Пример HTML-страницы

Караколдо кыргыз менен казак акындары 1 млн сом үчүн ат салышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-мартта Каракол шаарында Майра Керим кызынын 60 жылдыгына карата «Төгүлгөн ыры дайра эле, төкмөдөн күлүк Майра эле» аттуу акындардын эл аралык айтышы өтүп жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чара Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору жылдыгынын алкагында өтүп жатат. Ага кыргыздын 12 акыны, казак элинин 4 акыны катышып жатат.

Айтыштын расмий ачылышына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Сулайманов, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Турат Акимканов, Жогорку кеңештин депутаттары катышып, акындарга ийгилик каалап, Майра Керим кызынын таланты тууралуу айтышты.

Башкы сыйлык — 1 млн сом.

Белгилей кетсек, казак жана кыргыз элинин таланттуу акыны Майра Керим кызы 2009-жылы 47 жашында узак оорудан кийин көз жумуп, Тоң районунун Ак-Сай айылында жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE