Пример HTML-страницы

Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары нааразычылык акциясына чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-сентябрда Майлуу-Сууда лампа заводунун кызматкерлери нааразычылык акциясына чогулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Чогулгандар өндүрүштүк мекеменин директорунун алмашканы тууралуу түшүндүрмө талап кылып, айлык акынын кечиккени боюнча маселе көтөрүштү. Аталган заводдун директорунун өндүрүш маселелери боюнча орун басары Нуралы Абдуллаев ушул тапта иш өз нугунда уланып жатканын айтат.

«Бүгүн эртең менен заводдун жүздөгөн кызматкери чогулду. Алар буга чейин башкы директор болуп иштеп келген Виктор Ляховдун иштен алынганы тууралуу түшүндүрмө талап кылышты. Буга чейинки директор өз арызынын негизинде иштен кеткен, анын орудуна мурдагы директордун орун басары Дайырбек Закиров кызматка дайындалды.

Буга чейин завод Каржы министрлигинин балансында болчу. Документтерине өзгөртүүлөр киргизилип, Мамлекеттик мүлк фондунун балансына өткөрүлдү. Мындан улам бир айдан бери айлык акылар өз убагында которулбай, бул жаатта да маселелер жаралды. Бул маселе келерки жумада чечилет. Ушул тапта заводдо жумуш ыргагы өз нугунда жүрүп жатат», — деди ал.

Майлуу-Сууда лампа заводунда 1400гө жакын жумушчу эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE