртүнө ордунан козголду.

— Болду жетишет, жүрү тиякка, пара уже!

— Каякка?

— Каякка болмок эле тигил бөлмөдөгү диванга. Ме андан көрө бобул стакандагыны тартып жибер өзүңө жакшы болот.

— Жок ичпейм.

— Өзүң бил. Анда жүр кеттик тиякка!

— Ал жакка барбайм!

— Эмне-ее, ещё как барасың!

— Мен деген али кызмын.

— Мага ошол керек, бас жүрү.

Диана моюн толгоп ордунан турбай койду эле ак чач киши ага болбой сүйрөп жөнөдү. Чоң диван- кроват турган бөлмөнүн ичи кызыл түстөгү жарык экен, атайын жасалгаланса керек. Диананы сүйрөп барып диванды көздөй ыргытып жиберди. Жанале жылмалаңдап турган киши эми жолборстой күркүрөгөн зөөкүргө айланды. Бир нерселерди сүйлөнө үстүндөгү кий ими-баштарын туш келди ыргытып кирди. Анан Диананы кармайын деди эле ал диванды айлана качты. Эшикти ачып сыртка чыга качмакчы болгондо босогодо турушкан

далдыйган эки жигитти сүзүп кайра артка кетенчиктеди. Тигилер кайра эшикти сыртанан жаап коюшту. Ак чач киши да бир топ кызып калган болчу.

— Качпа, каякка качасың. Азыр качсаң кийин артыман чуркайсың, анда мен да сени карабай коём. Кызыл жарыгы бар чоң бөлмөнүн ичинде экөө ары-бери кууша мышык-чычкан ойноп жатышты. Чычканга өлүм, мышыкка оюн дегендей Диана канчалык жанталашып качкан сайын ак чач киши жыргап каткырып күлүп, жаш

балача ар кандай үндү чыгарып тигини кууп жүрдү. Бир кезде аны кууп жетип шап эле белден кучактады да диван-кроватка көтөрүп урду. Диван үстүндө кармаш көпкө созулду. Диана да колдон келишинче каршылык

көрсөтүп туруп алды. Бир маалда абышканы беттен чапчый алдынан суурулуп чыгып кетти. Ак чач абышка эртеден бери кармашып жатып алы кетип, чарчап калган болчу. Күшүлдөй-бышылдай ордунан араң турду.

— Бадрачи-ии! — деп катуу кыйкырганда сыртта турушкан эки далдайган жигиттер дароо кирип келишти. Аларга башын ийкеп Диананы көрсөттү эле алар дароо эле эки колдон кармашып Диананы чалкасына диван-кроватка жыгышып эки колун, эки бутун эки жакка кере таңып ташташты. Кожоюнду бир карап коюшуп кайра

сыртка чыгып кетишти. Бир аз эс алган алиги ак чач киши ырсалактай басып келип жырткычча болгон күчү менен алдындагы байлануу кыздын көйнөктөрүн тыткылап айрып кирди. Анан өз билгенин жасай баштады.

Кыздын ачуу чаңырыгы берки бөлмөдө турушкан экөөнө кадимкидей угулуп жатты. Бир сааттан кийин чачы-башы уйпаланган ак чач киши чыкты. Эми кезек силердики дегендей тигил экөөнө башын ийкеп койду да артын карабай чыгып кетти. Араң турушкан экөө биринен-бири өтүшө бөлмөгө атырылган боюнча кирип кетишти. Арадан эки саат убакыт өткөндө Диана эс-учу жок өзүнүн камерасыдагы кроватында сулк жаткан болчу. Шампанга бир нерсе кошулганбы айтор Диана таң атканча көзүн ачпай сулк жатты. Бака-шака түшкөн үндөн ойгонуп кетип көзүн ачса Зулфия менен Саулемди алып келишиптир. Таң атканча укташпагандыкыбы

экөөнүн тең көздөрү кызарып, өңдөрүндө аябай чарчаганы билинип турат. Диананын уйпаланган чачтарын, жаңы ич көйнөктөрүн көрүп тигилер дароо эле билип коюшту.

— Эмне кечөө тоесть түндө кожоюн келдиби?

Алардын суроосуна Диана жооп бергендин ордуна ыйлап жиберди, түндөгү зөөкүрлөрдөн көргөн кордугун чыпчыргасын коротпой айтып берди. Үчөө кабактарын карыш түйө унчугушпай олтурушту.

— Эми чындап ишенген чыгарсың, бул түрмө кандай экенин, — Саулем ага кайрат бере сүйлөдү, — эч нерсе эмес биз дагы бул тепкичти басып өткөнбүз. Бул жакка экөөбүз тең эле кыз боюнча келгенбиз, сен көрөлек кандай гана азап- тозокторду баштарыбыздан өткөрдүк. Али биз көргөн кордуктун чекесин да көрө элексиң. Түндөгү болгон зөөкүрдөккө чыдай албай ыйлап жатасың, керек болсо биз андай кордукту күндө көрөбүз. Байтал элең, сен эми мындан ары үйүргө кошулдуң…

— Үйүрүң эмне?

— Эмне болмок эле, мындан ары сен да биздин топ менен түн ичинде чогуу кетесиң да эртең менен кайтып келесиң.

— Силерди каякка алып кетип атат?

— Өткөн жолу эле чет-чеберин айтып түшүндүрбөдүк беле. Бизди жыргатканы алып кетип атат дейсиңби, чет элдиктер менен бай адамдардын уйпаландысы, эриксиз күңү болобуз. Өздөрүнүн сауналарына алып барышып бизди алар бир түнгө сатышат, чоң акчага.

— Бул деги өкмөттүн мыйзамдуу түрмөсү эмес экен, качып кетпейсиңерби бир ыңгайын таап?

— Ой бай аны угузба эч кимге. Мындай сөздүн чет-чеберин угуп калса эле ишиңдин бүткөнү. Баса, качып кайда барасың, көчөнүн ар бир булуң-бурчтарында булардын кишилери жортуп жүрүшөт, кармап алышып кайра алып келишет, же жөн гана көзүңдү элге билгизбей тазалап коюшат. Өткөн жолу Наташа деген орус кыз жоголуп кетти го, аны кантип дайынсыз жоготушканына күбө болуп өз көзүм менен көрбөдүмбү. Тээтигил бурчтагы чоң үйдү көрдүңбү, ошонун ичинде чоң темир жащик бар экен. Менин оюмча ошонун ичинде кислота бар окшойт. Айтор кандайдыр бир суюктук бар. Бул жактын мыйзамына баш ийбей

бараткандарды ошол суюктукка салып жиберишет экен, дененин эч нерсеси калбай эрип кетет, — Саулем колунун сөөмөйүн көрсөттү, — көрдүңбү бул колумдун сөөмөйү жок, бир жолу байкабай бул эмне болгон суюктук деп колумду малып жиберип минтип сөөмөйүмдөн ажырап калбадымбы.  Муну эч кимге билгизбей жүрүп араң айыктырдым. Ал эми Наташаны болсо ошол жакка кечке жуук алып барышканын көргөм. Шефтин бөлмөсүн тазалап жаткам. Эч ким жок болчу, эмне кылышар экен деп атайын барып аңдыдым. Лөкүйгөн үч-төрт эркек адегенде аны жыпжылаңач кылып чечиндиришти дагы кезек менен зордукташты. Андан соң эки колун, эки бутун байлап туруп, өкүртүп- бакыртып ошол челекке салып жиберишти. Байкуш Наташа бир- эки жолу акыркы күчү менен туйлап алды дагы ошол бойдон көздөн кайым болду. Алиги жигиттер боркулдап кайнап аткан сууну тынчыганча жыйырма мүнөттөй карап турушту. Качан гана көбүрүп-жабырган суу тынчыганда темир союл менен ичин текшерип көрүшүп, бүттү дегендей бири-бирине баш ийкеше кетип калышты. Ошодон кийин ал дайысыз жоголуп кетти. Жаш кыздардын көздөрүн кантип тазалап коюшарын билип калдым, көрсө көз ачып жумганчалык эле убакыт экен да. А сен капкайдагы качуу тууралуу сөздөрдү айтасың, тигилер бул сөздү угуп калышчу болсо жөндөн жөн гана сени кислотага салып ээритип жиберишет, эч ким билбей да калат. Качуу тууралуу ойду мээңден алыс ыргыт, эгер жашагың келсе. Бул жактан бийик

дубалдан сыртка чыгып кете албайсың, ал эми тигил жактардан болсо катуу көзөмөлдөсүң. Бул жактын эрежесин бузсаң катуу наказания аласың, адегенде катуу эскертүү берилет, экинчи жолу кайталанса анда ишиңдин бүткөнү, тиги дүйнөгө барып кайра келесиң, тим эле Кудайга үнүңдү жеткирет. Экинчи нарушение жазагыс болосуң.

 

Кичине камеранын ичи тымтырс болуп калды. «Баары бир кандай болсо да качам, мындай кордукка, мындай жашоого чыдай албайм», — Диананын мээсинен ушул ой кетпей туруп алды.

 

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE