Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Нооруз майрамы шаң менен белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттуу иш-чара элдик таланттар, маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, ак элечек апалар «Алас-алас» айтып, элге тынчтык каалашты. Райондун айыл аймактарында да Нооруз майрамы белгиленип, улуттук каада-салттар да чагылдырылууда.

Жети-Өгүз райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаев Нооруз күн менен түн теңелген өзгөчө майрам экенин айтып, элди куттуктады.

Ошондой эле айылдарда кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE