Пример HTML-страницы

Баткендеги чек арада кыргыз-өзбек делегациялары жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 13-июлда Баткен районунун Таян айылындагы чек арада Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын Сох районунун акими Сайидбахром Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, демаркациялоо процесси бүткөнгө чейин чарбалык иштерди токтотуп туруу, чек ара аймактарда чыр чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, соода-сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE