КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ. (16-бөлүм.)
Эненин калыстыгы ай,чын эле эненин калыстыгы болбосо,жер шары оодарылып кетээр беле.»Уулум ушул өлүмгө татыктуу,мен актай албайм,итке иттин өлүмү,бөөдө бирөөнү ыйлатпагыла,келиним аны чаң жолдон таап,адам кылып,чоң жолго чыгарган,жылуу төшөк,ысык тамак,жанын кыйнабаган жумуш менен камсыз кылып,кичинекей мончоктой кыздарын аталаттырып,баккан.Уулумдун акмак-
чылыгы үчүн,мени соттогула,мен болсом да,ошентип өлтүрмөкмүн,келинимде кенедей күнөө жок» деп,какшаган энени көргөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери деле,эненин адилеттүүлүгүнөн тайып кете алышпады.Мыйзамдын болгон жерин жарга такап,Таазимди чыгарышты.Айрыкча,Чырактын да,Жийденин да сүйүнгөнүн айтпа,эки кызды балдарды убактылуу камкордукка алган борборго келишип,эки кызды алгандан кийин,»өх» дешип,эне-баладай катташып туралы,мен сиздин кызыңыздай кызмат кылып,энемдей сүйөйүн деген Таазимге,эми сен ал үйдө жашай албайсың,сатып башка үй ал,үй алганыңча,Жийдеш жаныңда болсун деп,Чырак жолуна түштү.Кудайым да,боор оорудубу,шаардын борборундагы үйлөрдөн үч бөлмөлүү үйгө башма-баш алмашкан Таазим менен Жийдештин кубанычтарында чек жок болуп,»кантип барам» деген Таазимди,кыздары менен кошо айылга алып келди,Жийдеш.Эки жумадан кийин,апам да жаңы үйдү көрүп келсин дешип,Чыракты алы-
шып бардыгы шаарга келишти.Ба-
ласы болсо да,балээден кутулган-
дай болгон Таазим,тигил төрт кыз-
ды карап,бак тилеп,келечек тилеп,
ушул жаш көчөттөй кыздарга аңгилик кылган өз баласын ойлоп,
«кагылайын кара жер,жийиркенип
кетип,сөөгүн чыгарып салба,аңги-
нин акыркысы Болгонбай болсун,
пендем десең,энеге мындай кыянаттык кыла көрбө,балам деп,
айткым келбейт,сен эң акыркысы
менин уулумду алып,нары кат.Жаш
балдар,кыздар аңгиден жапа чекпесин деп,басып туруп тилеп
жатты.Эненин тилегиндей бийик
тилек,эненин жүрөгүндөй адилет,
улук эч кимде,тирүү жанда болбосо
керек.Баарынан аты улук эненин
калыстыгын кара,устаранын ми-
зиндей калыстыгын кара,танбаган,
тайбаган калыстык энеден башка кимде бар?Чырактын адилеттүү-
лүгүнө ал учурда ким кандай баа берди ким билет,энеге баш көтөрүп,
эч ким,эч нерсе деп,бетине айта албады.
Эшим менен келинчеги Каным жогорку окуу жайын бүтүргөн жылы,кесиби боюнча эч жерден жумуш табышпады.Учурунда юридикалык факультет кол жетпеген көк жээк болсо,союз кулагандан кийин,козу карындай өскөн ЖОЖдордун бардыгындабул факультет ачылып,бүтө калып сот,прокурор болчудай,кыргыздардын жарымынан көбү,балга конгон аарыдай болуп,контракттык жол менен,ушул факультетти бүтүп алышып,кайда барып иштешээрин билбей,карайлап калышты.ЖОЖдун дипломун кучактап,байпак сатканы байпак,арак сатканы арак сатып,кайра куруунун шарапаты ар кимдин кучагына ар кандай кирди.Элдин жарымы тиричилик кылуу үчүн,жер которуп,чет жерлеп кете баштаганда,Эшим да,Россияга кетүүнү эп көрдү.Алты жашар Айнусканы тайэнесине таштап,беш жыл ээрчишип жүрүшүп,ичпей-жебей чогулткан акчаларына,айылга келип,заңгыраган эки кабат үй салышып,көргөндүн баары:-Байкуштардын маңдай тери,ээрчишип жүрүп,саргара жортуп,кызара бөртүштү.Эми,Канымдын этегинен жалгап,удаа-удаа төрөшү керек да,шыпка шыр түкүрүп жатышы керек дешип,алты-жети жашында калган кызы,бой жетти,байкуш Алмадай кемпир,бооруна басып,зыңгыраган кыз кылды,он биринчи класста окуп калган экен десек,араң эле сегизинчи класста тура.Бала да болсо,тез токтолуп,жылдыздуусун айтпа дешип,Эшимдин эшик алдынан ээрчишип өткөндүн баары,кеп кылбай койбойт,Айнусканын мүнөзү оор,көк беттигиң энеңди тартыптыр,өз каалаганын гана аткармайын,өжөрлүгү кармаса,ишинен май чыгып,беттегенин
берүүчү эмес.Кыз балага көктүк жарашпайт деп,тайэнеси Алмадай канча какшаса да,Айнуска өзүн өзү тарбиялады.Сабагын мыкты окуду,коомдук иштерге активдүү катышып,кыздар арасындагы келишпестиктерди тез эле жөнгө салып,мектепте авторитет болду.
Сөөк-саактуу өспүрүм кызды көр-
гөндөрдүн көзү күйүп,жигиттер жан
дагылары келип,кыз өз баасын,өз
наркын эрте сезди.
Заманга жараша,колунда барлар
кош короо күтүп,мектепте окуган балдары «иномарканын» мыкты-
сын тебишип,чаң көчөнү ызгытыша
же армияга барбай,же акчасы окуп,
өздөрү окубай,айылды үч көтөрү-
шүп,жашоонун оңолгонун,көргөзүп,эл жетилип калды.
«Тамды тамдай бүтүрүп,биротоло эс алалы»деген Канымдын сөзүнө канчалык каршы болсо да:-Апа,Айнуска кымындай кезинде ыйлабай эле калдыңыз эле,эми Айнускаңыз сизди бага турган болуп калыптыр,бир-эки жылда бутка толук турабыз»деген
Каным,эрин ээрчитип,көнгөн Пите-
рине учуп кетти.Ата-энесинин кай-
радан кеткени Айнускага сокку бол
ду.Ого бетер чөгүп,мүнөзү да оорлошо түшкөнүн байкады,кыраа-
кы Алмадай.
-Апа,эски почтого барып келейинчи,интернет магазинден бир нерсе,заказ кылдым эле,тез
эле келем деп,жеңил кийинди да,чачын төбөсүнө чокчойто бай-
лап,чыгып бара жатканын көргөн
Алмадай:-Кадырэсе чоңоюп калган
тура деп,артынан карап турду.Эски почта айылдын башында болгон-
дуктан,эски машина жол менен те-
зирээк барып келмек болуп,чаң жолго түштү.Айнусканын артынан
ээрчий,жандап токтогон Мирзат:-
Айнуска кайда бара жатасың деп
сурап,жооп алган соң:-Түш,алып
барып келейин,бир топ жол да,
деп,машинесинин алдыңкы эши-
гин ачты.
-Машинеңиз»ласточка го» деген
Айнускага:-Сага Мирзат мындан да
жакшысын сатып берет деген үндөн жалт караса,арткы орундук
тун баарын ээлей,айылдагы кыз-
дардын кыялындагы Бектурду кө-
рүп,ал уялып кетти.
Машина чаң жол менен түз эле,
эски көпөрөнүн алдына токтоп,арт
тагы Бектур,Айнусканы артынан куушура кармады,эч нерсеге акы-
лы жетпеген кыз,кыйкырганча оозун алаканы менен баскан Бектур:-Жалдырабай,бирдеме алып
келбейсиңби деп кыйкырды.Бектур
дун колунан жулунуп чыккан кыз
кайтарапка бараарын билбей алаң
дап калды.Жулунуп жатып,карма-
шып,Бектурду жан жерине тепкен
эле,күтүүсүз соккудан көзүнөн от
чагылган неме,ителгидей басып жыгылды Айнусканы.Ал туйлап,
каршылык көрсөттү эле,колун бурап,артка кайрыды да,батинкеси
нин боосун чыгарып бергин деди
Мирзатка,колу чыктыбы же сынды
бы,зыркыраганынан онтогон Айнус
канын алы келбей,эки зөөкүр,уйпа-
лап,иштерин бүтүрдү да,диртилде-
ген алсыз денени карап,саамга ту-
рушту да,Мирзаттын кроссовкасы-
нын боосун чыгарып,муунтуп са-
лышып,иңир киргенде гана,маши-
нанын жарыгын күйгүзбөй,аңыздын асты менен,
көздөн кайым болушту.
(Уландысы бар.)









