Пример HTML-страницы

Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү, жолду каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 27-май күнү саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кокту-колоттордон келген сел Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 үйдүн короосун каптаган.

Андан сырткары Топ-Жаңгак–Кызыл-Көл унаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп, жолду жабып калган деген маалымат түшкөн. Белгиленген аймакка ыкчам топ тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE