КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ. (17-бөлүм.)

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ Кызыктуу окуялар.

КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ.   (17-бөлүм.)

Ою онго бөлүнгөн Алмадай байбиче бир нерсени сезгендей,түнү менен эле райондук ички иштер бөлүмүнө билдиртип,мыкты «оперлер» кыздын сөөгүн,айыл тургундарынын жардамы менен тез эле табышты.Ошол эле күнү зөөкүрлөр да колго түшүп,жапжаш өмүр жалп этип,эч нерседен кем эмес,дени сак,үй бүлө күтө элек,билимдүү эки жигит,зөөкүрчүлүктүн азабынан темир торго түштү.

Ой кыялын,максаттарын ишке ашырууну көздөгөнү,ээрчишип Питерге кеткен Айнусканын ата-энесинин кан какшаганын уккан адам жанына чыдап тура алгыс.Бир көчөт өмүр жалп этти,балалык кыялын тепсеп,зордоп,мыкаачылык менен муунтуп өлтүрүштү,адам сыягы жок акмактар.Ошол күнү жаандын төккөнүн айт,аалам ыйлады,наадандардын кылган ишин жууюн деп көпкө төктү,барынан да,Айнусканы жерге берээрде,басыла калганын айт.Көрүстөндөн кайтканда кайра башталды,жумшак жаан,жылуу жан,кудум эле Айнусканын жылуу жүзүндөй,өспүрүмдөр күткөндөй,башкача жаан токтободу.

Зөөкүрлөрдү каргаган калайык,жаанга жүз жууп,ыйлап жатышты.Ал эми,Мирзат менен Бектурдун жакындары «шайтан»ээрчиген акмактар деп,ошол ишти өздөрү жасагандай,Алмадайдын алдына келүүгө батына албай,балдары үчүн,тирүүнүн өлүгүндөй болуп,ары бери өткөн элдин жүзүн карай албай,илкип-калкып чоң көчө менен келе жатышты.

Жантөрө кечке тамдын түбүндө олтурду да,күүгүм кирээри менен шашып,үйгө кирди да,үйдөгү жарыктын баарын күйгүзүп,өзү жатчу керебетке келип кулады.Көзүн бекем жумса деле,көрүнө берди.Көзүн ачса эле,көлөкө маңдайында,жакындан бери,жанынан кетпейт.Акыркы убакта ушунчалык жанын кыйгысы келет,»көлөкөнүн» сөзүнөн коркот,күтүп алам деген.Же өлүү эмес,же тирүү эмес,ичип жейт,жатат,киши көргүсү келбейт.

Чоочун адам көрсө,качат.Жашы отузда,акыл эси ордунда,баарын билет,туят,сезет.Көзү жетет,миллионер атасы мыкты врачтарга,Түркияга,Германияга алып барып келди,бардыгы таза,молдо-бакшыга алып барды эле,»жин»кириптир,чыгарабыз деп,сабап өлтүрүп коё ташташты,уктагандан да коркот.Көзү илинээри менен «Көлөкө» жанында,таң атканча,алпурушат,кыскасы тынчтыгы жок,»жандуу айыкпас дарт» деп,азыр ага энесинен башка киши деле күйүп жаткан жери жок.

Анда кепти ток этээр жерден баштайлы.Жантөрө Ишенаалынын эрке баласы,үч кыздан кийин көрүп,колунда бар неме алчактатып,чоңойткон.Энеси Сарамжал мыкты аял,аста-аста деп,чоңойтуп,орто мектепти жакшы бүтүп,Москвадагы Тимирязев атындагы айыл-чарба Академиясынын агрономия факультетине өтүп,окуй баштаган.Курсагы ток,кийими бүтүн,сабагын да окуйт,келбетти,бойду кудайым аяган эмес,энеси Сарамжал кара көз,кара каш,комуз мурун,ак жуумал,тиштери кынаптап койгон кыштай болгон,турна моюн аял болгондуктан,Жантөрө да,абдан сымбат-келбети төп келген мыкты жигит болгон.Баарынан да,атайын тармалдатып койгондой көмүрдөй кара чачты айт,баары ашык.

Айрыкча,жердештер,кыргызстандыктар чогулушканда,кыздын баары «мен ашык» дешип,далайдын койнунан суурулуп чыкканга да үйрөнүп алган.Экинчи курсту бүтүп жатканда,Каракалпакстандык досу быйыл мени менен Нукусту көрүп кел,эмдиги жылы сени менен барып,Кыргызстанды көрүп келейин деп,ой-боюна койбой,алып жөнөйт.Элчи да,Нукустук мыктынын баласы экен,бараарлары менен,кыргыздарча кой сойдуртуп,конок кылдыртып,эртеси атайы айылдан алыс,аян көлгө алып барып келмекчи болуп,жеңил

машинесине шашлык жасоочу шаймандарын алып,таң заардан жөнөп кетишти.

(Уландысы бар.)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️