Пример HTML-страницы

Кыргызстандагы биринчи сериал-коллаборация популярдуулукка ээ болууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЭки ири брендди бир кызыктуу сюжетке бириктирсеңиз эмне болот? Бул суроого Beeline Кыргызстан жамааты кызыгып, биргелешкен чыгармачылык долбоорду ишке ашырышты. Жыйынтыгында өлкөдө теңдеши жок «Супер Аралаш» ко-бренддик веб-сериалы жаралган.

Сериал Бишкектин көчөлөрүндө көп кездешүүчү каармандардын тарыхын ачып берет. Жигит Beeline’дын промоутери болуп иштейт. Кыз — улуттук суусундуктарды сатуу менен алектенген «Шоро эже». Жаштардын көнүмүш күнүмдүк жашоосуна чубалган күтүүсүз окуялар шуулдап кирет.

Бул кызыктуу сюжети, мыскыл жана тамаша сезими менен сүйүү жана кыялдар жөнүндө кооз окуя. Ар бир серия өзүнө тартып, кызыктырып, актерлордун чын жүрөктөн ойногону сериалды жашоодогудай жана көрүү үчүн жагымдуу кылат. Биринчи эпизоддор буга чейин интернетте пайда болуп, оң жоопторду алышкан.

«Биздин компания ар тараптуу жана креативдүү кызматташууга ачык: «Супер Аралаш» мунун ачык ырастоосу. Долбоор Кыргызстандын ири жана таанымал бренддерин жаңы өңүттөн ачып берет. Биздин чыгармачылык кызматташтыгыбыздын максаты — улуу нерселер жөнөкөй нерселерден башталарын көрсөтүү, коомдогу калыптанып калган стереотиптерди жеңүү жана албетте Кыргызстандыктарга позитивдүү эмоцияларды тартуулоо.

«Супер Аралаш» сериалын Instagram соцтармагында Beeline (@beeline_kyrgyzstan) компаниясынын баракчасында көрсө болот. Сериялар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 20:00дө reels форматында жарыяланат жана сентябрь айы бою чыгып турат. Компаниялардын аккаунттарына көз салыңыз. Ошондо сиз окуянын уландысын сөзсүз өткөрүп жибербейсиз. Ошондой эле сериалдардын негизиндеги мини-сынактарга катышып, байгелерди утуп аласыз», — деди Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline: ар бир адам үчүн 25 жыл мүмкүнчүлүктөр!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE