Пример HTML-страницы

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын кызматкерлери чагымчылдыктар күчөгөнүн билдиришти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жетекчиси Бекмурза Эргешовго карата бир катар нааразычылыктарын билдирип чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов жана Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышты.

Ош шаарынын «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ишканада чагымчылдыктар күчөп, 2-3 жылдан бери токтобой жатканын, жумуш менен эмес ушак менен гана алек болуп жатышканын айтышты.

Алар «Мурдагы жетекчинин кадры экенсиң деп кодулап, кызматкерлер арасында бөлүнүү башталып, ынтымак ыдырады» деген пикирлерин билдиришти. Ошондой эле Бекмурза Эргешов бир тууган инисин кызматка алып, мыйзамга каршы келгенин кошумчалашты.

Ал эми ишкана жетекчиси Бекмурза Эргешовдун иниси: «Эгер мен тоскоолдук жаратып жатсам, азыр арызымды жазып кетүүгө даярмын. Бул ызы-чуу атайын уюштурулган», — деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мэрия тарабынан Б.Эргешовдун ишмердүүлүгү боюнча атайын комиссия түзүлүп, иниси убактылуу жумуштан четтетиле турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE