Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиев «Женго» тууралуу. Видео

Акыркы жанылыктар

Turmush«Женго» бүт Ошту коркутуп алган, деп билдирди бүгүн, 27-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарындагы жолугушууда.

«Прокурору да коркот, милициясы да коркот, ишкерлер да коркот. Керек болсо, «ГКНБшниктер» да коркот. Азыр «Женго» каякта? «Женго» деген, «Женгонун» кланы деген, бандитмин деген, же болбосо өзүмдүн кара күчүмө салып туруп, элди коркутам дегендердин баарын жоопко тартабыз. Эч кандай «ОПГшник», «положенец», «смотрящий», Жалал-Абадда, Ошто, бүт Кыргызстандан тегерегинде болбойт. «вор в законе» дегендер болбойт. Бардыгы жөнөкөй адамдарга иштейт», — деди Ташиев.

12-мүнөттөн баштап көрүү керек

—————————————————-

Turmush басылмасы 2023-жылдын декабрь айынын башында «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов Ош шаарындагы №25 мекемеден Бишкек шаарындагы абактардын бирине которулганын жазган.

—————————————————-

Буга чейин Turmush Кадырбек Досоновго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, материалдар биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлүп, бирок алар Ош шаарынын прокуроруна кайтарышканын жазган.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмыш иштин материалдары Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 23-ноябрындагы токтомунун негизинде айыптоо актысындагы кемчиликтерди жоюу үчүн Ош шаарынын прокуроруна кайтарылган.

Тергөө органы тарабынан Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү) -41 (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) -122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-16-18-пункттары (адам өлтүрүү, адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган) жана 41-122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-16-18-пункттары менен айыпталган.

Сот кылмыш ишинин айыптоо актысы Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 256-беренесинин талаптары сакталып түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу кылмыш ишти прокурорго кайтарып берүүнү туура деп тапкан.

Кадыр Досоновдун жактоочусу сот кылмыш ишинин материалдарын кабыл албаганын ырастап, прокуратурага кайтарылганын айтты. Мындан улам Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Досоновдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча Ош шаардык сотуна арыз менен кайрылган.

Досонов 2023-жылдын 13-январына караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү сабалгандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бири алган жараатынан каза болсо, экинчиси бутунан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Андан кийин милиция массалык кармоо иш-чарасын жүргүзгөн. Кармалгандардын арасында Кара-Суу районунун тургуну, «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов да бар. Аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул кылмышты уюштурууга шектүү катары кармаган.

—————————————————————————

Буга чейин «Баракелде» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновду Оштон алып келүүнү буйруганын жазган. Бул тууралуу ал 2023-жылдын 23-ноябрында парламенттин жыйынында билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE