КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ (18-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ     (18-бөлүм.)

Таң эрте чыккан экөө жолдо сүйлөшүп келе жатышып,Элчи капысынан:-Жан,мен сага Мыздахан некропольун көргөзөйүнбү,мифологияда дал ошол жерде,биринчи адам көмүлгөн дешет.Эң кызыктуусу Назлымхан сулуунун бейити,ал өзү каныша болгон экен,жөнөкөй уста жигитти сүйүп калып,атасы уруксат бербей,экөө курулуп бүтө элек имараттан кол кармашып,секирип кетишиптир,ал жерде азыр,Назлымхан сулуунун, устанын көрүстөнү бар.Элчи кызыктырып экөө,Ходжейлидеги «некропольго» келишип,абдан кыдырышты.Назлымхан сулуунун мавзолейине киришти,айтор жаныбызга биз деле,сулуулардан ээрчитип алсак болмок экен деп,арман кылышты.Некропольдон чыккандан кийин,соолуган Арал деңизиндеги корабльдардын «бейитине» барышты.Мына калдайган сүрдүү кейпи кеткен ко-

рабльдар,ар кай жерде аркайып кө-

рүнүп, даана кургаган деңиз булардын бейитиндей көрүнүп,көр-

гөн адамга бир башкача элести карегине каттырат.Экөө кум кече тээ корабльга барсак дешип арыш таштагандары менен,далайда жетишээрин билишип,артка кайт-

макчы болушту эле:-Элчи,тээтиги-

ни көрдүңбү деп,көз жеткен жерде-

ги тигилген кичинекей туристтер-

дин палаткасын көргөздү.-Жүр,ба-

рып көрөбүз,ал экөө ылдамдай ба-

сып,палатканы көздөй жөнөштү.

Айдалыга төгүлгөн алтын түспөл сары чачтуу,асмандай тунук

көк көздөрүндө от күйгөн,ай нурлуу

аппак жүзүнөн мээрим төгүлгөн,

бир адеми кыз,»өлгөн» корабльдар-

дын сүрөтүн тартып жаткан экен.

Татынакай эки жигитти алмак-сал-

мак карап,учурашып,жигиттер да,

кыз менен тез тил табышышып,таш

чайнекке суу кайнатышып,кофе

ичишип,өзүнчө эс алганы келген-

дердей,эски тааныштардай,сүйлө-

шүшүп,олтурушту.Ниада өзү Фин-

ляндиядан келгендигин,Карелия-

нын борбору Петрозаводский шаа-

рында токой-чарба техникумунда

окуурлугун,Нукустагы «Корабльдар

көрүстөнүн» көрүүнү жана тартууну

эңсегенин айтып,бир жумага келге

нин айтты.-Кантип жалгыз келдиң

дешип,таң калган экөөнө:-Бул жер-

ге канча келдим,бул акыркы кора-

бльды тартып бүтсөм,Хельсинкиде

жеке сүрөт көргөзмөм болот,анан

тоолорду,токойлорду тартып баштаймын,буга чейин бул жерге

адам басып келгенин көрбөдүм.

Сезон убагында гана,чоң автобустар менен туристтер ке-

лишет деди,камырабай.

 

Экөө күүгүм кирген маалда,Ниадага ийгилик каалашты да,эгер каршы иш болбосо,эртең келип,чогуу эс алып,шашлык бышырып жейли деп,маринаддалган этти,мангалды таштап кетишти.

Эртеси эрте турган экөө,Нукустагы чоң базарга келишип,азык-түлүк алышып,каникул учурунда «эркектик»

кылып коёлу деп,арак,коньяк,винодон да мол алышып,тез эле жетип келишти.Ниада адаттагыдай эскиздерин чийип,баш оту менен сүрөт тартып жатыптыр.Билимдүү,жакшынакай эки жигит:-Сен ишиңди кыла бер дешип,шашлыктарын бышырып,заматта дасторконду жайнатып,таанышкандыгыбыз,жолуккандыгыбыз үчүн деп,жүздөн басып олтурушту.Ниада өмүрү спирттик ичимдик ичпегендиктен,тез эле мас болуп,өз тилинде ырдап,бийлеп баштады да,бир маалда жука матрастын үстүнө куш уйкуга кетти.Анын бүчүсү ачылган кофтасынан бөдө-

нөнүн тумшугундай мамагы көрүнүп,аппак балтырлары,келиш-

кен дене мүчөсү,тиги экөөнүн шиле

кейин агызып,арак башын айлан-

дырган Жантөрө анын жанына жа-

тып уйпалап,кызды өпкүлөй башта

ганда,Элчи да,шымын чечип ыргы-

тып,тигилерге кошулду.Алсыз кыз-

дын каршылыгына карабастан,экөө алмак-салмак зордуктап,ичип ал-

ган немелер,болоору болду дешти-

би,каалагандарын жасашты.Улам арактан өздөрү ичип,кыздын оозу-

на куюшуп,адам эмес айбанга айла

нышып,кумардын пастыгына ба-

рышты.Ошентип,кумарлары тарка-

ган экөө,эки жерде сулап калыш-

кан эле.Түн бир оокумда,суусага-

нынан чоочуп ойгонгон Жантөрө,

фонарик менен жарык берип,ко-

лундагы бычакты Элчини көздөй

шилтегени,титиреп карап турган

Ниаданы көрүп,ордунан октой учуп

турду да,колунан бычагын жулуп

алып,кызга шилтеди.Шалак деп,

учуп түштү,кыз жыпжылаңач эле.

Элчини ойготуп,эмне кылабыз деген экөө,көп ойлонушпастан,

Ниадага өзү сүйүп тарткан,корабль

дарынын жанына кумдуу ылай ара-

лашкан чапка көмүп ташташты да,

ал жерде болгон нерсенин баарын

суу жеп кеткен жерге алып барып,

тыптыйпыл көмүп таштап,артын

карабай качып келишти.

Ниада менен келишим түзгөн

таксист аны алып кеткени барып,

палатканын жогун,анын көрүнбө-

гөнүн көрүп,убара кылат деп,ичинен

сөктү да,кетип калды.

 

Элчи менен Жантөрө Нукуска келишти да,эртеси эле Москваны көздөй сызышты.Күндөр өтө берди,аларды издеген да,издеткен да киши болбоду.Бир гана экөөнөн тең уйку качты,сабак башталганы менен экөөнүн тең көңүлү жок.Бир бөлмөдө жашагандыктан,экөө тең бир нерсени күткөнсүп,эшикти бирөө такылдатса эле,өң даалеттен

кетишип,селейишет.Жада калса,жа

рыкты да,өчүрбөй укташат.Айтор,

Ниада экөөнү күн-түн көлөкөдөй га-

на ээрчип,амалдары кетип,иче баш

ташты.Булар окуган факультеттин

деканы Игорь Исаев экөөнү чакыр-

тып,кебетелерин көрдү да:-Окуса-

ңар окугула,окубасаңар «отчисле-

ниеге» кетесиңер деп,ачык эле айт-

ты.»Окуйбуз» деп,убада берген экөө

окуй алышпады,кышкы сессия баш

талган учурда,Элчи мээсине кан

куюлду деген диагноз менен,оору-

канага жетпей жан берип,бир туу-

гандары келип,сөөгүн алып кетти.

Элчи каза болгондон кийин,»Ниада

биротоло,Элчинин ордуна келип,

орун алды»,анын керебетин сыртка чыгарып,ордуна кенже курста окуган бала кирип,түндө бакырып

турган Жантөрөдөн коркуп,эртеси

эле,башка бөлмөгө чыгып кетти.

Кышкы сессиясын тапшыра ал-

бай,деканатка келди да,ден соолу-

гума байланыштуу деп,»академ өргүү» алып,Кыргызстанга кетмек

болду.Билет алган жерде да,Ниада,

нанга барса да,Ниада.Ал түгүл анын көзүнө,аялзатынын баары

Ниада көрүнүп,самолётко отураа-

ры менен,Ниада жанына келип

олтурду.Ал араң жетти үйүнө,уулу-

нун кебетесин көргөн ата-энеси аны,алып барбаган жери калбады.

Анализдеринин баары таза,Токмок

тогу татар молдого алып келгенде

гана,дем салган соң,көпкө чейин

Жантөрөнү карап олтуруп,сага дем

түшкөн жери жок,кан кечип тура-

сың,эми келбей эле кой деди эле,

келмеси оозунан түшүп,артын кара

бай,түлкүчө мант берди.Бир гана

энеси эне жүрөгү менен мамиле жасап,ичинен сызып,баласынын түрпөтүн көрүп,жан дүйнөсү эзилип турду.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️