Пример HTML-страницы

Туткун кыз 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

5-БОЛУМ

 

РАЗВОД»

 

— Сени уже пора үйүргө кошконго, эртеңден баштап «разводко»  чыгасың. Хватит, уже жарым айдан бери семирип кеттиң окшойт, эч нерсе кылбай бекер тамак ичип, -көзөмөлчү аял Дианага разводдун жол-жобосун түшүндүрүп жатты. Аны күнү-түнү уктатпай уставдардын бардыгын уктап жатып ойготкондо жаңылбай айта тургандай кылып жаттаттырган болчу.

— Мына, эми развод кандай экенин чыныгы түрмө жашоосу кандай экенин өз көзүң менен көрөсүң, — Саулем мене Зульфия Диананы чыдай алаар бекенсиңби дегендей сынай карап турушту. Мындай кордукка, бул жашоого чыдай албай өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө аракет жасагандар канча дейсиң. Түнкүсүн өздөрүнүн кроватына асынып өлүп калгандар да болгон.

— Мени анчалык коркутпагыла башка салганды көрөбүз, көпчүлүк менен аралашып өз турмушубуз менен өзүбүз күрөшөбүз. Мен андай слабак кыздардан эмесмин,

— Диана чыйрала башын көтөрүп тигилерге тике карады. Эртеси кыздардын бардыгын залга кийирип он бештен кылып алты топко бөлүштү. Диана баш болуп жаңы келген үч кызды биринчи топко кошту. Ар бир топто үчтөн көзөмөлчү аял турушат экен. Дагы бери жакта окшош кийинишкен он эркек, беш аял бир катар болуп кыздарды карай тизилип турушту. Кыздарга көз жүгүртө Диана башын чайкап койду, анткени көздөрү бакырайган жалаң мөлтүрөгөн сулуу жаш кыздар экен. Саат төрт болгондо сырттан өзүнүн артынан эки-үч кишини ээрчиткен түрмөнүн кожоюну, курсагы чыгып турган, бетинде богочу салаңдаган алиги Дианага тааныш киши кирди эле бардыгы ордуларында катып калышты. Бирөөсү барып кадимки армиядагыдай алдын тосуп чыгып рапорт берди. Диана аны ушунчалык жек көрүү менен карап турду. Тигил ага көңүл да бөлгөн жок.

— Бардыгы жер-жерлерге бөлүндүбү?

— Ооба.

— Жаңы кошулгандарды кайсы группага коштуңар?

— Экинчиге, Ташкенге… Ташкени эмнеси Диана анча түшүнгөн эмес. Кийин жолдо баратканда укпадыбы он беш кызды Ташкент тарапка алып баратканын.

— Анда разводду баштай бергиле!

Тигинин буйругу менен бери жакта тизилип турган аялдар чачыраша ар бир кыздан уставдарды,  эрежелерди сурап, кайсыл жакка барышарын айтып түшүндүрүп киришти. Диана баш болгон он беш кызды үстү чүмкөмө машиненин ичине отургузушту да каяккадыр алып кетти. Чүмкөмө машиненин ичи темир тор менен экиге бөлүнүп, алды жагында жыйырма кишилик арт жагында он кишилик орун бар экен. Алды жагынан он беш кыз

орун алды, арты бөлөк орунга жети көзөмөлчү төрт эркек, үч аял отурушту. Машиненин терезелери кичинекей анан бийик жерде болгондуктан каяк тарапка баратышканы, канча жол жүрүшкөнү билинбейт, анын үстүнө

бери жактагы көзөмөлчүлөр терезеден сыртты кароого тыюу салып ташташкан. Бардыгы ичи караңгы чүмкөмө машиненин ичинде унчукпай кетип баратышты. Диана көпчүлүгүн өңдөрүнөн тааныганы менен аттарын билбейт болчу. Мындайга далай жолу барып көнүп калышканбы, бардыгы эч нерсе болбогондой уктаганы уктап, үргүлөгөнү үргүлөп, кээси өзүнчө ойго чөмүлө кетип баратышат.

— Ташкентке чейин дагы канча сааттык жол? Диананын суроосу жоопсуз калды, ар ким өзү менен өзү болуп баштарын жерге салып отурушат, бири-бирлери менен иштери да жоктой көрүнөт. Диана унчукпай калды. Күндүзгү «разводдогу» алиги өзүн зордуктаган түрмө кожоюнунун сөзү кулагына жаңырды. «Силер деген бул жакты беркиндей мамлекеттик түрмө деп ойлобогула. Камеранын ичинде эле отурганыңар болбосо эмнеден жетишпей жатасыңар. Ичкен тамагыңар Кудая шүгүр жаман эмес, кийимиңер бүтүн, эркектерге

муктаж эмессиңер, жүргөн- турганыңар ресторан, кафе, бар, сауна кыздардын бардыгында эле мындай жашоо боло бербейт. Силерде деген мындайча айтканда райский жашоо да. Тагдырыңарга арман кылбай, мындай жашоого кубанышыңар керек. Эгер беркиндей түрмөдө болсоңор же тамактан жок, түзүк да кийине албай, эркектерден көзүңөр өтүп жүрмөксүңөр. Ушуга тобо деп жашай бергиле». «Сволочь десе, ушуга тобо деп жашай бергиле деп койгонун кантесиң. Бизди көрүнгөн эркектердин алдына уйпалаттырып салып бери, алардан түшкөн акчалардын убайын өздөрү көрүп жатышкандыктары менен иштери жок. «Алдаса болот жаш башты» деп жалаң жаш кыздарды алдагысы келип атат го. Анын арамза сүйлөп жатканын ар бир акмак билет, тил гана жок да, тил болгондо бардыгын бетке айтып- айтып таштайт элек. Тим эле бизди акмак көрөт». Диана өзүнчө ойлонуп келатып уктап кетти. «Түшкүлө, жеттиңер» деген үнгө бардыгы жапа тырмак ойгонуша ордуларынан козголо башташты.

— Уже Ташкенге жеттикби? — Диана жанындагы кызга акырын шыбырады.

— Ооба, унчукпа, тигилерден токмок жейсиң.

Бардыгы түшүп бүткөн соң кадимки солдаттарды тизгендей эки катар кылып тизди да дагы бир сыйра мал санагандай сөөмөйлөрү менен санап чыгышты. Кандайдыр бир бийик дарбазалуу короонун ичине киришиптир.

— Жүргүлө, артымдан баскыла! — деп жергиликтүү бейтааныш аял алдыга басып жөнөдү эле кыздардын бардыгы унчукпастан анын артынан ээрчишти. Короо ичиндеги үй эки кабаттуу кадимки жатаканалар сыяктуу үй экен.

— Мынакей силерге смена келди, кана силер жөнөгүлө Бишкекке! Ары жактан топураган кыздар биринин артынан бири ээрчише сыртка чыга башташты. Жаңы келгендер менен баш ийкешип учурашып коюп жатышты. Көп өтпөй эле алар алиги чүмкөмө машинеге отурушуп дароо короодон чыгып келгендерди төрт-төрттөн кылып бөлмөлөргө бөлүштүрүп жатты. Бул бөлмөлөр тигил жактын түрмөсүнө караганда түзүгүрөөк экен. Терезелерин гана темир тор менен тордоп салышыптыр, сыягы качып

кетишпесин дегени го. Бир аял менен бир эркек колдоруна кичине китепче алып алышып, ким кайсы бөлмөдө жатканын тактап жүрүштү. Чыгып баратышып эскертип кетишти.

— Тигил шифонердин ичиндеги өздөрүңөргө жаккан көйнөктөрдөн тандап кийгиле дагы оозу- башыңарды, кашыңарды боёп, чачыңарды оңдоп, бетиңерге упа, крем жабып даяр болуп тургула. Биз кандай көрсөк ошондой алып кетебиз. Давай турбагыла даярдангыла, — экөө сыртка чыгып кетишти дагы эшикти сыртынан кулпулап салышты. Диана бул түнү калабыз го деп ойлогон, жол жүрүп чарчагандыктан тигил кроватка

жаткысы эле келип турду. Мурун келип жүрүп көнүп калышканбы, жанындагы кыздары дароо шифонерди ачып, өздөрүнө ылайыктуу кийимдерди тандай башташты. Түрмө кийимдерин чечип өздөрү тандап алган көйнөктөрдү кийишкенде, таптакыр эле башка кыздардай болуп калышты. Көйнөктөрдүн баары жоон сандарын, төштөрүн көрсөтүп, денелерине жабышып турган кыска көйнөктөр экен.

— Эмне жалдырап турасың, тигил көйнөктөрдөн алып кийинбейсиңби же аны да биз кийинтелиби, — жанында турган бир кыз Дианага адыраңдап бир тийди эле экинчиси аны тыйып койду.

— Койсоңчу, ал бүгүн биринчи эле күн чыгып атат, али эч нерсени көрө элек да, эч нерсени биле элек.

Бардыгы кийинип бүтүшкөн соң кезек менен күзгүгө отуруп алышып бети-баштарын боеп, кадимки сахнага чыгуучу артисттердей болуп жасана башташты.

— Та-ак, бул үчөөнү барга алып кет, бешөөсү ресторандагы кишилер менен иштешет. Экөөсү мейманканага кетет… Диана кошулган беш кызга кайрылды.

— Ал эми калган бешөөңөр болсо саунага барасыңар. Как раз чет элдик кишилер келишти саунага жуунушканы, ошолордун карамагында болосуңар. Кыздар четинен кетип азайып отурушуп бешөө гана калышты.

— Силер тигил отургучка отуруп күтүп тургула, азырынча тигилер өздөрүнүн сунуштарын айтыша элек. Биз барып сунуштарыбызды айтабыз, эгер макул болушса силерди келип алып кетебиз.

— Бешөөнү чоң бөлмөгө сыртынан бекитип камап кетишти дагы кайдадыр жөнөп кетишти. Мындайды далай баштарынан өткөрүшкөнбү, берки кыздар дароо эле бош отургучтарга отурушту дагы кыйшая үргүлөй кетишти. Отурганга орундук жок болгондуктан Диана туруп калды. Бири-бирине эч кимиси көңүл бөлүшкөн жок, кээ бирлери кыйшайган боюнча уктай башташты. Диана тикесинен турган боюнча бир орунда таш болуп катып турду. «Кызык, бул жакка кантип бизди алып келишти болду экен. Жолдон бир дагы гаишниктер же таможниядан бир дагы киши буларды токтотуп текшеришкен жокпу. Же аларга акча берип турушабы, же алар булардын тааныштарыбы? Албетте, бир айда эки-үч жолу өтүп атышса тааныш деле болуп бүтүп калат да. Айлалары кетсе бизди алардын койнуна салып берип кутулушат да…»

Бир аздан кийин короо ичине машиненин кирген үнү угулуп эшик ачылып, үч эркек кирип келишти. Бирөөсү орой буйрук бере сүйлөдү.

— Кана тургула ордуңардан, кеттик! Кыбырабай ылдам, тез!

Бардыгы ордуларынан козголуша сыртка чыгышты.

У.б

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE