Пример HTML-страницы

Таластагы милиция кызматкерлери спорттук таймашта күч сынады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында спартакиада өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спортутк иш-чара Уулу Жеңиштин 78 жылдык мааракесине карата Талас ОИИБдин демилгеси менен Талас шаарында Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо уюштурулду.

Таймашта командалар спорттун 5 түрүнөн ат салышты. Эстафета, гиря көтөрүү, таяк тартыш, футбол жана аркан тартуу боюнча күч сынашты. Спорттук таймаштын ачылышын Талас ОИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев жасады. Ал Уулу Жеңиштин 78 жылдык мааракеси менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады.

Жыйынтыгында 1-орунга милициянын майору Айдар Ботбаев баштаган «Шумкар» атайын багыттагы полкунун командасы жетишти. Ал эми 2-орунду Айтматов ички иштер бөлүмү алса, 3-орунга Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн курама командасы ээ болду. Жеңүүчүлөргө медалдар жана кубоктор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE