Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө 196 карыяга акчалай жардам көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында 196 карыяга материалдык жардам берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин «Карысы бардын ырысы бар» аталышындагы бир айлык акция жарыяланган. Анын алкагында шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда турган 100 жаштан жогорку 2 карыяга, 90 жаштан жогору 13 карыяга, 80 жаштан жогору 27 карыяга, жалгыз бой 42 карыяга, 50 жыл бирге жашаган 52 жубайга жана 60 эмгек ардагерине жергиликтүү бюддеттен 99 миң сом каралып, банктык эсептерине которулуп берилди.

«100 жаштан ашкан 2 карыяга 1000 сомдон, калган 194 карыяга 500 сом өлчөмүндө материалдык жардамдар берилди. Ошондой эле президенттен келген куттуктоо баракчасы жана белектер бир кылымдан ашык жашаган эки энеге берилди. Мындан сырткары президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн 2 карыяга 5 миң сомдон акчалай жардам тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE