Пример HTML-страницы

Муктарали Матраимов СССР убагында таштап койгон ишин кайра жандантты

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Кара-Суу айылынын тургуну Муктарали Матраимов СССР убагында таштап койгон балчылык бизнесин кайра жандатып иштеп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 4 жыл мурда 15 ящик аары менен иш баштаган болсо, азыр алардын саны 135ке жеткен. 4 жылдан бери жыл сайын 4 тоннага чейин бал өндүрөт. Бирок бул жылы аба-ырайыга байланыштуу 700-800 литр бал алган.

«Мен балчылык менен СССР мезгилинде эле алектенчүмүн. 1985-1987-жылдары совхоздун аарыларын карачумун. Кийин эгемендүүлүк алгандан кийин таштап койдум. Анан кайра 4 жыл мурда 15 ящик аары менен кайра балчылыкты жанданттым. Азыр 135 ящик болду. Ар бир ящиктенг 30-35 литр бал алабыз. Жылда 3-4 тонна алсак, быйыл аба-ырайына байланыштуу аз болду. Анткени жаан-чачын аз болсо, шире аз болот. Аарылар көп шире жыйнай албай калат. Анан жылда балдын 1 литрин 500сомдон сатсак, быйыл 650 сомдон сатып жатабыз. Анткени бардык эле балчыларда абал ушундай, быйыл аз болду. Бал ушул Лейлек районунун бардык аймактарына сатылат», — деди ал.

Муктарали Матраимов бул ишкердикти мамлекеттен жардам же атайын грант албастан өз күчү менен баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE