Пример HTML-страницы

Катуу сөгүш алган Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Насыбалы уулу кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 2-августта Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

К.Насыбалы уулу бул кызматка 2022-жылдын август айында дайындалган.

Буга чейин Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн​ 2023-жылдын январь-июнь​ айларына карата​ жыйынтыгы чыгарылып, анда бир катар мекеме жетекчилерине сөгүш, эскертүү берилген болчу. Алардын арасында Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек​ Насыбалы уулу дагы бар. Ага жалпы республикалык тестирлөө боюнча Жумгал районундагы көрсөткүч төмөн болгондуктан катуу сөгүш берилген эле.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE