Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ак-Талаада дене тарбия жана спорт кызматкерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип, сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тайлак баатыр атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жана бир катар дене тарбия мугалимдери менен район акими Жумадилла Жапаров, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев жолугуп, аларды кесиптик күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын, Баетов айыл өкмөтүнүн жана билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары ыйгарылды.

— «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Билимбек Капарбеков Дене тарбия жана спорт департаментинин «Эмгек сиңирген машыктыруучусу» төш белгиси менен сыйланды. Билимбек Капарбеков Калмира Билимбекованы эркин күрөш боюнча машыктырып келет;

— Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы менен райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу;

— Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Иманбек Капарбеков;

— Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ыраазычылык каты менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Моңолдор Абдысатар уулу;

— Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ардак грамотасы менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин бухгалтери Эльмира Сулайманова;

— Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ыраазычылык каты менен Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Таалай Байсеркеев;

— Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ардак грамотасы менен Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Бекназар Абдыласов;

— Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин чарба башчысы Чолпонбек Жамадилов;

— Баетов айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окутуп машыктыруучусу Бекжан Шаршеналиев;

— Билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин техникалык кызматкери Сайрагүл Искендерова жана ардак грамотасы менен аталган мектептин машыктыруучусу Жетиген Тилек уулу сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE