Пример HTML-страницы

Сузакта битум чыгаруучу завод курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда битум чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу кечээ, 7-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын айтымында, бул завод Кыргызстандагы битум чыгарган алгачкы завод болот. Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагында мунайды кайра иштетүүчү, ЕАЭБ талаптарына ылайык, АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү жана битум чыгаруучу завод курулуп жатат. Курулуш иштери кытай инесторлору тарабынан жүргүзүлүүдө. «Орис НПЗ» ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан заводдун долбоордук бюджети 255 миллион сомдон ашат. Завод жыл аягына чейин ишке берилүүсү күтүлүүдө.

«Кыргызстанда биринчи жолу Сузак районунда битум чыгаруучу завод ишке кирет. Баарыңыздар билесиздер, битумду сырттан алып келебиз. Кээде битумду күтүп, иш артка кеткен учурлар болот. Облусту битум менен камсыз кыла алабыз деп ойлойм. Бул биздеги жолдорго асфальт төшөөгө өбөлгө болот», — деди ал.

Маалым болгондой, битум чыгаруучу заводдун курулуусу үчүн жергиликтүү бийлик 2 гектар жер бөлүп берген.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Орис Нефти Кайра иштетүүчү Завод» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Ли Ши Мин, түзүүчүлөрү — Ли Син Жиен, Ли Ши Мин. Компания 2022-жылы 6-апрелде каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: чийки нефть өндүрүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE