Бакыт алып келбеген байлык 1-бөлүм
Байлык, мал дүйнө, даража, бийлик, акча…. Инсандын бактылуу жашоосуна булар керек болгондо, анда дүйнөдө бактысыз адам болмок эмес… Бул жашоодо баарын акча чечип калганда анда дүйнөдө мээрим, сүйүү, адамгерчилик өзөгү менен жоголот. Ансыз деле бүгүнкү күндө акча чоң роль ойноп жаткан кез. Акчасы бар сүйлөй алат, акчасы барга бардыгы мүмкүн. Жада калса кылмыш кылса да акчалуулар жазаланбаган заман. «Заман бузулду» — дейбиз баш чайкап. Жоок! Чынында заман ошол бойдон. Баягы күн, түн, асман. Ай менен күн мурункусундай эле алмашып өз кезеги менен. Жылдыздар да ошол бойдон. Анан кайсы заман өзгөрөт? Азыр адамдар, азыр биз пенделер өзгөрдүк. Илгеркидей ток пейил коңшулар жок. Бапырап чай үстүндө сүйлөшүп болгонун тең бөлө жеген тууган жок. Азыр баары өзү үчүн жашайт, өз очогуна күл тартат. Эмнеге дейбиз кээде? Качан мынтип өзгөрүп кеттик? Кантип өзгөрдүк? Эмне себеп? Адамдардагы болгон сайын болсун деген ач көздүк себеп дээр элем. Акчанын кулуна айланып не деген баалуулуктарды, салттагы нарктуулукту жоготуп баратабыз. Акчалуу болгон сайын адамгерчилик, сый — урмат өз ордун жоготуп баратат. Акчалуу болдук бирок мээримсиз таш боор адамга айландык. Акчалуу адам болуп, бактысыз инсанга айландык. Ар дайым эле акча бакыт алып келе бербесин укканыбыз, билегенибиз менен мунун маанисин, бул сөздүн чындыгын башыбызга келгенде аңдап жетет окшобойбузбу? Чыныгы бактылуулук эч качан акчага сатылбасын ошол акчаны жыйнап алып бирок бактысыз калганда түшүнөт экенбиз…
Бул чыгармамдагы тагдырлар дал ушул акча, байлык артынан сая кууп түшкөн адамдар жөнүндө. Бакытты акчадан издеген адамдын жашоосун чыгарма менен сиздерге тартуулайм… Акча үчүн кандай деген күндөрдү көргөндүгүн, эмнелерди курмандыкка чалып, бул тирүүлүктүн тозогунда жашап акыры ошол өзү самаган байлыкка жеткендиги жөнүндө чыгарма сиздерди кайдыгер калтырбайт деп үмүт кылам. Каарманыма тапкан байлыгы менен мал дүйнөсү бакыт алып келдиби? Тапкан акча менен акыры бактылуу боло алабы?
Алдыда сиздер менен күбө болобуз…
*******
1-БӨЛҮМҮ…
Башы…
Жүрөгү көөдөнүн жарып чыкчудай дүкүлдөп согуп жатат. Ролдо баратып улам артына кылчактап карап коёт. Кудум артынан жоо куугандай унаасын зымырата айдап чоң жолдо баратты. Мындайда жолдун узундугу ай. Деги жетпей коёт. Капкараңгы түндө жолдо өзүнүн унаасынан бөлөк кыбыраган жан жок. Жада калса бирин серин үруп калчу жолбун иттердин үнү да бүгүн угулбайт. Ааламды өз нурлары менен жарытып турган айдын да булуттар арасына жашына калганын карасаң. Бир шумдукту көрбөйүн деген го сыягы. Бул түн өзгөчө сүрдүү, өзгөчө сырдуу сезилди Азизге. Шалдырап араң жүргөн унаасы менен айылга кирип келди. Айыл эли кызуу уйкуда мемиреп уктап жатат. Эми гана ар бир үйдөн үрүп чыккан иттер көрүнө баштады. Бирок Азиздин жүрөгү дагы эле түрсүлдөп кагып өзүнө келе электей опкоолжуйт. Үйгө жетип эскирген каалгасын кыйчылдата ачып короого алып кирип токтотту унаасын. Демейде унаасын короого алып кирбеген күйөөсү түн жарымда үйдүн алдына чейин алып кирип токтотконун сезген Самара үстүнө курмөсүн илип уйкулуу көздөрүн ушалап сыртка чыкты. Азиз унаанын ичинде унаасын да өчүрбөй бир чекитти телмире тиктеп олтуруптур. Акырын унаанын жанына келди. Жубайынын жанына келгенин байкаган да жок. Ошол телмирген бойдон ролду бекем кармап олтурат. Унаанын терезесин черткиледи аялы. Селт эте чоочуп кетти. Алайган көздөрү кудум бир арбакты көргөндөй коркуп калыптыр.
—Эмне чоочутасың? — деди унаасынын эшигин ачып титиреген үн менен
—Сага эмне болду? Өңүң кантет? — деген Самара күйөөсүнүн кубарган жүзүн көрүп чоочуп кетти.
—Эмне болуптур? — деген Азиз да колу менен жүзүн кармалап жиберди. Оюнда жүзүндө кан тийип калган деп.
—Мынча бозоруп кеткенсиң? Алдыңдан албарстыны көргөнсүп.
—Чарчадым! — деген Азиз үйгө кирип кетти. Артынан кирген аялына акырын шыбырап сүйлөдү.
—Балдар укташтыбы?
—Түндөн ооп баратат, уктабаганда эмне кылмак эле? — деген Самара таң кала жооп берди.
—Чай ичесиңби сен?
—Чайыңды кой, жүрсөң мындай, — деген күйөөсү сыртка чыгып кетти. Артынан Самара ээрчип жөнөдү. Тээ короосунун башында жайгашкан эски мал байлоочу сарайына келишти.
—Эмне мал алып келесиңби азыр? — деди Самара түшүнбөй күйөөсүнө карап.
—Бул жака балдар келбейт э? — деген күйөөсү аялынын сөзүн укпай эле мал сарайды айланта карап жатып сүйлөдү.
—Кыйраткан малдарың болгонсуп айтасың да. Балдар не келмек эле бул жака, — деген Самара күйөөсүн жактырбагандай мурдун чүйрүдү.
—Түн жарымда эмне алып келдиң бул жака?
—Акырынчы?! — деген Азиз колундагы жер казган күрөк менен мал сарайдын бурчун чукуп жатты.
—Бекиткен алтының барбы? — деди аялы ансайын какшык аралаш мазактуу күлүп. Бир убакта күрөгүн ары жака ыргыткан Азиз Самаранын алдына келди да
—Негизи сени көмүп салса деле сооп бул жерге, — деп сүйлөп басып кетти.
Самаранын колдору калчылдап кетти. Күйөөсүнүн ачуулуу жүзүн, көрүп орунсуз тамаша кылып алганын түшүндү. Бир аздан соң формасын кучактап акырын эки жагын элеңдеп карап келди Азиз.
—Муну кара, — деди формасына оролгон кара дипломатты көрсөтүп
—Бул эмне?
—Байлык! — деген Азиз дипломатты ачты. Анда катары менен тизилген пачка доллар акчалар турган. Самара мындай акчаны өмүрүндө көргөн эмес. Мунун доллар экенин да түшүнбөйт болчу бул аял. Бирок чоң сумма экенин билди
—Кайдан алдың?! — деди көздөрү алайып колу менен оозун жаап
—Таап алдым!
—Эмне көчөдө жатыптырбы?
—Ушундай акча көчөдө жатчу беле?
—Анан?
—Таптым дейм! — деди Азиз аялын жекире карап.
—Эсиңде болсун! Бир жан билбесин акча тууралуу! Бирөөгө эле айтсаң өлдүк дей бер. Азырынча муну ушул жака көмүп көз салып турабыз. Өзүң кайтарасың. Жоголсо башың менен жооп бересиң! — деди Азиз аялына сөөмөйүн кезеп.
—Азиз айтчы бай болгур кайдан мынча акча?
—Бир айдан ашык күтөбүз тынч. Жиги билинбей бүт жак тынч болсо анда акырын четин чыгарып иштетебиз, — Азиз аялынын сөзүн укпагандай дипломатты жерге көмүү менен алек сүйлөп жатты. Колдору кадимкидей калчылдайт. Экөө үйгө келип жатышты. Бирок уйку келсечи мындайда. Мынча акчалуу болгон адамда не деген сезимдер болоорун башына келген адам гана түшүнбөсө… Коркуу, кубаныч… айкалышкан карама — каршы сезимдер…
Акчаны алгач көргөндө экөөнүн тең денелери титиреп, муздак тер чыгып жүрөктөрүн коркунуч ээлеп алган болсо эми акчаны ойлогон сайын баягы коркунуч жоголуп көкүрөктөрүндө кандайдыр бир менменсинүү пайда болуп бараткандай. Азиздин кыялдары алыска учту. Мына баягы дайым досторунан артта калып жүргөн өзү эң кымбат унаа минип, үйүн заңгырата оңдоп койгон. Баары муну сыйлап, барган жеринде төргө өткөрүшөт…
Ээхх десең акча эмнени гана кыялдантпайт дейсиң? Аның сыңарындай Азиз да, Самара да өз кыялдарында ушунчалык бактылуу болуп жатышты. Экөө тең ойгоо, үнсүз өз ойлору менен алек …
Бир убакта бактылуу кыялдарына баягы жардам сурап шыбыраган аялдын бакырайган көк көздөрү аралашып кетти. Суранган, жалбарган көздөр…
Азиз ордунан ыргып турду. Жүрөгү дагы лакылдап согуп баштады.
—Эмне болду? — деди Самара күйөөсүнүн желкесине колун коюп.
—Суу берчи, — дегенге араң жарады.
—Эртен тиги айылдын башындагы Зуура энеге барып дем салдырып келчи өзүңө, — деди аялы чыныдагы муздак сууну сунуп жатып
—Ошентет окшойм, — деген Азиз бир чыны сууну бир дем менен жутуп алып кайра төшөгүнө жатты. Эрте менен туруп өзүнө дем салдырып келүүнү ойлоп койду. Бирок аны бул абалдан эч нерсе куткара албасын ушул убакта билбейт эле. Жан сыздаткан дарттан, ошол көк көздөрдөн өмүр бою кутула албасын такыр түшүнбөйт болчу..
Уландысы бар…








